Социалдык медианын Борбор Азиядагы мамлекеттик башкарууга тийгизген таасирин «The Diplomat» басылмасынын талдоочусу Коллин Вуд иликтеди.
«Кыргызстанда саясатчылар ар түрдүү социалдык түйүндөрдө өзүнө керектүү платформаны түзүп жатышат. Мисалы, депутат Дастан Бекешев 2014-жылы эле өз баракчалары менен элге таанылган. Ал кезде калктын 28 пайызы эле соцтармакта олтурчу. Жергиликтүү башкарууда да социалдык түйүндөр күчтүү курал болуп баратат. «Бишкек 312» аттуу тиркеме чыгып, көчөлөрдөгү жыртык-тешик, кем-карчты жергиликтүү эл сүрөткө, видеого тарта салып, тармактарга таркатары менен тийиштүү органдар дароо кемчиликти оңдогон, буга кошумча жооптуулар тамашалуу быйтыкчалары менен пост жазып, жасалган иштин жыйынтыгын койгон учурлар күн сайын кездешүүдө.
Казакстанда да бул тажрыйба акырындап жөнгө салынганы менен мамлекеттик органдардын социалдык түйүндөгү аккаунттарына караганда жооптуу кызматкерлердин «Твиттер» баракчасы күчтүү. Мисалы, Алматы шаарынын бийлиги Көк-Жайлоо улуттук паркына байланыштуу долбоорду «Фейсбукка» расмий жарыяласа эл реакция кылбай, шаар башчы Бауржан Байбек менен ошол кездеги премьер-министр Касым Жомарт Токаевдин «Твиттерге» жазганы дароо көп окурмандын көңүлүн бурду. Өзбекстанда Ислам Каримов көз жумгандан кийин бийлик «мамлекеттик органдардын иши, бюрократия, мыйзамсыз көрүнүштөр тууралуу кабарлагыла» деп онлайн портал ачкан. Ачылары менен бул порталга 1,4 миллион арыз түшкөн. Бирок «Freedom House» уюму 2018-жылдан бери Өзбекстанда жарандардын арызы онлайн түрүндө кабыл алынбай калганын кабарлады. Ал арада өзбек эли «Телеграм» шилтемесин кеңири колдонууда. Түркмөнстан менен Тажикстан «фейсбукташуудан» эң артта калган өлкөлөрдөн. Бул эки мамлекетте Интернет кымбат жана өтө чабал. Ошентсе да Борбор Азиянын бийлиги салттуу медиа платформалардан да баш тарта элек. Маселен, Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев кызматтан кеткенин соцтармак аркылуу эмес, теледен кабарлады», - деп жазат Вуд.
Кытай карызынын сары санаасы
Бээжиндин Европадагы, Түштүк-Чыгыш Азиядагы өнөктөштөрү быйыл «Бир жол - бир алкак» долбооруна өзгөчө көңүл бурууда. Бирок дал ошол жол өтө турган Кыргызстан Кытайга төлөчү миллиарддаган долларлык карызын кантет?» - деген суроого «South China Morning Post» гезитинин талдоочусу Калинга Сеневиратне жооп издеген.
Анын маалыматына караганда, 2013-жылдан бери Кытай ири долбоор өтчү өлкөлөрдүн инфратүзүмүнө миллиарддаган доллар каражат сарптоодо. Кытайдын Батыштагы жана Чыгыштагы өнөктөштөрү менен өткөргөн форумуна Борбор Азиядан Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбековдун эле кошулганы бир топ суроону жаратты. Кытайдын таасири арткан сайын Кыргызстан алган карызын төлөй алабы деген сарсанаа күчөдү. Борбор Азия университетинин мамлекеттик башкаруу институнун директору Роман Могилевский Кыргызстан карызды кайтарууда азап тартарын белгилейт. Узаган айда ал бул боюнча макала жарыялап, Кыргызстандын өтө тездик менен көбөйүп жаткан карызын эсептеген. Маселен, 2008-жылы Кыргызстан Кытайга 9 миллион доллар карыз эле. Бул сумма 2017-жылы 1,7 миллиард долларга чейин өсүп, он жылда 189 эсе арбыган. Могилевский эми карызды кайтарууда бир топ кыйынчылык жараларын эскертет. Аталган институттун дагы бир окумуштуусу Кемел Токтомушев Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы «тарыхый тирешүү» токтогону менен өз ара ишенимдин жоктугу маселени курчутарын белгилейт. Коомчулукта «Кытай жол оңдогону карыз бергени менен жергиликтүү элди ишке тартпай, кайра эле өз жарандарын жиберип, карызга алган акчаны өзү иштетүүдө» деген да түшүнүк бар. Анткен менен «Бир жол - бир алкак» долбоорунан пайда тапса болот деп эсептегендер да арбын. Маселен, Туристтик агенттиктер биримдигинин жетекчиси Асылбек Ражиев жаңы жол аймакка туристтерди тартарына ишенет.
Европанын азайган калкын Евразия басып өтөт
«Intellinews» журналы Европа демографиялык мүшкүлгө кептелгенин жазып чыкты. Борбордук, Чыгыш жана Түштүк-Чыгыш Европадагы өлкөлөрдө XXI кылымдын аягына чейин «беш кишинин экөө кемип, айрым жерлерде элинин жарымы жоголору» баяндалат.
Ошол эле учурда Борбор Азиянын калкы азыркыдан эки эсе көбөйүп, айрым Европа өлкөлөрүн басып өтөт. Бириккен Улуттар Уюму Албания, Болгария, Хорватия, Латвия, Молдова, Польша элинин 40 пайызы кылым соңуна чейин азаярын божомолдойт. Европадагы ар бир өлкөнүн калкы жок дегенде 14 пайызга азаят. Бирок Евразияда жагдай тескерисинче өнүгөт. Автор Клэр Наттол Орусиянын эли азайганы менен Украина, Кыргызстан, Тажикстан сыяктуу коңшу өлкөлөрдөн барган мигранттардын эсебинен демографиялык туруктуулук байкаларын жазып, Борбор Азияда калкынын саны боюнча Европаны басып өтчү өлкөлөрдү тизмектеген. 2039-жылы Өзбекстан калкынын саны жагынан Украинаны басып өтөт. Мындан тышкары бул өлкө аймактагы экономикалык жагымдуу атмосфераны жаратууда. Азыр согуш менен экономикалык кыйынчылыктан улам миллиондогон украиндер мекенинен кетип жатат. 2058-жылы Тажикстандын эли румындардан ашат. 2100-жылга чейин тажиктер 18 миллионго жетери божомолдонгон. 2076-жылга чейин Монголиянын эли Болгариядан ашат. 2019-жылы Казакстан калктын өсүшү жагынан Польшаны басып өтөт.
Эки жыл мурун Борбор Азия менен Монголиядагы элдин саны 74,8 миллион адам болгон. Бирок макаланын автору алдыдагы жылдары демография кескин өзгөрүп, анын таасири экономикага да тиерин кеңири иликтеген.
Австралия жапайы мышыктарды кырып жатат
«CNN Edition» басылмасы Австралияда 2 миллиондой жапайы мышыкка аңчылык жүрүп жатканын кабарлады. Айрым аймактар бир мышыкты жок кылганга 7 доллар төлөп берерин жарыялашты.
Жалпы саны 6 миллионго чукул жапайы мышыктар 1 миллион чымчыкты, 1,7 миллион сойлоп жүрүүчүлөрдү кырып, бул аймактын фаунанына коркунуч жараткандан улам ушундай кескин чаралар көрүлүп жатат. Улуттук баалуулукка кирген куштар менен сойлоп жүрүүчүлөрдү сактап калууну көздөгөн бийликти мышыкты жакшы көргөндөр сындап чыгышты. Бирок бийлик андай сынга көңүл бурбай, 2020-жылга чейин жапайы мышыктарга каршы «согушту» улантуу планын жарыялады.