Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:01

Спорт: даңкка жараша сыйлык


Биринчи Жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Урмат Аматов алтын медаль, Шадыбек Сулайманов коло медаль жеңсе, дзю-до таймашында Болот Токтогонов коло медалга ээ болду.
Биринчи Жаштар олимпиадасында грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Урмат Аматов алтын медаль, Шадыбек Сулайманов коло медаль жеңсе, дзю-до таймашында Болот Токтогонов коло медалга ээ болду.

Алматыда бокс мелдешинде Чыңгыз Борбашев алтын медаль алды. Сингапурда өткөн жаштар олимпиадасын жеңүүчүлөрү ачкалай сыйлык алышат.

Жаштар олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо

Өлкө президенти Роза Отунбаева Сингапур жаштар олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо тууралуу буйрукка кол койгон. Ага ылайык, эл аралык спорттук коомдо Кыргызстандын кадыр баркын көтөргөн спорттук жогорку жетишкендиктерди белгилөө максатында бир жолку сыйлык чектелди.

Сингапурда Өспүрүмдөрдүн 1-олимпиадалык оюндарында биринчи орун алып, чемпион аталган грек-рим күрөшүнүн балбаны Урматбек Аматовго 10 миң доллар сыйлык катары берилет. Ал эми үчүнчү орундарды жеңип алышкан балбандар Шадыбек Сулайманов менен Болотбек Токтогонов үчүн 5 миң доллар ыйгарылат. Алардын башкы жана өздүк машыктыруучуларына спортчуларга берилген сумманын 25 пайызы бөлүнмөкчү. Бул максатта өлкөнүн Каржы министрлигине 2010-жылдын 24-сентябрына чейин 30 миң долларды өлкөнүн Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигине которуу тапшырмасы берилди.

Чоюн билек балбандардын таймашы

Түркиянын Анталия шаарында өтүп жаткан оор атлетика боюнча дүйнөлүк чемпионатка 5 кыргыз балбаны катышып жатат. Оор атлетика боюнча балдар жана өспүрүмдөрдүн Бишкек шаардык адистештирилген олимпиадалык резерв мектебинин директору Улан Молдодосовдун айтымында, Анталиядагы дүйнө чемпионатында 25-орунга чейинки балбандарга Лондон олимпиадасына жолдомого упай берилет. Ошондой эле эмдиги жылы Парижде өтө турган дүйнө чемпионатында да олимпиадага жолдомо үчүн упай берилмекчи.

Кыргызстандык Бекзат Осмоналиев 56 кг салмактагы балбандар менен күч сынашып, 12-орунду ээлеп, Лондон олимпиадасына жолдомого упай топтой алды. Ал 141 кг оордукту түртүп, 115 кг салмакты жулкуп көтөрүп, 256 кг салмакты багындырды.

Анталиядагы дүйнө чемпионатынын эң жаш катышуучусу, токтогулдук Изат Артыков 40 балбандан 27-орунду ээлеп, 100 кг. оордукту жулкуп, 125 кг салмакты түртүп көтөрүп, тажрыйба топтой алды.

23-сентябрда 77 кг салмактагы балбандардын оордук көтөрүү таймашууларына өлкө чемпиону Замирбек Ашырбаев катышып, күч сынашат. 24-сентябрда 85 кг салмактагы Кубаныч Токтоналиев да дүйнө чемпионатынын мөрөй талашууларына катышмакчы.
Түркияда өтүп жаткан оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты 26-сентябрда жыйынтыкталат.

Чыңгыз Борбашев алтын медаль жеңип алды

Алматыда өткөн бокс боюнча Казакстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Искендер Хасановду эскерүү эл аралык мелдешинде кыргызстандык үч жигит: Азат Үсөналиев, Руслан Кайыпов жана Сергей Паренко жарым финалга чейин жетип, коло байгелүү болушту.

Бокс боюнча өлкөнүн башкы машыктыруучу Адылхан Бекболотовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, 81 кг. салмактагы Чыңгыз Борбашев финалга чыгып, өзбекстандык атаандашын утуп, алтын медаль жеңип алды. Бул мелдешке кыргызстандык 7 бокс чебери катышуу менен тажрыйба топтоп келишти. Ошондой эле улуттук даражадагы калыс Ринат Кенжесариев да Алматыдагы мелдеште калыстык кылды.

Алмаз Тойчуевдин 3 алтын жана 1 коло байгеси

Алматыда чыгыш өнөрү - ушу боюнча Эрмек Смагуловду эскерүүгө арналган Казакстандын Кубогу өттү. Мында Казакстан менен Кыргызстандын эки жүз элүүдөн ашуун спортчусу мөрөй талашты.

Ушу-таолу чыгыш өнөрү боюнча таймашууларда кыргызстандык Алмаз Тойчуев 3 алтын жана 1 коло байгелүү болду.

Кыргызстандыктар дүйнөлүк шахмат олимпиадасына катышууда

Кезектеги шахмат олимпиадасы Орусиянын Ханты-Мансы шаарында 19-сентябрда башталып, жеңүүчүлөр 4-октябрда аныкталат.

Кыргызстандын намысын жаштар арасында Азиянын эки жолку чемпиону Семетей Төлөгөн тегин, өлкө чемпионатынын жеңүүчүлөрү Насир Акылбеков, Михаил Марков, Леонид Юртаев, Алгис Шүкүралиев, Александра Самаганова, Ирина Острий, Бактыгүл Тиленбаева, Нуриса Оторбаева коргоп жатышат.
XS
SM
MD
LG