Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Матраимовду жазган активист камалды


«БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробеков акыркы жолу Райымбек Матраимов жөнүндө пост жазган.
«БеспределKG» баракчасынын модератору Афтандил Жоробеков акыркы жолу Райымбек Матраимов жөнүндө пост жазган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) «Аймак аралык касташууну козутту» деген айып менен социалдык тармактардагы «БеспределKG» баракчасынын негиздөөчүсү, активист Афтандил Жоробековду кармап, сот чечиминин негизинде эки айга камады.

Атайын кызмат кылмышка шектүүгө "Интернетке чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды жайылтып, массалык нааразылык акцияларын уюштурууга үндөгөн" деген кине тагууда.

Жоробековдун жакындары муну Кыргызстандагы мыйзамсыз иштерге каршы пикирин ачык айтып, баракчасы аркылуу бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылганы үчүн сөз эркиндигинен ажыратуу катары баалап жатышат.

«БеспределKGнин» «Фейсбуктагы» баракчасына акыркы учурларда Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштер жана ал боюнча журналисттик иликтөөдө аты аталган адамдар боюнча маалыматтар байма-бай жарыяланып турган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгы аймак аралык касташууну козутуу фактысы боюнча социалдык тармактардын активдүү колдонуучусун (А.Ж.) 24-ноябрда кармаганын үч күндөн кийин кабарлады.

Атайын кызматтын расмий өкүлү Рахат Сулайманов «Азаттыкка» шек саналган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилгенин айтып, ага коюлган айып тууралуу буларды белгиледи.

Рахат Сулайманов.
Рахат Сулайманов.

- Такталгандай «А.Ж.» жалган, чагымчыл жана учурдагы өкмөттү жамандаган маалыматтарды социалдык тармакта колдонуучулардын арасында жайылтып, массалык нааразычылык актыларын уюштурууга үндөгөн. Натыйжада колдонуучулар арасында каршы ойлор жаралып, бири-бирин жек көрүү түрүндө аймак аралык касташууну жараткан. 2019-жылдын 25-ноябрында «А.Ж.» Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-беренеси («Аймактар аралык касташууну козутуу») боюнча кылмышка шектүү экени билдирилген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) атын толук атабаган адам «БеспределKG» баракчасынын администратору, активист Афтандил Жоробеков экенин жалпыга маалымдоо каражаттары жана социалдык тармактардын колдонуучулары жазып чыгышты.

Кийинчерээк Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз катчысы Асел Равшанбекова камакка алынган адам Жоробеков экенин, 26-ноябрда анын бөгөт чарасы каралганын билдирди.

Асел Равшанбекова.
Асел Равшанбекова.

- 26-ноябрда сотко Башкы прокуратурадан Жоробековдун кармалышын жана ага коюлган айыптын мыйзамдуулугун текшерүү үчүн материал келген. Анда Жоробековду камакка алуу боюнча бөгөт чарасын тандоо өтүнүчү да келтирилген. Сот 26-ноябрда прокуратуранын өтүнүчүн канааттандырып, Жоробековду соттук өндүрүш аяктагыча, 2020-жылдын 24-январына чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) убактылуу кармоо жайына камакка алуу чечимин чыгарды, - деди Равшанбекова.

Андан соң Афтандил Жоробековдун карындашы Чынара Темирова агасынын камалышы боюнча «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу президентке кайрылып, билдирүү тараткандан кийин гана УКМК кошумча маалымат берди.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта кармалган адам «БеспределKG» баракчасынын администратору экени бышыкталып, ал бир нече жолу аймак аралык жаңжалды козутууга үндөгөн чагымчыл мүнөздөгү маалыматтарды таратып, зордук-зомбулук иш-аракеттерге түрткү болгону жазылган.

Афтандил Жоробеков
Афтандил Жоробеков

Ошондой эле Жоробеков көзөмөлдөгөн баракчага буга чейин жарыяланган билдирүүлөр тартылган сүрөттөр тиркелген. Анда «Курманбек Бакиевдин Кыргызстанга келишин каалайсыңбы?» деген сурамжылоо, Бишкекте көчөдө кишилерге бычак көтөрүп чуркаган киши боюнча «Атып салыш керек болчу» деген сыяктуу билдирүүлөр жана алардын алдына жазылган пикирлер мисал келтирилген.

Афтандил Жоробеков 24-ноябрда же Кыргызстандын бажысындагы коррупциялык иштерди ачыктаган журналисттик иликтөөгө бийликти чара көрүүнү талап кылган «#REакция» аттуу жарандык акцияга бир күн калганда кармалган.

23-ноябрь күнү «БеспределKG» баракчасына «Бийликти чара көрүүгө мажбур кылабыз» деген аталышта элди акцияга келүүгө чакырган билдирүү чыккан.

Афтандил Жоробековдун карындашы Чынара Темирова 27-ноябрда «Фейсбуктагы» баракчасы аркылуу президентке жана коомчулукка кайрылуусунда агасы ушул жана дагы бир билдирүүсү үчүн камалганын айтты.

- Коюлган айыпка далил катары «БеспределKG» баракчасындагы «Хабибула жана Соке Райымды алып чыгып кетишти» дегенди көрсөтүп жана ал 25-ноябрда элди тынчтык митингине барууга үндөгөнү үчүн айыпташууда. Афтандил Оштогу мектептердеги коррупцияны чагылдырган. Ал бийликке чындыкты айтуудан коркчу эмес. «БеспределKG» баракчасы аркылуу коомдогу маселени алып чыгып, бийликтин көңүлүн бурууга аракет кылчу. Биз УКМКнын бул аракетин Афтандилди сөз эркиндигинен жана оюн ачык айтуу укугунан ажыратуу деп баалайбыз.

УКМК тараткан скриншот.
УКМК тараткан скриншот.

«БеспределKG» «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору» (OCCRP) жана анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» маалымат агенттиги чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо» деген иликтөөнү жарыялаган.

«БеспределKG» 23-ноябрда жарыяланган постто бул иликтөөдө аты аталган Хабибулла Абдукадыр Райымбек Матраимовду ири суммадагы акчасы менен чыгарып кеткени жана Матраимовду президент Сооронбай Жээнбеков өзү узатканы жазылат. Учак Самаркандга багыт алганы кошумчаланган.

Бул баракча андан тышкары Кыргызстандагы чуулгандуу иштер боюнча айрым ачыкка чыкпаган маалыматтарды, документ жана видеолорду да жарыялап келгени менен белгилүү. Көбүнчө «Фейсбукта» активдүү иш алып барып, анда 109 миң катталуучусу бар. Мындан тышкары башка да социалдык тармактарда баракчалары ачылган.

Афтандил Жоробековдун атын ачыктагысы келбеген жакын тааныштарынын бири УКМК Жоробековду буга чейин чакырып, андан «БеспределKG» баракчасындагы ишмердүүлүгүн токтотууну талап кылып, эскертүү бергенин айтты. Бирок ал андан баш тарткан.

Фактчек менен алектенген журналист Болот Темиров Жоробековдун иши боюнча пикири менен бөлүштү.

- Жаран катары менин пикиримде УКМК бул маалыматты жөн тараткан жок. Алар элге, митингге чыккандарга жана өз оюн ачык айтып жүргөндөргө коркутуу катары эскертүү берди окшойт. «Мына бизде да күч бар. Биз ар бириңерди жоопко тартабыз» деген коркутуу катары кабыл алдым.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) буга чейин социалдык тармактарда аймак аралык касташууну козутуу жана элди жаатташтыруу боюнча жоопко тартылган факт бар деп, бирок санын тактап бере алган жок. Атайын кызмат коомчулукта чуу жараткан маселелер көтөрүлүп, ал Интернетте кызуу талкууланган учурларда чагымчыл маалыматтарды тараткандар жоопко тартыларын эскертип турат.

Юрист Акмат Алагушев акыркы сөз болуп жаткан окуя боюнча «Азаттыкка» пикири менен бөлүштү.

- Айып коюлгандан кийин «бул киши мына ушуну жазды» деп даана көрсөтүп бериши керек. Эгерде жарыяланган посттун алдында социалдык тармактын колдонуучулары бири-бирин менен уруша кетип, ар кандай комментарийлерди жазса чагымчылдык болду деп айта албайбыз да. Андан кандайдыр бир иш-аракеттер болгон жок. Ал пикир бойдон калды. Конституцияда эркин ой-пикир айтуу кепилденген.

«Медиа Полиси Институту» уюму Афтандил Жоробековго коюлган «Аймак аралык касташууну козутуу» беренесинин негиздүүлүгү боюнча УКМКга суроо узатты.

Уюм кайсы мыйзамда баракчанын администраторуна жарыяланган билдирүүгө жазылган комментарийлерди тескөө милдети жүктөлгөнүн жана жүзүн жашырган троллдор комментарий калтырса, кандай чара колдонуларын сурады. Ошондой эле бул берене боюнча 5,5 жылдан 7 жылга чейин абакка кесүү жазасы карлаганын эске салды.

Социалдык тармактын колдонуучулары болсо Жоробековду колдоо иретинде «Мен/биз Афтандил Жоробеков» деген сүрөттөрдү жарыялап жатышат. «Адилет» укук клиникасы Жоробековго юридикалык жактан жардам берерин жарыялады.

Журналист Азият Жекшеев Жоробековдун иши тууралуу мындай деди:

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

- Аймак аралык мамилени курчутуу бул албетте жаман нерсе. Ал үчүн сөзсүз жоопкерчилик болуш керек. Бирок ошол эле учурда бийликти сындап, аларга каршы пикир жаратуу жана социалдык тармактар аркылуу элди акцияга чыгууга үндөгөнү үчүн чара колдонулбашы керек. Мисалы, акыркы «#REакция» жарандык акциясы боюнча социалдык тармакта миңдеген кишилер жазышты. УКМКнын бул билдирүүсү «мындай акцияны негизги маалымат кылып чыгарбагыла. Бийликке каршы мындай пикирди жаратпагыла» деген үгүткө окшошуп турат. Бул туура эмес. Анткени ар бир жаран жасалып же жасалбай жаткан тигил же бул ишке ишеним көрсөтүү же көрсөтпөөгө укуктуу. Ага эч ким тыюу сала албайт.

«БеспределKG» баракчасынын ээсине байланышкан окуя Интернеттеги эркиндик маселесин да козгоду. Бегилүү болгондой, Жогорку Кеңеште маал-маалы менен өлкөдө социалдык түйүндөрдү көзөмөлдөө тууралуу сунуштар да айтылган учурлар болот.

Былтыр «Freedom House» эл аралык укук коргоо уюмунун Интернеттеги эркиндик деңгээли боюнча акыркы баяндамасында Кыргызстан 65 мамлекеттин арасынан 38-орунду ээлеп, «Интернети жарым-жартылай эркин» мамлекеттердин катарына кирген.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
XS
SM
MD
LG