Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:15

Путиндин визити учурунда Астанадагы жарнама экранда Украинанын желеги көрсөтүлгөнү боюнча кылмыш иши козголду


Владимир Путин Астанага келгенде экрандан Украинанын желеги көрсөтүлгөн учур. Соцтармактагы тасмадан алынган скриншот.
Владимир Путин Астанага келгенде экрандан Украинанын желеги көрсөтүлгөн учур. Соцтармактагы тасмадан алынган скриншот.

Казакстандын Ички иштер министрлиги Астанада Орусиянын президенти Владимир Путиндин расмий сапары учурунда жарнамалык LED-экранда Орусиянын желегинин ордуна Украинанын желеги көрсөтүлүп калганы боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.

Путин Астанага келген учурда экранда Украинанын желеги көрүнүп турганы тартылган тасмалар 27-ноябрда социалдык тармактарга тарады. Экранды ылдам өчүрүшкөн. Бейшембиде ал экран иштеген жок. Бул тууралуу "Интерфакс" жазды.

Полиция желек алмашууга бардык версиялар - техникалык мүчүлүштүктөн тартып, экрандын ишине атайылап кийлигишүүгө чейин каралып жатканын маалымдады.

LED-экрандын ээси болгон "Керуен Медиа" компаниясынын ээси Орусиянын желеги көрсөтүлүп жаткан чакта, кабелдин иштен чыгуусунан улам, ак түс өчүп калганын, ал эми кызыл түс телефондон сары болуп көрүнөрүн билдирди.

Ал эми Мамлекеттик техникалык кызмат Астанадагы LED-экран хакердик чабуулдан улам, бузулганын маалымдоодо. "Баштапкы маалыматтар боюнча чабуул чет өлкөдөгү IP-даректен прокси-сервер аркылуу жасалган", деп билдирди мекеме.

Владимир Путин Казакстандын борбору Астанага 27-ноябрда келген. Ошол эле күнү ал казак президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушкан. Ал Астанада Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) саммитине катышып, жаңы "Орешник" баллистикалык ракетасынын бутасына "Киевдеги чечим кабыл алынуучу борборлор алынышы мүмкүн" экенин айткан.


Ноябрдын ортосунда АКШ менен Британия Украинага ATACMS жана Storm Shadow ракеталык комплекси менен Орусиянын ичкери аймагына сокку урууга уруксат бергени белгилүү болгон.

Америка чыгарган ATACMS жана Британияда жасалган Storm Shadow ракеталары бутага жогорку тактык менен узак аралыктан сокку ура алат. Украина бул ракеталар менен Орусиянын чек аралаш аймактарын бутага алганы кабарланган.

Орусия жооп катары 21-ноябрда Украинанын Днепропетровск аймагына “Орешник” жаңы ракетасы менен сокку урган. Орус тарап орто аралыктагы бул ракета үндөн да тез уча аларын, өзөктүк дүрмөт алып жүрүүгө жөндөмдүү экенин маалымдаган.

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган.

Шерине

XS
SM
MD
LG