Анын кызматтык тепкичтери аз-аздан жогорулап баратканда репрессия капканына илинип, 29 жашында атылып кеткен. Арадан жарым кылым ашуун убакыт өткөндөн кийин сөөгү Чоң-Таштан табылып, «Ата-Бейитке» коюлган.
Армандуу тагдыр
1937-жылдын 14-декабрында Чөкүш Сулайманов өз колу менен өмүр баянын толтуруп, колун койгон. Ал кездеги иш кагаздардын баары «коммунизмдин тили» болуп эсептелген орусча толтурулчу. Ошондон улам өз атын Чекуш, айылын Чертыкта деп атап отурбайбы. Чырпыкты ал кезде Балыкчы районуна караштуу айыл болчу. Ошол Чырпыктынын Тамчысында Чөкүш Сулайманов 1909-жылы төрөлгөн. Анын ата-энеси, тууган-уруктары тууралуу маалыматты белгилүү санжырачы Камчыбек Исраилов айтып берди:
«Согушта өлдү» деген кабар келген экен. Согушта өлбөй эле 1938-жылы Касым Тыныстановдор менен кошо атылганы жазылып калган экен.
«Чөкүш Сулайманов биздин Ысык-Көл районунун Тамчы айылынан болот. Бизди Кутка мергендин эли деп коёт. Ошол Кутка мергендин Шүкүр уулунун тукумунан болот. Сулаймандын беш баласы каза болгон экен. Негизи алты баласы болгон экен. «Бешөө согушта каза болгон» деп бизде жазылып турчу. Ал эми Чөкүш Сулайманов 1938-жылы атылып кеткен экен. Кийин тарыхтан билдик. 1909-жылы туулган жаш кадр экен. Бир тууган иниси Каки, ал киши да өтүп кетти. Сулайманов Какиш жаш кезинде Ат-Башыга барган экен. Ал киши акыркы жылдары Ат-Башыда МТСти жетектеп турган экен. НКВД аны ошол жерден алып кеткен экен. Ошол бойдон дайынсыз болгон да, ал киши. Кийин «согушта өлдү» деген кабар келген экен. Согушта өлбөй эле 1938-жылы Касым Тыныстанов менен кошо атылганы жазылып калган экен. Ал кишиден тукум да калбаптыр, биздеги болгон маалымат ушул эле. Үйлөнгөн экен, бирок тукум калбаптыр, кайсы окуу жайын бүткөнү тууралу кабарыбыз жок».
Чөкүш Сулайманов өзү ата-энеси тууралу кыска гана маалымат берип, ошол кездеги шарт-жагдайга ылайык алар колунда жок кедей, жарды адамдар болушканын жазган. Ата-энесинин социалдык абалы кандай экенин жалданып иштөөнү 1928-жылы, кер мурут жигит болуп калган чагында баштаганын кабарлашынан деле боолголосо болот. Непадам, анын ата-энеси колунда жок адамдар болсо баласы каргадай кезинен, тогуз-он жашынан кара жумушка тартылганын, эр жеткенче эчен иштерди аткарганын сөзсүз жазат болчу.
Анткен менен кыргыздын эң бай деген адамдары деле 1916-жылкы алааматтан соң колу жука адамдардын катарына кошулуп, анын үстүнө колхоздошуу саясаты элдин баарын мал-мүлк жагынан дээрлик бирдей кылып койбодубу.
Иши кылып Чөкүш Сулайманов 19 жашында атасына жардамдашып иш кылып, ошол эле 1928-жылы «Тамчы» совхозунун бир короо коюн кайтарып, үч жыл койчулук кылган. Болгондо да чабандардын бригадири, комсомолдук активист катары аты чыккан. Ошол кезде эле коомдук иштерге жигердүү катышып, совхоздун комсомол бюросунун мүчөсү болгон.
1931-жылы сентябрда Кызыл аскерге алынып, №9 Түркстан кызыл туулуу Жаңы Чаржоу полкунда аскердик кызмат өтөгөн. Мына ушул аскерде жүргөн чагында коммунисттердин катарына өтүп, партиялык иштерге тартылган. Атап айтканда, аскердик дубал гезитти чыгарууга катышып, кийин айыл чарба мектебинде партиялык уюштуруучу болуп иштеген. Аскерде эки жыл кызмат өтөгөндөн кийин 1933-жылдын октябрынан тартып Фрунзедеги жогорку айыл чарба мектебине өткөн.
Айыл чарбасын алдыга сүрөгөн
Чөкүш Сулайманов кыргыз айыл чарбасынын жогорку мектебин 1937-жылы 5-февралда аяктаган. Андан кийин аз убакыт Фрунзе шаарындагы партиянын облустук комитетинин айыл чарба бөлүмүнө инструктор катары кызматка алынган. Ошол эле жылдын 16-майында обком бюронун чечими менен Нарын машина-трактор станциясына саясий иштер боюнча директордун орун басары болуп дайындалган.
