Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

Араванда абал калыбына келди


Аравандын борбордук көчөлөрүнүн бири, 18-июль.
Аравандын борбордук көчөлөрүнүн бири, 18-июль.

Оштун Араван районунда жергиликтүү эки айдоочунун урушунан чыккан чыр калкты кыйла бейпайга салып койду.

Жекшемби, 17-июлда райондун борбордук базарында бир өзбек таксист менен кыргыз таксист чатакташа кетип, экинчиси бир аз запкы көрүп калат. Бул жаңжалдан жапа чекти делген Исмаил Табалдиевдин 50 чакты тууган-туушканы бүгүн эртең менен райондук администрациянын алдында нааразылык акциясына чогулат. Мындан улам жергиликтүү тургундарда кооптонуу пайда болуп, бул күнү шаарча көчөлөрүндө элдин агымы сээлдей түштү. Базарлар иштеген жок, борбордук көчөлөрдөгү бир катар кафе-ресторандар, соода түйүндөрү ачылган эмес. Милиция учурда аймактагы кырдаал калыбына келгенин билдирүүдө.

Аравандагы базар бул күнү иштеген жок, 18-июль.

Мындай кооптонууга жана уу-дуу кепке себеп болгон окуя кандайча башталганын Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Талантбек Шатмановдон угалы:

- Мөмө-жемиш базарындагы эки таксисттин урушунан чыккан. Өзбек улутундагы айдоочу автоунаасы менен жолду жаап койгон экен. Кыргыз айдоочунун машинесинин алды тосулуп калып, «машинеңди ал» деген майда нерседен эле урушуп кетишкен. Анан кыргыз таксистти алар кичине сабап коюшкан. Сабагалган таксисттин алган жарааты деле оор эмес. Анан 18-июлда ушул акимиаттын алдында кыргыз таксисттин туугандары митинге чыгышыптыр. Алардын талабы ошол сабап койгон жигитти кармап жазага тартуу, анан базарды жаап туруу болгон эле. Иликтөө иштери ачык-айкын жүргүзүлөөрүн айткандан кийин алар тынч тарап кетишти.

Аравандын борбордук көчөлөрүнүн бири, 18-июль.

Талантбек Шатманов ошондой эле чогулгандар ортосунда уруш чыгып кетти деген маалыматтарды да четке какты:

- «Тополоң чыгып жүздөгөн адамдар жаракат алды, базарды бүт өрттөп жиберишти, 500дөй адам чыгып алып айылдарды талкалап жүрүшөт экен» деген жалган маалыматтарды таркатып жиберишиптир. Бул эми шалаакы журналисттер тарабынан берилген деп эсептейм. Сенсация кылып жиберишиптир да. Эч кандай тополоң чыккан жок. Азыр да кырдаал туруктуу бойдон турат.

Анткен менен чогулгандарды ызы-чуусунан тургундар арасында бир топ кооптонуулар болгон. Жашоочулардын айтымында, бул жердеги базарлар эртеден бери ачылган жок. Борбордук көчөлөрдөгү бир катар кафе-ресторандар жана соода түйүндөрү да жабык турат.

Аравандагы "Дыйкан" базары, 18-июль.
Араванга айылдан келген Мамыр Жусупов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Мен азык-оокат алганы атайын айылда келдим эле. Мында жүрсөм эле тиги жакта ызы-чуу болуп жаткан экен, милициялар “дүкөндөрдү, кафелерди жапкыла, үйүңөргө таркагыла” деп элди кетирип жатышты. Анан элдин көбү кетип калды. Мына баары жабык турат, кишилер жок. Атайын келип эч нерсе ала албай калдым. Ачылып калабы деп дагы күтүп турам эми.

Өзүн Гүласал деп тааныштырган дагы бир тургун күндөгүгө караганда көчөдө жүргөндөрдүн саны аз экендигин ачыктады:

- Кечээ дем алыш болгон да. Ошого эмне болуп кеткенин билбей да калдык. Башкаларды билбейм, биз жумушка барып келе жатабыз. Эл арасында аз-маз дүрбөлөңгө алдыргандар болгон менен баары тынчтай эле го. Бизге эми тынччылык керек да. Башканын кереги жок.

Ал эми район акиминин орун басары Абдилаким Гапаров эки элдин ынтымагы мындай майда-барат окуялардын айынан бузулбай турганын айтууда:

- Өткөн жылкы окуялардан кийин эл арасында кооптонуулар бар. Ошол себептүү кичине бир нерсе болсо эле, адамдар дүрбөлөңгө түшүп калып жатышат да. Бирок баары бир эки эл бири-бирине түшүнүү менен мамиле кылууда. Бары жакшы болуп кетет деп ишенет. Өзбек-кыргыз ар дайым эле аралашып жүрүшөт. Мына маселен, менин деле жубайым өзбек, эч нерсе болбой эле кадимкидей жашап жатабыз.

Аравндагы кырдаал милиция көзөмөлүндө, 18-июль.


Учурда желим таякчалар менен куралданган милиция кызматкерлери Аравандын көчөлөрүн кыдырып, тартипти көзөмөлгө алууда. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн облустук ички иштер башкармалыгынан да 500дөй кызматкер атайын бул жерге алынып келинген.

Кечке жуук Ички иштер министрлиги бул окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин “ээнбаштык” беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлады. Расмий маалыматка караганда, бул жаңжалга тиешеси бар делген бир адам кармалып, дагы бирөөнү кармоо аракети көрүлүүдө.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG