Жыгач мектептин ордуна заман талабына жооп берген имарат куруу демилгесин 80-жылдары совет бийлиги да, эки жыл мурда Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Асылбек Жээнбеков да көтөрүп, бирок курулуш аягына чыкпай калган. Үчүнчү жолку убаданы Жогорку Кеңештин азыркы төрагасы Чыныбай Турсунбеков берип кетти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Кара-Суу айылындагы бир кабаттуу имарат жараксыз абалда деген тыянакты 2006-2008-жылдары эки ирет чыгарган. Ага карабай эскилиги жетип, дубалдары көчө баштаган бул имаратта балдар окуп жатат. Мектеп директору Гүлжан Раимбекова муну аргасыз кадам катары түшүндүрдү:
- Чындыгында мектеп кооптуу, ошентсе да балдарды билимден өксүтпөйлү деп окутуп жатабыз. Мурдагы спикер Жээнбеков убада берип кетти эле, акча жок деп туруп калды. Азыр балдардын өмүрү кооптуу абалда. Кээ бир ата-энелер балдарын окууга жөнөтүүдөн баш тартып жатат. Быйылкы окуу жылында эле 30дай окуучуну ата-энелер башка айылдагы мектептерге жөнөттү. Биз ата-энелерден суранып жүрүп балдарды ушул жерге чакырып окутуп жатабыз.
Дубалдарынан жарака кеткен мектеп имаратын буга чейин эки жолу өрт чалып, мугалимдер өздөрү өчүрүп калган. Былтыр күзүндө чатыры кулап түшүп, жергиликтүү бюджеттин эсебинен кайра калыбына келтирилген.
1981-жылы убактылуу деп Кара-Суу айылына курулган бул жыгач имарат №10 Токтогул Казатов атындагы мектеп катары билим берүүгө кызмат кылып келатканына 36 жыл болду. Имарат адегенде 1961-жылы Көдүк, андан кийин Кара-Тектир айылдарына көчүрүлүп, орнотулуп, ал жерге туруктуу мектеп имараты салынгандан кийин дал ушул Кара-Суу айылына тургузулган. Бул айылда жаңы мектеп куруу иштери 1990-жылдары башталып, бирок Союздун ыдырашы менен токтоп калган. Андан бери тоолуу, четки айылдагы мектептин абалы менен эч кимдин иши болгон эмес.
Мектеп куруу демилгесин 2015-жылы мурдагы парламент спикери Асылбек Жээнбеков көтөрүп, ал да аягына чыкпай калганын айыл тургуну Камчыбек Базаркулов айтып берди.
- Балдар азыр окуп жаткан мектеп имараты көчмө. Полдору чирип, пайдубалы чөгө баштады. Союз убагында эле жаңы имарат курула баштап, ал ыдыраган соң токтоп калды. Ар ким көрүп кетет, бирок эч кимден кабар жок. Айылдыктарга ар нерсени айтып сооротуп баса беришет. Эл кыйналып бүттү, эбак эле башташ керек болчу.
Парламент төрагасынын демилгеси менен башталган эки кабаттуу, 250 окуучуга ылайыкташкан жаңы мектеп куруу үчүн республикалык бюджеттен 56 млн сом каралып, 2015-жылы алгач 3 млн сом каражат которулган. Ал суммага жаңы имараттын пайдубалын куруу үчүн жер даярдалып, казылган бойдон калып кеткен. Айыл аксакалы Төңтөрт Чойбеков жагдай тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:
- Мектептин курулушу туруп калды, аны сүрүштүргөн киши жок. Депутат А. Кодуранова, О. Артыкбаев көрүп кетти, бирок дайыны билинбей жатат. Мен бул иш боюнча тактап, тиешелүү жактарга кайрылайын деп жатам. 3 млн сом дейт, барып көрсөңөр эч нерсе жасалган эмес ал жерде. 300 миң сомдук да жумуш жок. Былтыркы жылы мектептин чатыры кулап түшүп, 500 миң сомго кайра эптеп тургуздук. Азыр араң зорго мектепти кармап турабыз.
Мектептин абалын бул ирет Жогорку Кеңештин спикери Чыныбай Турсунбеков келип көрүп, кийинки жылдагы республикалык бюджетке киргизүүгө көмөктөшүүнү убада кылды:
- Чындыгында мектептин абалын көрдүк, абдан оор экен. Архивге бере турган имарат болуп калыптыр. 2015-жылы бюджетке кирип, 3 млн сом алгач берилиптир. Андан соң каржылоо токтоп калыптыр. Эми кийинки жылдын бюджетине кирип, балдарды тезирээк кооптуу жайдан көчүрүү керек. Мен бул багытта өкмөткө протоколдук тапшырма берем жана профилдик комитетте депутаттар да карап чыгышат.
Жалал-Абад облусунун аймагында учурда 28 мектеп жараксыз абалда окуучуларга билим берип келүүдө. 24 мектепке Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "авариялык абалда" деген бүтүм чыгарган.