20 жаштагы Адилет үч жылдан бери Орусияда эмгектенип келет. Москванын жашоосуна көнүп калган улан күтүүсүздөн көчөдөн зомбулукка кабыларын ойлогон эмес. Ушул жылдын жай айында ага белгисиз топ эч кандай себепсиз эле кол салган.
- Жумуштан чыгып, беш бала болуп «Авиамоторная» метросуна кирип баратканбыз. Он беш чакты бала бизди көздөй чуркап келатканын көрүп, «тынч кетип калалы» деп эле дароо метронун ичине чуркап кирдик. Аңгыча артыбыздан жетип келишип, мушташ башталды. Алар көптүк кылышты, эмне болгонун деле түшүнбөй калдык. Жонума урулган соккуну, анан бирөөлөр сабап жатканын билем. Эсимди жоготуп коюпмун, кийин ооруканадан эмне болгонун түшүндүм. Башыма жараат алгам. Бир апта ооруканада жаттым, кийин 20 күн жеке ооруканада дарыландым. Досторум көгала болушуптур, бирок оор жаракат алышпаптыр. Кол салгандардын бирөө кармалды. Соту боло элек.
Адилеттин дарылануусуна Москвадагы "Жарандык көмөк" укук коргоочу комитети жардам берген. Комитет бул иш боюнча тергөө ишинин жүрүшүнө дагы көзөмөл салып келет.
Орусияда ашынган улутчулдардын мигранттарга кол салуулары 2007-2010-жылдары күчөгөн. Анда чоң шаарларда мигранттарды туш келди уруп-сабап, алардын өмүрүнө кол салган такырбаштардын акциялары маал-маалы менен өтүп турган.
Москвадагы "Сова" аналитикалык борборунун адиси Наталья Юдина акыркы жылдары мындай кооптуу көрүнүштөр тыйылганы менен коомчулукта келгиндерди кодулаган жана жектеген мамиле токтобогонун айтууда. Адамдарды тышкы келбети, тек-жайына карап жектөөдөн жыл башынан бери Орусияда кырктан ашуун адам жабыр тарткан.
- Мурдагы жылдарга караганда расистик жек көрүүчүлүктөн жабыр тарткандар азыраак. Быйыл Орусиянын 14 региону боюнча ксенофобиялык зомбулуктан төрт адам каза таап, 44 адам жабыркаганы тууралуу маалымат бар. Кол салуулар этникалык көрсөткүчтөр боюнча келгиндерге же чоочундарга карата көбүрөөк. Башкача айтканда, жабыркагандар арасында эмгек мигранттары көп. Алардын ичинен кыргызстандыктарды айтсак, быйыл эки окуя катталган. Новосибирскиде апрелде кыргызстандык студентке кол салуу болгон. Аны өздөрүн "Белая гордость" дегендер көчөдөн сабап, бычак уруп кетишкен. Бул иш боюнча бир айыпкер кармалган, соту жакында болот. Экинчи окуя Москвада июлда "Авиамоторная" метросунда болгон. Бир топ кыргызстандыкка кол салышкан. Алар 18-20 жаштагы балдар болгон, азыр тергөө жүрүп жатат. Акыркы жылдары мындай зомбулуктун, кол салуулардын азайып калганы кубандырат. Бирок коомчулукта келгиндерди жектөө, турмуштук чыр-чатак жана келишпестиктер болуп келет.
Орусияда келгиндерди жектөөдөн чыккан турмуштук чыр-чатактан улам мигранттардын өмүрү кыйылган, ден соолугуна оор залака келген учурлар дале кездешет.
Ушул жылдын 13-октябрында Москванын чет жагында өзбекстандык 24 жаштагы Достон Адеханов каза болгон.
Чач тарачтын ишине нааразы болгон кардар жигитти көчөгө сүйрөп чыгып, учтуу темир менен сайганы видеокамерага жазылып калган.
Адам өлүмүнө айыптуу деп кармалган Павел аттуу Орусиянын жараны аны бул кылмышка жанындагы тааныштары көкүткөнүн айткан.
Адвокат Магомедшамил Шабанов Орусияда ксенофобиялык жана расисттик мамиледен жабыркаган мигранттардын укуктарын коргоонун оорчулугун белгилейт.
Февралда Москвада таксист болуп иштеген тажикстандык Абдулхаким Кенжаевге кол салуу болгон. Кадимки жүргүнчү улутчулдук жектөөдөн улам тажикстандык мигранттын бетине бир нече жолу бычак шилтеп качып кеткен. Магомедшамил Шабанов айыпкер дароо кармалганы менен сот ага 10 миң рубль айып пул жана 300 саат коомдук ишке өкүм чыгарганын айтууда:
- Орусиянын жараны В. Валуевге карата улутчулдук жек көрүүчүлүктөн улам адам ден соолугуна залака келтирүү деген Кылмыш кодексинин беренеси боюнча кылмыш козголгон. Жабыр тарткан Кенжаев өзү жок болсо деле медициналык экспертиза анын жарааттарын жеңил мүнөздө деп аныктап койгон. Анын жаагы кесилип, сүйлөй албай калган. Биз тергөө ишин кайрадан объективдүү жүргүзүп, сот чечимин өзгөртүүнү талап кылып келебиз. Кенжаевге моралдык жана материалдык компенсациянын өлчөмүн көбөйтүүнү сурануудабыз. Учурда ага медициналык жардам керек, бир нече операция жасоо керек.
16-октябрда Москванын Кунцевский райондук соту апелляциялык арыз боюнча бул ишти карап чыгып, мурдагы сот чечимин өзгөртүүсүз калтырган.
Акыркы кезде орус бийлиги мигранттардын Орусияда социалдык- маданий адаптация жана интеграция маселелерине көнүл буруп жатышат. Ал эми көз карандысыз адистер коомчулукта улут аралык мамилени жакшыртуу, толеранттуулукту өрчүтүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп келишет.