Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:35

Спорт: ийгиликтер алдыда


Кыргызстандык спортчулар эгемендүүлүк алганы беш Азия оюндарына катышты. 2002-жылы Пусанда өткөн 14-Азия оюндарында кыргызстандыктар 12 медаль жеңип, анын экөө алтын, 4 күмүш, 6 коло байге болсо, бул ирет Гуанжоудо 145 спортчу мелдешке катышканы менен 5 медаль менен кайтып келди.

Кыргызстандагы спорттун азыркы абалы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Алмаз Касенов жооп берди.

- Гуанжоудон Кыргызстандын расмий делегациясы кайтып келди. Кандай маанайда келдиңиздер?

Алмаз Касенов: Бизди өткөндө аэропортто спорт сүйүүчүлөрү тосуп алды, бир аз да болсо ийгиликтерибизге кубанышты. Бул үчүн биз ыраазыбыз.

Жалпы алганда сапаты боюнча жакшы деп айтсак болот, алтын, эки күмүш, эки коло медаль алдык. Саны боюнча айтканда, ойлогон ойго бир за жете албай калдык. Терең анализ кылышыбыз керек. Себеби жалгыз гана машыктыруучуларды, же командаларды күнөөлөй бергенге болбойт. Биз бардык жагын эске алып, дүйнөлүк спорттун өнүгүшүн эске алып, аларды өзүбүздүкү менен салыштырып, анан бир жыйынтыкка келебиз.

- Кыргызстан эгемендүү болгондон тарта бешинчи ирет Азия оюндарына катышып атат. Кайсы Азия оюндарында өзгөчө Кыргызстандын желеги бийик көтөрүлдү эле?

Алмаз Касенов: Пусанда өткөн 2002-жылкы Азия оюндарында Кыргызстан эки алтын медаль алган: жеңил атлетика боюнча Бегменко Татьяна жана Татьяна Борисова. Тохадагы оюндарда сегиз медаль алдык, күтүп жүргөн алтын медаль да колубузга тийди, 46 мамлекеттен 25-орунду алдык. Бирок көп ойлоно турган нерселер бар экен.

Азияда спортко көңүл бурулууда

- Башка мамлекеттердин экономикалык жагдайы, мамлекеттик деңгээлдеги спортко болгон мамилесин да байкадыңар. Ошол себептен Кыргызстандын учурдагы абалы спортко таасирин тийгиздиби?

Алмаз Касенов: Албетте. Машыктыруучулар, адистер көрдү, дүйнөлүк спорт боюнча прогресс абдан катуу болуп атат. Ар бир мамлекет ар бир медаль үчүн күрөшүп атат, ар бир медаль үчүн кандай чыгым кетирип атышат. Ар бир мамлекет спортту өнүктүрүп, элдин ден соолугун чыңдайбыз деп абдан көп спорт объектилерин салып атыптыр.

Биз эң артта калды деген Вьетнам, Камбоджа, Непал деген мамлекеттерди мурун биз атаандаш деп эсептечү эмеспиз. Азыр алар катуу өнүгүп аткан экен. Себеби ал жакта мамлекет тарабынан чоң программалар каралып атат. Спорт аркылуу ар бир Азия мамлекеттерин дүйнөгө тааныталы деген абдан чоң багыт алышыптыр.

Биз бир орунда туруп калгандайбыз. Чоң ишеним артып турабыз, ошолор биздин көйгөйдү карап көрүп, биздин программаны кабыл алганга жардам берип, элибиздин ден соолугун көтөрүп, инфраструктурабызды жакшылап бир деңгээлге жеткирип алсак бизде деле таланттар көп. Эмки Азия оюндарында чоң ийгиликтерге жетишкенге аракет кылышыбыз керек.

- Калыстардын айынан бармак тиштеп калган жагдайлар да байкалды. Жеңил атлетикадан, сууда сүзүүдөн, мылтык атуудан, же спорттун беш түрүнөн дагы ийгилик болуп калышы ыктымал беле? Бокс таймаштарында дагы калыстар калыстыгынан тайып коюштубу?

Алмаз Касенов: Көп учуруда ийгиликке жетпей калганыбызды биз калыстарга шылтап коюп атпайбызбы. Мен көрдүм, калыстардын азабынан биздин боксчуларыбыз гана жабыр тартты. Андан тышкары фехтование боюнча биздин эркектерибиз колдо турган медалды алып койгондой болуп калды, казактар менен болгон беттешүүдө. Калган спорттордо калыстык жагынан басынтып, башка жакка караган учурлар болгон жок.

Сыйлык ээсин табат

- Эгемендүү мамлекет болгону Кыргызстандын тарыхында Данияр Көбөнов алтын медалдын ээси болду. Кыргыз жигитине өкмөттүк кандай сыйлыктар берилет жана жеңип алган медалдардын ээлерине да кандай сыйлыктар берилет? Канат Бегалиев, Руслан Төмөнбаев, Каныбек Осмоналиевдей Азия оюндарынын чемпионуна өкмөттүк деңгээлде стипендия, пенсия берүү сунуштарын да киргизесиздерби?

Алмаз Касенов: Пенсия, түбөлүк стипендияны азыр ойлонуп көрөбүз. Анткени олимпиада менен Азия оюндарын салыштырганга болбойт. Олимпиаданын деңгээли аябай эле жогору. Азия оюндары боюнча ойлонуп көрүшүбүз керек. Мелдештери үчүн өзүнүн сыйлыктарын алат. Мисалы Данияр Көбөнов биринчи орун алганы үчүн мамлекет тарабынан 15 миң доллар сыйлык алат, күмүш медаль алгандар 10 миң доллардан, коло медаль алгандар 5 миң доллардан алышат. Мындан сырткары мэрия тарабынан беш жигитке тең батирлер даярдалып атат дейт. Көбөновго биринчи орун алганы үчүн 3-бөлмөлүү, калгандарына бир бөлмөлүү. Бул да абдан мамлекет тарабынан болгон чоң колдоо.

Федерациялар ар ким өз алдынча өзүнүн сыйлыктарын бериш керек. Ага да үмүт этип турабыз. Мындан тышкары Даниярга президентибиз өзүнүн премиясын берип, кабыл алып, жылуу сөзүн айткандан кийин, Ысык-Көл облусунда да “абдан жакшы тосуп алабыз” деп күтүп атышыптыр Ал жакка барганда ысыкөлдүктөр намысты көтөрүп, өзүнүн баатырын жакшы тосуп алат деген үмүттөбүз.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG