Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:48

Билим берүү: Ө.Мамаюсупов: "Кыргыздар үйүн билимкана кылышы керек"


Өмүрзак Шеран уулу Мамаюсупов.
Өмүрзак Шеран уулу Мамаюсупов.

Заманбап билим берүүгө жетишүү, бул иште мектеп менен ата-эненин милдети, тармактагы көйгөйлөр тууралуу “Ноокат” билимканасынын негиздөөчүсү, белгилүү педагог окумуштуу жана коомдук ишмер Өмүрзак Мамаюсупов “Азаттыктын” студиясында айтып берди.

“Ноокат” билимканасы 1989-жылы уюшулган. Ошондон бери аталган мекеме 900 ашуун окуучуга терең билим берип, алар республикалык, дүйнөлүк сынактарда алдыңкы орунга жетишип келе жатышат. Так илимдерге басым жасаган билим мекемеси кийинки кездери орус жана англис тилдерин үйрөтүүгө көңүл бурууда.

“Азаттык”: Өмүрзак ага, “Ноокат” билимканасы кандай ачылганы, кантип өнүгүп келатканы элдин көбүнө дайын. Ошентсе да билимкананын ачылыш максаты жана анын учурдагы абалы тууралуу кыскача айта кетсеңиз.

Мамаюсупов: Билимкананын ачылыш себептери көбүнө маалым болгону менен, эмне себептен анын ачылганын айрымдар түшүнбөй деле калышы мүмкүн. Билимкананын ачылышына “кайра куруу” түрткү болгон.

Биз кыргыздар отузга жакын жашыбызда аспирантурага кирип, кыркка жакындаганда кандидат болуп, өмүрдүн өткөнүн билбей эле пенсияга чыгып кете экенбиз. А эмне үчүн? Мен ушул суроону атаман көп сурачумун. “Өзүнчө мектеп кылбасаңар болбойт” дечү ал киши.

Мен өзүм иштеген Новосибирскидеги Математикалык мектепте орустар 20 жашында адамдарды инсанга айландырат. Ошонун нускасын Кыргызстанда жасайлы деп аракетти 1985-жылы баштадык. 1987-жылы Фрунзеде "Ошто ачкыла" дешти. Ошко барсак "Ноокатта баштагыла" дешти. Ал жерден РайОНО айылыңда ач, атаң ошол жерде иштейт дегенинен ошол жерде ачылып калды.

Негизгиси - жаш, колунда жок, аракетчил адамдарды кичине түртмөлөп коюш. Төрт жылда, мурда үч жыл болчу. Азыр 11 жылдык болуп калбадыбы. 8-ден башталат.

Биздин жаштарыбыз акылдуу, жөндөмдүү экенин баары эле билет, бирок түрткү жок. Анан мамлекеттик стандарттагы билимдин керек экенин да анчалык түшүнбөйт элек. Программа бар, ошол боюнча окуйт деп.

Көрсө стандарт биздин эле ойлоп тапкан нерсе эмес экен. Америкага барып окуйм десеңиз ошол аттестаттагы алынган баага жооп бериш керек экен. Бизде англис тилин он жыл окусак деле англисче сүйлөбөй эле аттестатка “4” же “5” деген бааны коюп коёбуз. Орус тилди биз он жылда сүйлөп калышыбыз керек, бирок сүйлөбөйбүз. Башка предметтер боюнча деле ошондой эле ахывал.

Математикада деле мамлекет стандарт боюнча окуган менен жөнөкөй маселелерди билбей, % чыгара албай, болчөктү кошо албай, эң жөнөкөй базарда иштегенге билим жетишпей калгандыгы сезиле баштаган. Олимпиадаларды мындай коёлу, ал өзгөчө балдар үчүн.

Ошондуктан өзгөчө балдарды жыйнайбыз деп өрнөк катары ачылган. 1987-жылы РайОНО башчысы 2 баланы даярдап берсек, алар биринчи орунга чыкса гана билимкана болот деген. Биз эки баланы эки жылда даярдап, алар республикада математика боюнча 1-2-орундарды алышты, алардын бири Новосибирскиден бүтту, экинчиси кандидат, докторлугун жактап атат. Ошондон кийин болот окшойт деп уруксат беришип, 1989-жылы 18 баланы кабыл алганга мүмкүнчүлүк берди.

Эл муну сыймыктуу иш деп жактырып, мына отуз жыл болуп калса да буга ачык каршы болгон киши мамлекеттик, коомдук структуралардан же ата-энелерден болбоду. Биз өтүкчөн жүрүп издеп балдарды алып келип окутуп аттык. Азыр эми билимкана системага салынган, маданияты калыптанган, Новосибирскидеги Физика-математикалык мектепке жетпесе да жок кыла албаган окуу жайга айланды.

Бул - мамлекеттик окуу жай. Төрт жылда мамлекеттик стандартты гана беребиз. Башка мектептерде ал берилбей калып атпайбы.

Мен ойлоп тапкан 3 жөнөкөй тапшырмабыз бар. 1-си күндө ондон эсеп иштейсиңер дейбиз. Сабактан сырткары, бири бирин текшеришет. 2-си эртеңки сабакка бүгүн даярданасыңар дейбиз. 3-сү айылдагы бей-бечараларга жардам бересиңер дейбиз.

Эми быйылтан баштап үй-бүлөлүк билимкана дегенди сунуштайлы деп жатабыз.
Ө.Мамаюсупов

Дүйнөнү тааныш үчүн тил керек, силер математик болгонуңар менен врач болчу, башка техникалык кесипкөй болчу, программачы болчу адамдар болгонуңардан кийин дүйнөлүк алакага чыгыш үчүн тил керек, кругозор керек дейбиз. Биздин классиктерди билбей туруп, художниктерди, музыканы билбей туруп жарабайсыңар дегенди улам кайталап айтып жүрүп азыр ошондой маданият пайда болду.

Бу билимкананы ачып атканда биз да жаш элек, кырктайды ачабыз дегенбиз, бирок анын жыйырмадайы гана ачылып, алардын көбү жабылды. Көбу иштеп атат. Биздики модель катары иштеп кетти.

Эми быйылтан баштап үй-бүлөлүк билимкана дегенди сунуштайлы деп жатабыз. Коомдук билимкана, көчө билимкана. Азыр менчик билимканалар ачылып жатат. “Билимкана” деген сөз таралды.

Мына бизде 500 ашуун айыл өкмөт болсо ушундай бир чакан, билимкана тибиндеги класстар, топтор болсо дейбиз. Бизди буткөн окуучулардын саны 975 жетти. Ушунун 60 – 70% бюджетти бүттү, 10 – 15% медициналык багытта, баары эле математикалык багытта эмес. Азыр математика, химия, биология, башка предметтер тереңдетилип окутулат.

Мына караңыз, сабактан тышкары күндө ондон эсеп чыгарып отуруп ал чыгармачылыкка үйрөнөт. Эртеңки сабакка даярданып отуруп мугалимди сабакка даярданып келүүгө мажбурлайт. Келип сурайт, мугалимди же эжейди сурап, “китепте мындай эмес болчу” деп коёт. Мугалимдердин өзүнчө бир кланы пайда болду.

“Азаттык”: Өмурзак ага, сиз негиздеген “Ноокат” билимканасы азырынча жалгыз мекеме болуп атат. Эмне үчүн ал жалпы Кыргызстанга жайыла албады? Жалпы Кыргызстанда билимге умтулуу же Ноокаттагыдай күчтүү эмеспи?

Мамаюсупов: Жок, бардык жерде бизде билимге кызыгуу өтө күчтүү. Акыркы акчасына баламы окутам деген ата-эне. Бул орчундуу проблема, саясатчылар аралашып кетип ача коюп жаба коюп, анан дагы бир бай аралаша коюп жабылып калып, а жабылбаш үчүн система түзүлүш керек. Система бир кишиге байланыштуу.

Мына, Бишкекте 5 миң илимпоз болсо 5 миң билимкана ачылышы мүмкүн. Бул оңой, эч канча акча кетпейт, үйдө эки ручка болсо ошонун бирөөн буга багыттап коюш керек. Бирок, биздин интеллигенция ага жарабадык. Жарабай, мына Академия өзү менен өзү болуп отуруп калды.

Башка илимпоздор Атлантиканы издейбиз, паланды издейбиз деп отурушуп жок. Азыр мектепке жарамдуу кыргызча окуу китебин жаз десеңиз – жок. Тапшырма менен жазышат, бирок алар жарабай калып жатат. Себеби ал жүрөктөн чыккан эмес, химиясы да физикасы да. Атомдук физиканы окутканыбыз менен балага инерцияны түшүндүрө албай жатпайбызбы. Же математикадан үйдүн аянты, ага канча жыгач, канча кирпич кетерин эсептете албай жатабыз.

А биз ал жерге интегралды өтүп атпайбызбы. Аны түшүндүрүшүбүз керек, интеграл келечекте программист же политехникалык багыттагы кесипке ээ болсоң керек деп түшүндүрүү зарыл. Бүгүн сен мамлекеттик стандарттын ылдыйкы жагын алып кал. Бирок ашыкча дебе деш керек.

“Азаттык”: Билимкананын бир проблемасы ачыкка чыгып атат. Бул окуучулардын жалпы билим деңгээлинин өтөле төмөндүгү. Ал эмнеден чыкты, мамлекеттик стандарттын сакталбагандыгынанбы же стандарттын улам-улам өзгөрүлүп аткандыгынанбы же болбосо ушул тармакка келген жетекчилердин реформа жасайм деп ошондон башы чыкпай калгандыгынанбы?

Мамаюсупов: Үч нерсе бар. Сөз болсо эле мамлекеттик стандартты калыбына келтириш керек деп калышат. Экинчиси, концепцияны түзүш керек дешет. Биз да ушул оорудан өткөнбүз. Үчүнчүсү, мыйзамды кабыл алыш керек экен. Төртүнчүсү, мугалимдин айлыгын көтөрүш керек, бешинчиси, мектеп салыш керек деп формалдуу сөздөр кетет.

Дүйнөлүк стандартта билим алыш - баланын иши. Ата-энени күнөөлөп, мугалимди күнөөлөп, мектепти кунөөлөш керек эмес. Окуучунун журөгүндө болсо ал тоону томкорот.

Айылдарда, райондордо, шаарларда идеология деп 100 барактан турган идеология жазбай, балдарды шыктандырышыбыз керек. Шыктандыргандан кийин баланы токтото албайсыз. Бизде шыктануу жок, шыктануу болсо мамлекеттик стандартты талкуулаганга мүмкүн.

Азыр кандай стандартты талкууласаңыз жыйынтыгы ушундай болот. Кандай министр мындай кылам десе жыйынтыгы ушундай боло берет. Бул эволюциялык жол менен өзгөрөт. Ал бюджеттеги эң чоң акчаны күтуп отурганга чейин жүрө берет. Бирок эң чоң акча бергенде да Финляндиядагыдай, Эстониядагыдай кызыккан адамдар керек. Бугүн кызыккан адамдар сыртыбыздан кызыгып, 70 мектеп, 100 мектеп куруп атабыз деп атышпайбы. Китептерди чыгарабыз деп атышат.

Биз башка балдарга, таланттуу балдарга таянып, ошолорду үйрөтө берсек стандарт өзүнөн-өзү калыптанат. Ошон үчүн бүгүн жалаң эле кыргыз тил, адабиятты, “Манасты”, биздин каада-салтты окутушубуз керек дебей, мен да буларды жакшы көрөм, бирок муну 7 миллиарддын ичине киргенде мен муну англисче айтышым керек экен. Жок дегенде орусча нан сураганды билишим керек. Ошолорду түшүнгөндөн кийин стандарт, концепция дегендин эч нерсесинин кереги жок.

2 миңден ашуун мектеп бар, аларды ушул көз карашка алып келип алсак, өзүнчө эле стандарт, тилдерди билүү калыптанып калат. Мамлекетке болгон мамиле өзгөрөт. Билим берүүдө ар бир ата-эне өзүнүн баласына кошуп башка балдардын да билим алышын каалашы керек.

“Азаттык”: Өмүрзак ага, мектепти бүтүп аткан балдардын билим деңгээлинин кандай экени сизге деле дайын. Балдардын көбү мектеп билим стандартын билбей эле бүтүп кетип атышат. Ушул жагдайдан чыгыш учүн кандай иштер жасалышы керек?

Мамаюсупов: “Чудо” деген жок. Бирөө келип силердин эгемендүүлүгүңөргө мынча жыл болуптур, жетишет, балдарыңардын баары Чикагодо же Нью-Йоркто иштеш керек, БУУга өтсүн дебейт. Муну жергиликтүү эл менен ата-эне чечиши керек.

“Элдин келет колунан Эркелетип эр багыш. Эрдин эри болсоң да, Эң кыйыны эл багыш”, деп коюшат го. Демек, балдарды эл бакканга, ата-эне бакканга үйрөтсөк, анан концепция, стратегия, стандарт – баары келет. Бүгүн стандарттар, анын жаңысын издеп саясатка өткөрүштүн кереги жок. Китептер бар, эски китептер деле болсо мейли, андан чочулабаш керек. Күндө тапшырманы аткарып, стандарт деген коркунучтуу нерсе эмес, ал окуунун программасы.

Кыргыздар үйүн билимкана кылыш керек. Баланы чындап окутуш керек мугалимди сындабай. IT технология ар бир адамдын журөгүнө кирип калды. Аны жакшы билиш үчүн математика, физика, химия, биология анан сүйлөө, тарыхыбыз, салтыбыз – ушуну билиш керек.

“Азаттык”: “Ноокат” билимканасы элге дайын болуп калды. Үй билимканасы деген жаңы долбоор деп айтып атасыз. Сиз өзү жаңылыкка жакынсыз, билим тармагына кандай жаңы инновациялык ачылыштарды киргизүу боюнча ой-тилегиңиз бар?

Мамаюсупов: Лицей-гимназиялар азыр көп, менчиги бар, мамлекеттиги бар. Биздин билимкана өзгөчөлүү деген жерибиз жок. Бул балдардын жүрөгүнө жараша жыйынтык берет. “Алтын сертификат” алганда көрүнүп калып жатат. Анын элүүсүн бир эле мектеп алып коюп атпайбы. Ошондон биз мүчүлуш-кемчиликтерибизди өзүбүз да сезип турабыз.

Элибиз суусап турган жаңы нерселер бар. Бишкектин тегереги 48 – 50 айыл болуп калды. Ушул жер биздин алыскы айылдарыбызга окшош. Менин ушул айылдарда 50 билимкана үйлөр ачылса деген тилегим бар. Себеби булар айылга барат. Ушул жерде биздин 50 миң үй-бүлө жашаса бул өтө керек. Анан мигранттарыбызга – келгендердин баарынын кулагына сайып атабыз. Сен Орусиядагы олимпиадада биринчи орунга чыгышың керек, Америкадан чыгышың керек деп.

Ушул 50 айылды Кыргызстанга биринчиликке чыккыла деп “народниктер” айтабыз го. Буту-колубуз эсен-аман турса, биз азыр ошондой деңгээлге жеттик. “Ноокат” билимканасы өзүнчө бир тарых, ал маданиятына кирди. Анын системасы бар, анын бизге муктаждыгы аз. Бишкектин тегереги жакын, быйыл ой кылып атабыз “кербенди” баштайлы деп.

“Азаттык”: Билимдин жерпайын түзчү азыркы мугалимдердин даярдалыш сапаты тууралуу пикириңиз кандай? Даярдалыш сапатын кандай баалайт элеңиз?

Мамаюсупов: Бул эми агым менен келе жатат. Агым менен келе жатканда мынабу 25 жылдык өнүгүү, мугалимдердин даярдыгы ылдыйга түшкөн жок. Кудайга шүгүр деш керек. Жаңы инновациялык нерселерди көрүп, интерактивдүу доскалар, дагы башкаларды сезип келатат.

Бирок алардын жүрөгүндө 3 – 4 проблемасы бар. Биринчиси, айлыгы аз, аны менен кантип окутам дейт. Экинчиси, ата-эне менен байланыш. Ата-эне дайым сындайт. Баламды жакшы карабай атасың, мектепти бүтпөйт, тил билбейт дейт. Орусияга барып орусча билбейт, аттестаты мындай дейт. Үчүнчүсү, аны көтөрмөлөштүн ордуна кемсинтпесек да “мугалим экен” деп коёбуз. Баласынын негизги тарбиялоочу киши экенин сезбей жатабыз.

Баары эле баласы үчүн аракет кылып атат. Бирок кантип аракет кылышты билбейт, менчик мектепке берет, буга берет. Ата-энеден тарта мектеп мугалимине колдоону көрсөтүүнү баштасак, колдоо деген сөзсүз эле акча эмес, жакшы сөз деле колдоо. Ата-эне мугалимди колдошу керек.

Илгери Салижан Жигитов айткандай, кичине намысына тийип коюш керек. Ал киши да илим дегенде ичкен ашын жерге койгон киши эле. Мурза Гапаров, Ишенбай Абдуразаков да ошондой улуу кишилер эле.

Ушундай адамдар бар. Ар бирибиз ошондой болууга умтулсак Кыргызстан илим-билим, маданият каганаты болор эле. Кадрлар каганатына айланмак. Кыргыздарга Кудай бере берерине мен ишенем.

“Азаттык”: Ырахмат, ишиңизге ийгилик болсун!

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG