Өлкөдөгү тигүүчү цехтерде аялдардын эмгек укугу сакталбай, алардын келечегине олуттуу доо кетүүдө. Бул тууралуу акыйкатчынын Кыргызстандагы аялдар жана өспүрүмдөрдүн эмгекке болгон укуктары тууралуу Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде жасаган баяндамасында айтылды.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев өлкөдөгү аялдардын укуктары көбүнесе кийим тигүүчү цехтерде одоно тебеленип жатканын мониторингдин жыйынтыктарына таянып айтты. Цехтердин көпчүлүгү көмүскө иш алып баргандыктан тикмечи менен жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишими түзүлбөйт.
Жумуш артында күнүмдүк нормадан ашык иштөө кадыресе көрүнүшкө айланып, дем алыш күн, эмгек өргүү деген түшүнүк жок. "Ал эми пенсия, жөлөкпул, декреттик акы төлөө тууралуу сөз кылбай эле койсо болот", дейт акыйкатчы:
- Бизди кудай эле сактап жаткан учурлар көп. Мисалы, былтыр августта Москвада чоң өрт чыгып, биздин 14 кызыбыз каза болгон. Кыргызстанда да мындай окуя болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Камсыздандыруу каралбайт, социалдык пакеттер жок, эмгек китепче толтурулбайт. Иш орундары талапка жооп бербейт, биз текшерген тигүүчү цехтерде иштөө шарты, абалы өтө начар. Анын кесепетинен аялдар ден соолугунан да ажырап, бирок ага компенсация ала алышпайт.
Өкмөттө чара көрүүгө мүмкүнчүлүк жетишсиз
Кубат Оторбаев кошумчалагандай, мыйзамсыз иштеп жаткан цехтерди көзөмөл органдары тийиштүү деңгээлде текшербейт.
Өз кезегинде Экологиялык жана техникалык инспекция мыйзам боюнча цехтерге алдын ала кабарлама берип гана текшерүүгө укуктуу экенин айтууда.
Экотехинспекциянын статс-катчысы Таалайбек Асылбековдун айтуусунда, тигүүчү цехтер тарабынан мыйзам бузуулар катталганы менен административдик айып гана салынат:
- Эгерде тигүүчү менен жумуш берүүчүнүн ортосунда эмгек келишим бар болсо, кылмыш ишин козгой албайбыз. Ал эми мыйзам бузуу бар болсо, биз эскертүү берип, бир айдын ичинде оңдоп чыгууга убакыт беребиз. Берилген убакытта эмгек келишим түзүлбөсө, биз административдик жоопкерчиликке тартып, айып салабыз.
Анткен менен депутат Рыскелди Момбеков Экотехинспекция коррупцияга баткан органдын бирине айлангандыктан, “майлуу-сүттүү” жерлерди гана текшерүүгө алып, аялдардын эмгек келишим менен иштебей жатканын көз жаздымында калтырып жүргөнүнө токтолду:
- Экотехинспекция бүгүнкү күндө чоң коррупциялык органга айланды. Алар керектүү жерге барып эле эскертүү бергенге маш. Алсак, “Дыйкан” базарын жапканда алдыда жүрдүңөр. Ал эми адамдардын коопсуздугу, эмгек келишим дегендерди эске албайт. Биз акыйкатчынын баяндамасында эскертүүлөрдү аткарбаган жоопкерчиликтүү адамдарды жоопко тартып, кызматтан айдачусун айдашыбыз керек.
Балдар окуусун кара жумушка алмаштырды
Омбудсмендин иликтөөсү аялдар эмгек укугу менен катар жашы жете элек балдардын укугуна арналып, бул жаатта да жан кейитчү көрүнүштөр бар экендигине токтолду. Окуудан алыстап, кара жумушка тартылган балдар, көчө, айыл жергесинде күнүмдүк оор жумуштарда жүрөт.
Ал турсун балдарды талаа жумуштарына тартуу үчүн сентябрда башталчу окуу программасын узартуу сунуштары түшүп жатканына депутат Наталья Никитенко каршы экенин билдирди.
Бул көйгөй боюнча Билим берүү министрлигинин статс-катчысы Калысбек Шадыханов маселе атайын комиссиянын кароосунда турганын айтат:
- Чындап эле жайкы каникулду узартуу маселеси көтөрүлгөн. Биздин министрликтин позициясы - окуу программасы 1-сентябрда эле башталышы керек. Бирок комиссия азыркыга чейин иштеп жатат жана өз чечимин бере элек. Биз мурдагыдай эле сентябрдан баштап мектеп окуусу башталат деген ойдобуз.
Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргызстандагы аялдардын жана жашы жете элек балдардын эмгекке болгон укуктарын сактоо максатында Жогорку Кеңеш Эл аралык эмгек уюмунун №183 конвенциясын ратификациялашы керектигин белгиледи. Аталган конвенция жарандардын эмгек укуктарын жакшыртууга өз салымын кошо алмак.
Кыргызстанда көмүскө экономика ички дүң өндүрүмүнүн 60 пайызына жетип, жалпы жонунан 1,6 млн адам эмгек келишими жок иштеп жүрсө, анын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Ошондой эле эсептөөлөр боюнча өлкөдө 276 миңден ашык жашы жете элек бала аз акчага, оор жумуштарда жүрөт.
Ал эми расмий эмес маалыматтар боюнча, 300 миңге жакын кыз-келин тигүү тармагында иштесе, анын 90 пайызы көмүскө иш алып барат.