Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

АКШ Кыргызстанды жана Тажикстанды чек ара келишими кабыл алынышы менен куттуктады


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) Кыргызстан менен Тажикстанды чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча тарыхый келишимдин кабыл алынуусу менен куттуктады. АКШнын Мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Тэмми Брюстун бул тууралуу билдирүүсүн Кошмо Штаттардын Кыргызстандагы элчилиги жарыялады.

Брюстун билдирүүсүндө чек ара келишимине жетишкендик эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн дипломатияга жана аймактык туруктуулукка ынтызарлыгын көрсөтүп турганы белгиленди.

"Чек ара чыр-чатактарын жөнгө салуу – өкмөттүн эң татаал дипломатиялык милдеттеринин бири жана биз эки өлкө башчыларынын көрөгөчтүгүн, ошондой эле тоскоолдуктарды жеңүүдөгү чечкиндүүлүгүн баалайбыз. Америка Кошмо Штаттары бул айрыкча маанилүү келишим бекем соода жана элдердин ортосундагы байланыштарды ачууга, ошондой эле, эки өлкөнүн, жалпы аймактын мындан ары өнүгүүсүнө жана тынчтыкты бекемдөөгө жол ачат деп үмүттөнөт", - деп жазылган анда.

Буга чейин Түрк тилдүү мамлекеттер уюму (ТМУ),Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш жана Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) да кыргыз-тажик чек арасы чечилгенин кубаттаган.

13-мартта Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери – Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон кол койгон. Алар чек ара келишимин “тарыхый” деп баалашкан.


27-февралда Жогорку Кеңештин алты комитети биргелешкен жыйынында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча макулдашуулардын долбоорун колдогон.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек аранын жалпы узундугу 1006,84 чакырымды түзөт. Анын ичинен 519,9 чакырым чек ара сызыгы 2011-жылга чейин такталып, жазылып, өкмөттүк делегациялар бекиткен. Ал эми калган 486,94 чакырым тилкеси акыркы үч жыл ичинде такталды.

Чек ара такталбагандыктан буга чейин суу, жер, жол, жайыт талаштан улам аймакта көп чыр-чатак чыккан. 2021-жылы апрель-май жана 2022-жылы сентябрь айларында кандуу кагылыштан адам өмүрлөрү кыйылган. (ZKo)


Шерине

XS
SM
MD
LG