Сталиндик өкүмзор бийликтин азабын тартып, ушу тапта таң калууну гана жаратчу жоругу үчүн катаал жазага кириптер болгондор миллиондоп саналат.
Убакыт улам арылаган сайын совет бийлигинин тушунда куугунтукка кабылгандар тууралу маалыматтар азайып, баары мезгил барагында унутулуп калып баратат. Анын үстүнө репрессия курмандыктарын изилдөө саналуу гана илимпоздордун аракети менен улантылууда. Маселенин баары кендирди кескен каржыга, ага кошулуп илимге карата ичим тап мамилеге байланып, маанилүү иш арабөк калууда.
Үч кап буудай үчүн беш жылга эркинен ажыратылган коммунист кампачынын кийинки тагдыры кандай болгону белгисиз.
Айрым илимий мекемелердин демилгеси менен репрессияга туш келгендерди эскерүү китеби түзүлүп, анда 20 миңден ашуун адамдын иштери боюнча маалыматтар топтолгон. Ошол жасалып жаткан аракеттердин көбү кайсы бир демөөрчүнүн же четтен келген гранттык акчанын эсебинен жасалып жатат.
Бул жагынан канатташ Казакстанда бир топ алгылыктуу иштер жүргүзүлүп жатканын Кыргызстандагы репрессия тарыхын изилдеп келаткан окумуштуу Жумагул Байдилдеев биз менен маегинде минтип белгиледи эле.
«Кийинки эки жылда казакстандык илимпоздор менен ишибиз жемиштүү болуп, жаңы архивдик табылгалар табылып жатат. Алар болгон жардамын берип, көмөк көрсөтүп жатат».
Кыргызстандагы репрессиянын эстелиги - Чоң-Таштагы эски кыш бышырчу чуңкур, «Ата-Бейит» аталган азалуу жер. Бул жалгыз Кыргызстан эмес, жамы совет өлкөсүндөгү жаңы табылган тарыхый жер. Ал жерде жашырылган кайрандардын сөөгүн казып чыгууга катышкан Болот Абдрахмановдун айтымында, чуңкурдан 138 кишинин сөөгү табылган. Табылгандардын 137си ким экендиги аныкталган, акыркы 138чиси ким экени белгисиз. Ушу азыркыга чейин ошол акыркы күбөнүн ким экени, ал кантип жана кандайча ноябрда атылган кайрандардын катарына кошулуп калышы белгисиз. Кандуу кылмышка аргасыз күбө болуп калган бир бечаранын ысмы ошентип унутта калып кетти.
«Өз колум менен каздым да. Ошондо биз чынын айтканда 138 кишинин сөөгүн чыгардык. Бул жердин уникалдуулугу - КМШ өлкөлөрү боюнча ушул биринчи табылган жер болуп атпайбы. Кыш бышырган мештин 3-3,5 метр тереңдиктеги алдынан сөөктөр менен кошо кийимдердин фрагменттери чыга баштады. 53 жылдын ичиндеги ошол жердеги шарттардан улам кийимдер чирип кетпептир».
Орто дыйкандын уулу
Кыргызстандын Саясий документтер архивинде Абдрайым Абдрахмановдун өз колу менен толтурган өмүр баяны сакталып турат. Архивдеги башка материалдардан айырмаланып, Абдрайым атанын жазгандары кыргызча, өз колу менен, сыя жазуу менен толтурулган. Архивдин жетектөөчү кызматкери Айнагүл Табышеванын көмөгү менен алынган ал документтерде бир топ кызыктуу маалыматтар топтолгон. Анда Абдрайым ата өзү тууралуу мындай деп жазган:
«Мен, Абдрахманов Абдрайым, 1908-жылы Семиреченск область, Күңгөй Аксу болушу орто дыйкан үй-бүлөсүндө туулганмын.
Өз атам болсо орто дыйкан болот өзү. Эч мансапта болгон эмес. 1917-жылы өз ажалынан ооруп өлгөн. Энемди болсо атам өлгөндөн кийин Кашкараев Байбосун алган болчу. Ошондон кийин мен өзүм чоң энемдин колунда калып, чоң энемдин тарбиясында өстүм. 1916-жылы эл үрккөндө Текеске барып, кайта келгенде 1919-жылдан 1921-жылга чейин Байтубаев Чычканбайдын коюн кайтардым. Ошондон кийин Көлгө келип Гирбевкадагы Адолка деген орустун уюн 1922-жылга чейин кайтардым.
Ошол жылдан кийин Сазановкадагы Москаленков Ивандын малын 1925-жылга чейин кайтардым. 1925-жылдан 1930-жылга чейин Тегирменти айылында өз дыйканчылык кызматында иштедим. 1930-жылдан колхоз уюшулгандан тартып 1934-жылга чейин өндүрүштө кара кызмат иштедим. 1934-жылдын 1-октябрынан тартып өндүрүш бригадасынын кызматын 1937-жылга чейин аткардым. 1937-жылы колхоз мал чарбасынын ишинде иштедим».
Бекер иштеген кампачы
Абдрайым Абдрахмановдун жүз миндеген репрессия курмандыктарынын катарына кошулуп калышы да кызык. Ал кайсы бир башка партия мүчөсү же революцияга каршы иши, чет эл тыңчысы сындуу 30-жылдардын көнүмүш айыптарына малынбай, социализм заманындагы оор кылмышы үчүн айыпка кесилген. Айыбы - колхоз кампасын кармап турганда 300 килого бир аз жете бербеген буудайды жок кылып койгону. Ал буудайды өзү алганбы же бирөөгө бергенби, сатканбы, уурдаганбы – бул тууралуу эч кандай сөз жок, «ушунча чыгым келтирген» деген кеңселик стилдеги маалымат гана архивде сакталып калган. Абдрайым Абдрахманов өзү камакка алынганга чейин Пржевальскиде башкарманын курсунда окуганын, андан соң кампада иштеп жатканын маалымдаган.
Ал өзү мурда байлардын малын багып, кийин колхоз уюшулганда кыска мөөнөт курсту аяктап келип кампачы деген кызматка жетишкен айылдык актив экен. Кампачы - колхоз мүлкүн кармап, башкармадан кийинки эле бул ишке жооптуу адам.
Сталиндик заманда бир баштык машак же эки чөнтөк кызыл буудай үчүн соттолгондор көп болгон. Колхозчу совет бийлиги үчүн жыл бою бекер иштеп берчү үн-сөзү жок мээнеткеч болчу. Колхоз болсо жогортон түшкөн планын аткарып, кошумча социалисттик милдеттенмесин төккөндөн кийин ашкан эгинин эмгек күнүнө жараша колхозчуларга бөлүштүрчү. Колхозчунун колуна паспорт да берилчү эмес. Айлык деген колхозчунун түшүнө да кирчү эмес. Колхоздон чыгып башка жакка кете албаган айыл чарбачыларына өздүгүн ырастачу документ - паспорт Никита Хрущевдун бийлиги тушунда гана бериле баштаган. Болду анан, эңгезер СССРде жапырт айылды таштап шаарга агылгандар көбөйгөн.
Унутта калган репрессия курмандыктары
Унутта калган репрессия курмандыктары
Кыргызстанда 8-ноябрь – Сталиндик репрессиянын курмандыктарын эскерүү күнү деп жарыяланган. Бирок бул жылы да ал күн бийликтин көз жаздымында калды.
Сталиндик башкаруу системасынын айыл чарбасындагы эң оор катасы - колхоздорду уюштуруу, болгон мал-мүлктү ортолукка алуу болгон. Ал үчүн бийлик жүз миңдеген колунда бар калкты бай-манап, кулак деп алыс жерлерге сүргүнгө айдаган, көбүн атып-асып жок кылган. Абдрайым Абдрахманов мына ушундай оор заманда жашаган.
Дегеле анын жашоосу жеңил болгон эмес. Тогуз жашында атасынан ажырап, апасы башка бирөөгө тийип кеткенден кийин чоң энесинин колунда калып турмуштун оор жүгүн каргадай бала кезинде мойнуна илип, кийин Пржевальскиден окуу окуп келген соң колхоз кампачысы боло коюп, ал жерден абакка түшүп отурбайбы.
Бала кезинде байлардын малын багып, эгинин жыйнап жүргөндө баары жөнөкөй, түшүнүктүү болчу. Жок эле дегенде анын курсагы ток, эртеңки жашоосунан бейкапар эле. 1930-жылдары мурдагы жеке чарбалар ирилешип, колхоз менен кошо башаламандык башталып кетти. Жаңы экономикалык саясаттын аркасы менен малдуу болуп ирденип, жер иштетип байып алгандардын шору куруп куугунтукка алынып, жаңы колхозго кошулуп ачарчылык, жут деген балакеттер башталган. Айласы куруган элдин өлүп калбашы үчүн колхоз мүлкүн уурдоодон башка амалы жок болчу.
Абдрайым жаңы бийликке, Коммунисттер партиясына өзгөчө үмүт арткан. Ошон үчүн ал 1940-жылы Тегирменти баштапкы партия уюмуна кат жазып, ВКП(б)га кандидат кылып кабыл алууну өтүнүп, берилген партиялык тапшырмаларды так аткарууга, «Ленин-Сталин партиясынын тапшырмасын дайыма аткарууга өз убагында даяр» экенин билдирген. Партия мүчөсүнө Абдрайым Абдрахманов 1941-жылы кабыл алынган.
Бирок 1947-жылы колхоз мүлкүн ыксыз ысырап кылгандыгы үчүн партиялык катаал жазага туш келип, сөгүш алган. Бул анын колхоз кампасынын башчысы болуп тургандагы иши үчүн алган жазасы болчу. 1948-жылы Ысык-Көл райондук партия комитети Абдрахмановду партиянын катарынан чыгарып, анын ишин кароону тергөө органдарына жөнөткөн.
Райондук партия комитетинин бюросунда кампачы Абдрахманов Көк-Дөбө колхозунун кырманында кампачы болуп турган кезинде колхоздуку деген эгинден 297 кило буудайды уурдагандыгы үчүн Ысык-Көл райондук соту Абдрайым Абдрахмановду 1948-жылы 19-мартта беш жылга эркинен ажыраткан. Үч кап буудай үчүн беш жылга эркинен ажыратылган коммунист кампачынын кийинки тагдыры кандай болгону белгисиз.
Абдрайым Абдрахмановдун үч кап буудай үчүн камалып кетиши катаал учурдагы катардагы көрүнүштөрдүн бири болчу. Тоталитардык система элдин жашоо-турмушу оорлогон сайын жазалоону күчөтүп, ансыз да үшү качкан калкты үнсүз, жогортон түшчү буйрукту ойлонбой аткарчу механизмге айлантып койгон.
«Элдин көңүл башкага буруш керек эле...»
Сталиндик репрессиянын аябай күчөгөн кези 1936-1938-жылдарга, согуштан кийин 1946-1952-жылдарга туш келген. Тарых илимдеринин доктору, профессор Өскөн Осмонов бул тууралуу төмөкүндөй маалымат берди:
«Катаал тазалоонун, массалык репрессиянын натыйжасында Кыргызстандын партиялык уюму 1934-жылдан 1936-жылга чейин эле 14 миң адамдан миңге азайган, (б. а. бул мезгилде коммунисттердин жарымынан көбү «эл душманы» катары «тазаланган». 30-жж. 1,4 млн. калкы бар Кыргызстандан эле 40 миң адам репрессияланган (бүгүнкү күнгө карата алардын 13 миңден ашыгы акталды)».
Бир жарым миллион калкы бар республикага жапырт жазалоо оор кесепетин тийгизген.
«1929-жылы 27-декабрда Сталин «Кулактарды тап катары жоюу» ураанын жарыялаган. Ушундан кийин өлкөдө дыйкандардын бир бөлүгүнө карата массалык репрессия башталган. Директивалык документтерге ылайык туташ коллективдештирүү жүргүзүлгөн райондордо кулакка тартуу 3-5 пайыздан ашпашы керек эле. Чындыгында көчмөн кыргыздар жашаган райондордо мынча сандагы кулактар болгон эмес.
Салык эсеби боюна 1928-1929-жж. 3406 гана кулак чарбасы болгон. Алардын көбү кийинки жылдары жакырданып калган эле. Бирок социалисттик чарба жүргүзүүдөгү кыйынчылыктарга «бүлдүрүүчүлөр», «эл душмандары» күнөөлүү деген шылтоо пайда болуп, элдин көңүлүн ошол жакка буруу саясаты башталган. Бул саясат өлкөдөгү бийлик үчүн күрөштү жаап-жашырууга, «буржуазиялык идеологияга каршы күрөш» деген шылтоо менен жакпаган элементтерди жок кылууга, репрессияны улантууга ыңгайлуу шарт түзгөн.
Бул саясат Кыргызстанга да жетип, буржуазиянын идеологиясына берилгендерди издөө жана табуу иши күчөйт. Борбордогу саясатка ылайык «троцкийчил», оңчул жана солчул оппортунисттерди советтик партиялык жетекчилердин, интеллигенттердин арасынан издөө башталат. Алар бул жөнүндө түшүнүктөрү жок кыргыз айыл-кыштактарынан да «табыла» баштаган. Кыргызстандын партиялык комитеттери өлкөнүн башка аймактары менен республикалары менен солчул жана оңчул оппортунисттердин бетин ачуу боюнча мелдешип жаткан учурда ГПУнун органдары «бүлдүргүч» жана «контрреволюциячыл» уюмдарды жок кылууга белсенип киришкен», - деп жазат Өскөн Осмонов.
Кыргызстан өз алдынча облустук партия комитети болуп иштей баштагандан тартып 8 жыл ичинде төрт ирет «тазалоону» башынан өткөргөн. Анын натыйжасы партиялык кадрлардын арасында өз ара ишенбестикти гана жараткан. Өз алдынча демилге көтөрүү, бийик дем-шык менен иштөө азайып, баары элейип эртеңинен үмүт үзүп, мунун натыйжасы жалпы иштин аткарылышына зыянын тийгизген.
Чарбалык иштерге чейин баарына партиялык уюмдар кийлигишип, иштин жыйынтыгына жоопкерчилик аткаруу бийлигинде калып, өлкө экономикалык жагынан артта калган. Анын баары жыйынтыгында келип системанын өзүн тарыхый тактыдан шыпырып түштү.