Партиянын обкомунда маанилүү бөлүмдүн инструктору болуп иштеген жаш кадрдын машина-трактор станциясына жооптуу кызматка дайындалышы ал кездеги партиялык кадрлардын кызмат тепкичиндеги маанилүү этаптардын бири болчу. Айыл чарбасын өнүктүрүш үчүн уюшулган станциянын саясий жетекчиси Чөкүш Сулаймановдун кызмат тепкичи дагы жогорулашы керек эле. Обкомдун аппаратындагы жаш кадрды алыскы Тянь-Шанга кызматка которуп жаткан ал кездеги партиянын кыргыз обкомунун катчысы Максим Аммосов өзү да арадан жыл өтпөй репрессиянын курмандыгына айланган.
Сталиндик репрессия эңгезердей өлкөнү бекем басып, «кызыл кыргын» деген ат менен тарыхка кирген алаамат апогейине жеткен чак болчу. Башында «революциянын душманы, жаңы системаны апачык жактырбаган душман, мурдагы бийликтин тарапкери» деп көбүн уруш майданында жок кылышса, бул ирет «эл душманы, чет эл тыңчысы, буржуазиячыл улутчул» деген тикенек айыптар коюла баштаган. Чөкүш Сулайманов ушундай кезде катаал жазанын капканына түштү, обкомдон алыс бийик тоо арасында айыл чарба жумуштарын уюштуруу камылгасында жүргөнү деле аны сактап кала албаптыр.
Адам чыдагыс азап-тозоктор, адам эркин сындырган катаал сурактар аягына чыгып, НКВДнын жертөлөсүндөгү кыргыздын мыкты азаматтардын, Кыргызстан да башкалар менен теңата өзүнчө союздук республика болушуна өмүрүн арнаган азаматтардын катарында 1938-жылдын ноябрында атылган. Сыртта Октябрь революциясынын майрамы шаң-салтанат менен белгиленип, ошол эле чоң аянттан анча алыс эмес жерде нечен бейкүнөө кишилердин өмүрү кыйылып, революция өз балдарын жок кылып жаткан.
Чөкүш Сулайманов менен бир убакта «эл душманы» деген жарлык айылдаш агасы Юсуф Булатовго тагылган. Камчыбек Исраиловдун айтуусунда, Юсуф Булатов СССРдин эл артисти, айтылуу опера ырчысы Болот Миңжылкиевдин абасы, Абдулланын атасы Миңжылкынын иниси. Бабаларынын ысмын унутпай эстеп жүрүш үчүн Миңжылкынын уулу Абдулла уулунун атын Болот койгон окшойт. Атасы кайтыш болгондон кийин Юсуф абасынын колунда жүрүп, эр жетип билим алып, эл кызматын аркалап жүргөн чагында репрессияга туш келип, жаш кезинде жок кылынган.
Репрессияга кабылып, жаш кезинде канаттары кайрылган, Көлдүн Тамчы, Тору-Айгыр, Чырпыкты айылдарынан чыккан азаматтардын эмгегин кийинки муунга айтып, эскерип жүрүү максатында музей түптөлүп, кайрандардын өмүр жолун, ишмердигин чагылдырган материалдар топтолууда. Бул иштин демилгечилеринин бири Камчыбек Исраилов ушу тапта даярдык иштери улантылып жатканын ырастады:
«Эми ал алынча болуп атат, аракет кылып атабыз. Көп маселелер бар экен, бул репрессияга чейинки, революцияга чейинки тарыхый инсандарыбыз болгон. Максүт Солтоев, Райымкул Сарыбаевдер тууралуу, көп жакшы адамдар жөнүндө материалдарды чогултуп атабыз. Тарыхын жыйнап атабыз. Кудай буюрса мына ушул Чөкүш Сулайманов, Юсуф Булатовдор тууралуу көп нерселерди аракет кылып чогултуп атабыз. Буга бир аз убакыт керек го».
Кандуу жазалоонун курмандыгына айланган кайрандардын эң жашы Чөкүш Сулайманов болгон. Ал ошол каргашага туш келгенге чейин турмуш арабасын чогуу тартчу колуктусу жок, үйлөнө элек бойдок жигит эле. Жаштыгына, бойдоктугуна, дегеле жашына, улутуна ал кезде ким караптыр? Сталин жол ачкан ичтен табылган душмандарды аёосуз жок кылууда суроо-сопкутсуз өмүрү кыйылып аткандардын күнөөсү бары-жогу деле көңүлгө алынбай, кыргын катуу жүргөн. Жүрөк титиретчү кызыл кылыч жакындап келе жатканын сезген, андан кутулуунун жолун таба албаган, анан артында ушу алакандай эки барак кагаз эстелик катары каларын ички сезими аркылуу туйган Чөкүш Сулайманов өмүр баянынын аягында үйлөнө элек экенин, үй-бүлөсүнөн апасы менен иниси гана калганын, анда жазылгандар туура экенин Киров колхозунун башкармасы Тыныбеков Казыөмүш менен ВКП(б)нын кыргыз обкомунун мүчөсү Жанызаков Осмон ырастай алышарын белгилеген. Андан башка эмне демек?
Ортолук журнал
Чөкүш Сулайманов айылындагы совхоздо койчу, чабандардын бригадири, комсомол уюмунун мүчөсү болуп, кийин аскерде жүрүп партия катарына өткөндөн кийин саясий иштерге кызуу катышкан. Ал кайсы жерде, кандай ишке жөнөтүлбөсүн баарында жан аябай иштеген. Өзү кол кабыш кылып аткан улуу иш Кыргызстанынын келечегине, элинин бакубат турмушуна арналганы күч-кубат берип, алдыга сүрөгөн.
Дегинкиси ошол 20–30-жылдары мамлекеттик кызматта иштеген азаматтардын арасында кайдыгер, жалкоо, анан да өз көмөчүнө күл тарткандар болгон эмес. Алгачкы муун кыргыз интеллигенциясынын эли-жери үчүн кандай кызмат кылышканын мына бул мисалдан деле байкоого болот. Зияш Бектеновдун Касым Тыныстанов тууралу эскерүүсүндө «Жаңы маданият жолунда» журналы кантип уюшулганына токтолгон:
«1926-жылы кыргыз элинде эч кандай адабий жана саясий журнал жок эле. Эч кандай музей да болгон эмес. Кыргыз мектептеринде бала окуткан жаш мугалимдер педагогикалык журналга жана кыргыз акын-жазуучулары адабий-көркөм журналга муктаж эле. Андай журналды чыгара салышка республикабыздын чөнтөгү тайкы болчу. Касым Тыныстанов менен Төрөкул Айтматов «кыргыз интеллигенттеринен акча чогултуп, ошол акчага бир адабий-педагогикалык журнал чыгаралы» деген демилгени биринчи көтөрүшүп, өздөрү чөнтөктөрүнөн он сомдон акча берип (ал кездеги он сом азыркы койдун пулу эле), «силер да биздин жолубузду жолдоп он сомдон акча бергиле» деп, 110 кишини «Эркин-Тоо» гезити аркылуу чакырып, аягына Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов, Акмат Байышев, Турусбеков деген эски мугалим – төртөө кол коюшкан. Бул чакырык «Эркин-Тоо» гезитинин 1926-жылы 7-апрелинде чыккан 113-санына «Басма сөзүбүздү илгерилетели!» деген тема менен жарыяланат.
Бул чакырыкты ошол кездеги Кыргызстандын Союз кошчусунун председатели Нуркул Кулназаров биринчи кабыл алып, он сомун берип, «Эркин-Тоонун» 12-апрелиндеги 115-санына өз жолдошторунан 29 кишини чакырат. «Эркин-Тоо», 1926-жыл, 14-апрелиндеги 116-санына Карач Майрик уулу, Түлөкабыл уулу жана Калпак уулдары чакырыкты кабыл алып, алар да өз жолдошторунан 30 кишини чакырышат.
Ошентип, улам бири-бирин чакырышып олтуруп 1926–27-жылдардын ичинде элден аябаган көп акча жыйналып, ал акчага 1928-жылдын май айында «Жаңы маданият жолунда» аттуу журналдын биринчи саны жарык көрөт. Журналдын жооптуу редактору Касым Тыныстанов, редколлегиянын мүчөлөрү Токчоро Жолдошев, Баялы Исакеевдер болот.
Журналдын биринчи номуруна жазган баш макаласында Тыныстанов мындай дейт: «Биздин маданиятыбыз жаңы маданият болмок. Мунун жаңылыгы ушул – биздин маданиятыбыз жалчылардын талабына негизделмек. Биздин маданиятыбыз келечектеги жалпы адам баласынын маданияты болмок.
Биз эскиден калган маданияттын баарын эле таштап салмак эмеспиз. Эски маданияттын керектүүлөрүн, аны өзүбүздүн тап -таламыбызга мазмундап, өзүмдүк кылмакпыз, жарабагандарын таштамакпыз. Башкача айтканда, маданият жүзүндө биз өзгөрүш жасамакпыз».
Ушундай демилге көтөрүп, маданиятка кам көргөндөрдүн дээрлик баары кийин атылып кетишти. Негизи эле ал кездеги кыргыз интеллигенция өкүлдөрү эли менен жерине өзгөчө сый-урмат көрсөтүп, анын кызматын кылууну сыймык деп эсептешкен. Чөкүш Сулайманов ушундай шартта жашаган.