Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:13

Кумтөрдөгү уулануунун себептери аныкталууда


Кумтөр алтын ишканасы. 7-июль, 2012.
Кумтөр алтын ишканасы. 7-июль, 2012.

Алгачкы жыйынтыктарга караганда, уулануу тамак-аштан чыкканы жана ашканада тиешелүү эрежелер сакталбаганы белгилүү болууда.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык департаменттин бөлүм башчысы Зуридин Нурматовдун айтымында, ууланган 8 адамдан стафилакокк, 11 адамдан жугуштуу ичеги илдетин козгогучтар жана эки адамдан бул эки микробдун аралашмасы табылды. Андан сырткары эки ашпозчудан стафилакокк микробу чыкты. Мындан сырткары ишкананын азык-түлүк цехиндеги сууда микробдор нормадан ашыктыгы, консерваланган балыктардын мөөнөтү өткөнү аныкталды.

Бардыгы болуп Кумтөрдө 150дөй адам ууланган. Алардын 92си учурда ооруканада жатат. Уулангандардын басымдуу бөлүгү Ысык-Көл облусунун аймагындагы ооруканаларга жана Бишкек шаарындагы жугуштуу илдеттер ооруканасына жаткырылган.

Тамак-аштан ууланды деп болжолдонгон Кумтөр ишканасынын жумушчуларын жергиликтүү ооруканаларга жайгаштыруу дале уланууда. Жакынына карап бейтаптардын көпчүлүгү Жети-Өгүз райондук ооруканасына жайгаштырылууда.

Аталган ооруканага барганыбызда бейтаптардын көбү ал-абалы, дегеле окуя тууралуу айтууну анча каалашкан жок. Атын атагысы келбеген алардын бири кантип ооруканага түшүп калганын кыскача айтып бергенге араң көндү:

- 18-июлда жумушта элем. Өзүмдү жаман сезе баштадым. Кустум, денем ысып, башым айланып жатты. Анан бөлмөдө эсимди жоготуп жыгылыптырмын, балдар ошол жердеги медициналык бөлүмгө жаткызышты. Бир аз өзүмө келген соң Кумтөрдөгү медикалга кайрылдым. Ал жерден толтура дары берди, кандай дары экенин да билбей калдым. Ийне сайып, эртеси үйүңө кетесин дешти.

Маектешибиз андан кийин ошол жердеги дарыгерлер өзүндөй эле абалдагы дагы бир бейтапка кошуп, үйүнө кетиришкенин кошумчалады:

- Биздин фамилияларыбызды жазып алышып, анан ылдый түшүрдү. Жолдон кыйналдым. Жакага түшкөндө машина тосуп, Сарууга кеттим. Мен өзүм негизи Бишкекте турам, чыдабай баратканыман жол тосуп, кайын журтума - Саруу айылына келе бердим. Анан ушул ооруканага алып келишиптир. Үйдөн дагы эс-учумду жоготуп коюуптурмун, бул жерге кандай келип калганымды да билбей калдым.

Бейтаптар эмне үчүн ооруканага жеткирилбегенин, эмне үчүн дарыгердин коштоосунда эмес, өз алдынча үйлөрүнө жиберилгенин Кумтөрдүн өкүлдөрү тиешелүү адистердин жетишсиздиги менен түшүндүрүп жатышат.

Жети-Өгүз райондук ооруканасынын башкы дарыгери Садыр Чыныбаевдин айтымында, буга чейин 45 адам ооруканага кайрылды. Эң биринчи бейтап 19-июнь күнү кайрылып, бирок кайда иштээрин айткан эмес:

- Бизге эң биринчи күнү бир киши түштү, анан эртеси топ-топ болуп түшө башташты. Көпчүлүгү үйлөрүнөнөн келип жатышты, себеби аларды үйлөрүнө жөнөтүп жиберген экен.

Ошентип топ-топ болуп келип жаткан бейтаптарды оорукана илгиртпей кабыл алып, тиешелүү чаралар көрүлө баштады дейт Жети-Өгүз райондук санэпидемстанциянын бөлүм башчысы Динара Алыбакова:

- Келгендердин бардыгын кабыл алып жаттык. Биз жугуштуу оорулар бөлүмүн бүт бошоттук. Анан оорулуулар көбөйүп кеткендиктен терапия бөлүмүнө да жаткызып, эшигин бөлдүк. Мындай кадамга карантиндик инфекция болуп калышы ыктымал дегенден улам бардык. Анан ушул күнгө дейре бизге бир да киши алар тараптан (Кумтөрдөн) басып келген жок.

Кумтөрдө уулангандар Ак-Суу райондук ооруканасына 21-июлда жеткириле баштаган. Бул тууралуу ошол күнү нөөмөттө турган дарыгер Шайымбек Кыдыкбаевди угалы:

- Нөөмөттө турсам санэпидемстанциядан телефон чалуу болду 20 орун даярдагыла деген. Анан бизге 17 адам келип түштү. Ичи өтүп, кускандар болду. Айрымдары муундары оорууганын айтып жатышты. Беш-алтоонун абалы оор эле. Азыр абалдары жакшырак, кээ бирөөндө бир аз дененин ысышы байкалууда.

Кумтөрдүн коомчулук менен байланыш кызматы ишканада массалык уулануу болгондугу дароо байкалбагандыгын, байкалары менен Саламаттык сактоо министрлигине кабарланганын билдирүүдө. Ишкананын аймак менен байланыш менеджери Керим Шатманов кооптуу жагдай тууралуу буралды айтты:

-18-июлда ичи өтүп, кусуп, баш айланып жатканын айткан 4 адам кайрылган. 19-июлда болсо кайрылгандардын саны 49 га, 20-июлда 140 кишиге жетти. Бардыгына тез жардам көргөзүлүп, өзгөчө кырдаалга байланыштуу компания облустук санэпидемстанциясына билдирүү жиберген. Азыркы тапта оорунун себептери текшерилүүдө. Учурда ал жерде башкалар менен байланышты болтурбоо максатында атайын жай даярдалып, медициналык жардам сурап кайрылгандар киргизилүүдө.

Учурда Кумтөрдөгү санитардык абалды жана ашкананы текшерүү уланууда. Анын соңунда бардык материалдар прокуратурага берилмекчи.


"Башыбыз айланып жатып калдык"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:26 0:00
Түз линк
  • 16x9 Image

    Мария Колесникова

    "Азаттыктын" Ысык-Көл облусундагы кабарчысы, журналист. К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл Мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG