Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:50

Спортчуларды чоң сыноолор күтүп турат


29-июндан 7-июлга чейин Түштүк Кореянын Инчон шаарында жабык имараттардагы Азия оюндары өтөт.

Түштүк Кореянын Инчон шаарында 29-июнда баштала турган жабык имараттардагы Азия оюндарына катыша тургандар такталды. Мында кыргызстандыктар спорттун 5 түрү боюнча: спорттук бий, кикбоксинг, тай бокс, сууда сүзүү жана бильярддын снукер түрү боюнча мөрөй талашат. Ага барууга азыр 23 спортчу камылга көрүүдө.

Жабык имараттардагы Азия оюндары 7-июлда жыйынтыкталат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов маалымдады.

- Бул ирет Инчондогу жабык имараттардагы Азия оюндарына 45 өлкөнүн өкүлдөрү спорттун 12 түрүнөн күч сынашат. Кыргызстан каражаттын тартыштыгынан Азия оюндарына спорттун 5 түрүнөн гана катышмак болду.

Спорттун кайсы түрүнөн кыргызстандыктар мөрөй алып, байгелүү орундарга жетиши мүмкүн? Адистердин баамында, сууда сүзүү, спорттук бий боюнча ийгиликтер болушу ыктымал.

Чынында сууда сүзүү боюнча Кытай, Жапон, Түштүк Корея жана Казакстанга теңелүү кыйын. Эл аралык мелдештерде байге алып жүргөн Дмитрий Александров, Василий Данилов, Станислав Карнаухов, Александр Слепченко жана Дарья Таланова өлкө намысын коргойт.

Спорттук бий боюнча кыргызстандыктар Азия чемпионаттарында күмүш, коло байге утуп жүрөт. 2009-жылы Вьетнамда өткөн жабык имараттагы үчүнчү Азия оюндарында спорттук бий боюнча кыргызстандык Алексей Кибалко жана Виктория Качалко коло байгелүү болгон.

Спорттук бий боюнча Азия оюндарында өлкө намысын 4 жуп коргойт. Алар: Алексей Кибалко менен Татьяна Когадей, Эрмек Барктабасов менен Сабина Айдаркулова, Сарух Мамажанов менен Рамина Бикбаева жана Максим Сусликов менен Кристина Беликова Инчондо өнөрүн көрсөтүшөт.

Бильярддын орус пирамидасы түрүнөн кыргызстандыктар ийгиликке жетип жүргөнү менен жабык имараттардагы Азия оюндарынын программасына кирген снукер оюну боюнча чама-чаркы чакталуу эле. Ошондой болсо дагы Инчондогу таймашка 3 жигит камылга көрүүдө. Алар бильярддын орус пирамидасы боюнча дүйнөнүн 3 жолку чемпиону Каныбек Сагынбаев, Кубаныч Сагындыков жана снукер боюнча өлкө чемпиону Ызатбек Ратбеков. "Снукер оюну эки-үч жылдан бери гана колго алынып, атайын ийримдер иштеп, жаштар кызыга баштады. Кубаныч Сагындыковдон үмүт кылсак болот" , - дейт спорт чебери Иляс Адамов.

Шахмат боюнча эки федерациянын талаш-тартышынан спортчулар жабыр тартып, Инчондогу жабык имараттардагы Азия оюндарына катышпай калды. Ошондой эле футзал тандалма командасы да Азия оюндарына баруудан баш тартышкан. Анын себептерин Футбол федерациясынын башкы катчысы Асылбек Кадралиев каражаттын жоктугу менен түшүндүрдү.

- Мындай Азия оюндары төрт жылда бир өткөрүлүп, таасири артып баратат. Тилекке каршы өкмөттөн каражат бөлүнбөй, Кыргызстандын тандалган мыкты спортчулары Түштүк Кореяга барбай, арманда калышты. Мындай жагдайга каражаттын жоктугун туш кылды.

Жабык имараттагы Азия оюндарын өткөрүү демилгесин Таиланддын улуттук олимпиада комитети көтөрүп, Азия олимпиадалык кеңеши колдоого алган.

Биринчи Азия оюндары 2005-жылы Бангкокто өткөрүлүп, ага Азия аймагындагы 37 өлкөнүн спортчулары катышкан. Мында Казакстандын командасы 25 алтын, 15 күмүш жана 6 коло байгелүү болуп, жалпы командалык биринчи орунду ээлеген.

Каражат маселеси кендирди кесип, Кыргызстандан жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарына футзал командасы жана суучул спортчулар гана барган.

Бангкоктогу жабык имараттардагы биринчи Азия оюндарында кыргызстандык суучул Юрий Захаров коло медаль жеңип алууга жетишкен.

Жабык имараттагы экинчи Азия оюндары Макаодо 2007-жылы өткөрүлүп, мында баш байгени кытайлык спортчулар жеңип алышкан. 2009-жылы Вьетнамда өткөн жабык имараттагы үчүнчү Азия оюндарында жалпы командалык эсепте кытайлыктар биринчи орунду ээлеген. Кыргызстандан 9 спортчу катышкан.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG