Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Жаңгак теримдин айынан мектеп ээнсиреди


Бош турган класстар
Бош турган класстар

Сузак районунун тоолуу аймактарындагы айрым мектептерде жаңгак теримге байланыштуу окуу үзгүлтүккө учурады.

Жаңгак токойлуу айылдарда түшүм жыйноого мугалимдер, окуучулар жапырт киришип, бирден-экиден мугалим күзөттө калган мектептер болууда. Мындай жагдайдан райондук билим берүү бөлүмү да, милициянын өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору да кабарсыз экенин ырастайт.

Эки корпустан турган бир кабаттуу Төлөгөн Кубатбеков атындагы №44 мектептин биринчи имараты кулпуланып турат. Экинчисинде эки мугалимден башка эч ким жок. Мугалимдер келген окуучуларды беш-алтыдан бириктирип күн сайын үч сааттан сабак өтүп жатышат.

Мектептин окуу иштери боюнча директорунун орун басары Бактыкан Матмусаева буларды айтты:

- Жаңгак сезону башталгандан бери мугалимдер ар биринин үйүнө барып, окуучуларды таппай жатышат. Мындайча айтканда, биз далдалчы болуп калдык. Азыр үймө-үй кирип сураштырсаңар, жаңгак терим бүткөндө мектепке бара турганын айтышат. Колунда жок бүлөлөр ушул аркылуу балдарга кийим-кечек кылып алалы дейт да. Элди да түшүнсө болот. Беш-алтыдан бала келет, аларга эки-үч саат сабак өтүп, кайра үйлөрүнө кое берип жатабыз. Ата-энелерден бизге кайрылуу келген, "балдарды мектепке убактылуу жөнөтпөйбүз" дешкен. Биз бул жагдай боюнча тийиштүү тараптарга билдирүү бергенбиз.

Кара-Алма айылындагы бул мектепте 370тен ашык окуучуга 29 мугалим билим берет. Маалыматтарга ылайык сабактар токтогонуна эки аптадай болду. Орус тилинен мугалим Мира Турусбекованын айтымына караганда, мугалимдер күнүгө ушинтип классында окуучуларын күтүп отуруп, кайра кетишет:

- Кара-Алма айылында жыл сайын ушундай абал түзүлөт. Жаңгак менен гана тиричилик кылгандар мезгилинде теримге киришет. Мурдагы жылдары калтырылган күндөрдү каникул убагында окуталы деп да көрдүк. Бирок ал мыйзамга туура келбейт экен. Эмне кыларыбызды да билбей турабыз.

7-класстын окуучусу Кумар башка классташтарынын катарында сабакка барбай, жаңгак терип жүргөн кези:

- Мектепте сабактар токтогонуна эки апта болуп калды. Мен келген менен башка балдар жок, мугалимдер сабак өтпөй жатат. Ата-энем мектепке баруумду каалайт, бирок жөнү жок келип кеткенче жаңгак терген оң деп жатам. Эми бизде окуулар кар түшкөндө башталат. Азыр бардык классташтарын жаңгак терүүгө чыгып кетишкен.

Мындай абал Кара-Алма айылындагы 200гө чукул окуучу билим алган 9-жылдык мектепте да орун алды. Жаңгак токойлору бар башка айылдарда деле сабактар жарым-жартылай өтүп жатат. Айыл тургуну Гүлбакира Байтикова мындай жагдайды туура түшүнүүгө чакырды:

- Азыр айылдан бирөөнү издесең таппайсың. Баары бала-чакасы менен жаңгак теримге чыгып кетишкен. Балдарын да кошо ала кетишип, мектептер токтоп калган. Мугалимдер түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнү менен ата-энелерге тиричилик керек экен. Аларды да түшүнсө болот. Бизде жаңгак менен эле жашайбыз да. Убагында терип албасаң болбойт.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, жаңгак терип, кошумча киреше таап алууга мугалимдер өздөрү да кызыкдар. Ошондуктан алар да балдарын кошо тарткан үй-бүлөлөрдүн жаңгак теримине тоскоолдук кылып, чечкиндүү кадамдарга барууга кызыкдар эмес. Атүгүл мугалимдер арасында класстык журналдарды сабак өтүлдү деп толтуруп койгондору бар. Анткени сабак убактылуу токтотулду деген расмий чечим жок.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Алмаз Бечелов болсо мындай жагдайдан кабары болбогонун айтып, текшерилип, жыйынтык чыгат деп ишендирди:

- Мен бул тууралуу кабарым жок экен. Мектептин директорлору же мугалимдер бизге айтышкан эмес. Сабакты үзгүлтүккө учуратса мыйзамга туура келбей калат. Анткени балдар биринчи кезекте билим алышы керек. Эртенден тартып райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери чыгып, текшерүү иштерин жүргүзүшөт. Анын жыйынтыгы менен тийиштүү адамдарга чара көрөбүз. Калтырылган сабактарды балдар каникул убагында өтүшөт.

Балдардын сабакка келбей жатканы тууралуу райондук милициянын жашы жете элек өспүрүмдөр менен иштөө инпекторлорунун да кабары жок болуп чыкты. Себебин мектептерден, мугалимдерден кайрылуу болгон эмес деп түшүндүрүштү.

Сузак райондук милициясынын коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы Нургазы Ботоканов бул маселеге президенттик шайлоо бүткөндөн кийин киришерин айтты:

- Буйруса шайлоону өткөрүп алып, ошол жакка барып профилактикалык иштерди жүргүзөбүз. Буга чейин жакшы эле келип жатышкан окуучулар. Бул жума ичи шайлоого карата бюллетень жана техникаларды жеткирүү менен алек болуп, инспекторлор мектептерге барганга жетишпей жатат. Административдик кодекстин 65-беренесине ылайык, ата-энелерине протокол түзүлүп, районго билдирүү бербегени үчүн мугалимдерге чара көрүлөт. Бул иштерге шайлоо өткөрүп алып киришебиз.

Сузак району боюнча 108 мектеп бар. Токой зонасында ондон ашуун мектеп жайгашкан.

Балдар кодексинин 15-беренеси "баланын ден соолугуна коркунуч туудурган же анын билим алуусуна тоскоол болуучу же болбосо анын ден соолугуна, дене тарбиялык, акыл-эс, руханий, адеп-ахлактык жана социалдык өнүгүшүнө зыян келтирген кандай болбосун жумуштарга баланы кабыл алууга же аткаруу үчүн тартууга тыюу салат".

Сабакка барбай жаңгак терген окуучулар
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:21 0:00

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG