Социалдык желедеги баракчалар Асанов жумуштан алынгандан көп өтпөй эле пайда болуп, Интернетти колдонуучулардын эки жаатка бөлүнгөн кайым айтышуу аянтчасына айланды.
Эксперттер кыргыз аткаминерлеринин пиар-аккаунттары элге жакындашуу үчүн эмес, жеке мүдөөсүндө колдонуларын сындап жатышат.
Күтүүсүз алмашкан аккаунт
Наргиза Кудаярова кийим саткан дүкөндөрдүн биринин «Инстаграмдагы» баракчасын жоготуп алды. Ага бир жылдай мурун жазылган экен. Аккаунттагы бардык маалыматтар өчүп, ордуна күтүүсүздөн эле ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин сүрөттөрү жарыяланып, мактап-жактаган посттор жазыла баштаган.
«“Инстаграмды” карап отуруп лентада Кашкар Жунушалиевдин сүрөттөрү көбөйүп калганын көрдүм, - дейт ал. - Байкасам, ал ошол кишини колдогон баракча экен. «Министрдин жактоочусу болбосом, кантип эле бул аккаунтка жазылып калдым экен» десем, ал мурда мен катталган кийим саткан дүкөндүн баракчасы экени. Таң калдым, анан аккаунттан баш тарттым».
Жунушалиевди мактаган аккаунт ички иштер министринин мурдагы орун басары, «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп жумуштан бошотулган Курсан Асановду колдогон баракчага удаа ачылды. Аталыштары да окшош. Бири - «za_asanova», экинчиси - «za_zhunushalieva».
Курсан Асановду колдогон баракча 16-августтан тартып сүрөттөр менен видеолорду жарыялай баштаган. Аккаунтту ким башкарып жатканы белгисиз. 19-августта катталуучулардын саны 19 миң 700гө жетти.
Кашкар Жунушалиевди сүрөгөн баракчага болсо 76 миң 300 адам жазылган. Аны да ким башкарып жатканы анык эмес. Сүрөт-видеолор 16-августта жарыялана баштаганы менен баракча өзү 2017-жылы ачылганы белгилүү болду. Ал жерге пикир калтыргандар аккаунт мурда кийим саткан дүкөндөрдүн бирине таандык экенин жазып жатышат. Аккаунттун администратору дүкөн жөнүндөгү маалыматтарды тазалап чыкканы менен «досуңду белгиле» деген функциядагы бир реклама өчпөй калган.
Ал эми Курсан Асановду колдогон аккаунт мурда башкаларга таандык болгону жөнүндө маалыматтар жок. Ага жазылгандардын көбү жаңы эле ачылганын белгилеп жатышат.
Асановду жактаган видеолорду көргөндөр сегиз миңден ашып, сүрөттөрүн жактыргандар эки миңден көп. Жунушалиевдин сүрөттөрүн орто эсепте 150-200 адам жактырууда. Пикир калтыргандар эки жаатка бөлүнүп, кайым айтышкан комментарийлер жазылууда.
Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы министрдин баракчага тиешеси жок экенин, аны тарапкерлери гана ачып койгонун билдирди. Курсан Асановдон аккаунттун чоо-жайын тактай алган жокпуз.
Өлкөдөгү соңку саясий окуялардын фонунда бул эки баракчаны Асанов менен Жунушалиевдин тиреши катары да баалагандар да бар.
Курсан Асанов 8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди тергөөгө барууга ынандырганы жөнүндө видео тараган. Анын артынан социалдык тармактарда Курсан Асановду мактап, «министрдин ордуна татыктуу» дегендер көбөйгөн.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин сунушу менен Асановду 13-августта кызматтан алган. Ички иштер министрлиги Курсан Асанов боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөнүн, «милициянын кызыкчылыгын сатканы, ишенимден кеткени» аныкталганын жарыялаган. Мындан улам эксперттер "Инстаграмдагы" эки баракчаны алардын тирешинин уландысы катары сыпаттап жатышат.
Аккаунт сатып алуу - кадыресе көрүнүш
Соцтармактарда пиар-баракчаларды жүргүзүүчү адис Асел Сооронбаева кыргыз жетекчилеринин аккаунттарына көз салып, жасалма жана чыныгы баракчаларды иликтейт. Ал Кыргызстанда социалдык желеде баракчаларды сатып алып, өз кызыкчылыгына пайдалануу кадыресе көрүнүш экенин билдирди:
«“Инстаграмдын” өзүнүн эрежеси боюнча аккаунтту сатып алганга болбойт. Бирок катталуучулары көп профил ээлери сатып эле жүрөт. Кыргызстанда «Инстаграмдагы» ар бир катталуучу үчүн 50 тыйын төлөнөт. Шайлоо жакындаганы үчүн жакын арада 1 сом 50 тыйынга чейин көтөрүлөрү божомолдонуп жатат».
Асел Сооронбаеванын айтымында, аккаунт сатуу менен тымызын алектенгендер бар. Алар саясатчыларга, белгилүү кишилерге кызматтарын да сунуш кылышат.
«Кыргызстанда аткаминерлер социалдык тармактарды колдонууда көбүнчө жеке кызыкчылыктарга басым жасайт, эл менен ортодо көпүрө катары пайдаланган аткаминерлер саналуу эле», - деди ал.
Медиа-эксперт, пиар-адис Гүлнура Төралиева болсо саясатчылардын атын жамынган баракчалар да болорун, алар ушул жол менен киреше табарын айтты:
«Көпчүлүк аткаминерлер баракчаларын өздөрү эле ачып, өздөрү жүргүзүшөт. Айрымдарын пиар-командасы иштетет. Кээ бир кишилер болсо саясатчылардын, белгилүү инсандардын атын жамынган аккаунттарды ачып, катталуучулардын санын көбөйтүп алат да, кийин аны акчага башкаларга сатышат. Мисалы, Сапар Исаков өкмөт башчы болуп турган кезинде расмий баракчасын иштеткенбиз. Бирок дагы үч фейк-баракча бар эле. Алар 20 миңден катталуучу чогултуп, башкаларга сатып жиберишкен».
Төралиева социалдык тармак пиар-аянтча экенин белгилеп, бирок ал ыплас атаандашуу ыкмасында колдонулбашы керек деген оюн кошумчалады.
Кыргызстандык саясатчылардын көбүнүн социалдык желеде аккаунттары бар. Бирок верификация алынбагандыктан, алардын кайсынысы чыныгы экени белгисиз. Андан тышкары, тигил же бул саясатчыны жактаган атайын баракчалар да бар. Арасында камактагы саясатчылар Өмүрбек Текебаевди, Садыр Жапаровду, президенттикке талапкер болгон Адахан Мадумаровду колдогон баракчалар популярдуу.