Булардан сырткары өлкөдөгү саясий кырдаалга президент Алмазбек Атамбаев менен анын негизги саясий өнөктөшү Өмүрбек Текебаевдин ортосундагы мамиленин татаалдашы олуттуу таасир эте турган факторлордон. Эки саясатчы өнөктөштүктөн бара-бара атаандаштыкка өтүп баратканы байкалат. Буга парламенттик шайлоонун жакындашы бир жагынан таасир этсе, экинчи жагынан ыңкылап учурундагы талап-тоноочулук айгак болуп келатат.
Өмүрбек Текебаев өзү түзгөн парламенттик системанын аксап жатышына кайыл болуп, өнөктөшү менен өргө басууга макул болуп келди. Бирок талап-тоноочулук боюнча айыптар аны бийликке кыжырын кайнатып, оппозициянын короосуна карай түртүп жатат. Дал ошол себептен Текебаев 10-октябрдан кийин “мырза президент ким мененсиз?” деген суроону кабыргасынан коюуну көздөп жаткандай.
Кумтөр боюнча жаңы келишимге каршылык, "бул маселеде Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиевдин да эмгеги бар" деген билдирүүлөрү Текебаевдин позициясындагы өзгөрүүлөрдөн кабар берет .
Кыргызстандагы системалык эмес оппозиция болсо президенттик бийликтин таасирин азайтууну негизги ураанга айлантуу максатын коюп жатышат. Маселен, 18-сентябрда бет ачары боло турган Өмүрбек Суваналиев башында турган “Каршылык көрсөтүү” кыймылы да мына ушул максатты коюп жатканын билдирген.
Азыркы Конституция толук кандуу иштеш керек, президенттин өкмөткө таасири болбош керек деген ураан менен Азимбек Бекназаров, Равшан Жээнбеков жана башка ишмерлер да активдешүү алдында турат. Бул саясий топтун максаттары жана иштөө ыкмалары тууралуу Равшан Жээнбеков буларды маалымдады:
- Ал топтун бир кыймылга же расмий уюмга биригүүсү башталат. Экинчиси - ошол топтун атынан бийликке ар кандай сунуштар айтылат. Тегерек столдор, мүмкүн тынчтык митингдер өткөрүлөт. Мына ушуга окшогон нерселерди өткөрүү менен жаңы топ ишин баштайт.
Албетте бийлик оппозициянын күчтөнүп кетпеши үчүн, кырдаалды көзөмөлдө кармоо үчүн аракеттерин жасап жатат. Бирок айрым учурларда ал аракет “юпигейт” сыяктуу олдоксон “оюндарга” айланып кетүүдө. Бийликтеги айрым ашынгандар андан ары кетип, оппозицияны терроризм боюнча айыптоого баратканы кейишти жаратат. Маселен, Төө-Ашууда жардыргыч заттын куурчагы табылып, аны бийликке жакын маалымат каражаттары оппозиция лидерлери менен байланыштырууга аракет жасалышы мына ошондой таасир калтырат.
Президент Алмазбек Атамбаев жаңы саясий элита түзүп, эски саясатчыларды четке сүрүү максатын коюп келатат. Оппозиция лидерлерин жаманатты кылуу өнөктүгү мына ошол максатты ишке ашырууга жол тазалап жатканын саясат талдоочулар белгилешүүдө.
Бирок саясат таануучу Элмира Ногойбаева оппозиция лидерлерин маргиналдаштырып, жерге таптоо бийликке пайда алып келбейт деп эсептейт. Ал эми жаңы саясий элита түзүү тууралуу президенттин максатын колдогон Ногойбаева "ал жеңил-желпи иш эмес" дейт:
- Менин көз карашым боюнча элита эки жол менен калыптанат. Биринчиси - социалдык тепкичтер аркылуу келет. Бул көп убакытка созулган жараян. Экинчи жолу бала чактан билим, тарбия аркылуу келет. Президент Атамбаевдин жаңы элита куроо, эскини алмаштыруу максаты мактоого аларлык. Бирок ал кандай жол менен, кандай формада жасары түшүнүксүз болуп турат.
Элмира Ногойбаеванын айтымында, оппозиция лидерлери да саясий элита. Ошондуктан алар дагы татыктуу болууга тийиш. Бирок азыркы кезде алар маргиналдашып баратат.
Мына ошентип, Кыргызстан саясатында Кумтөр маселеси, “юпигейт”, талап-тоноочулук боюнча кармашуулар күн тартибине курч коюлуп жатканына карабастан, “кетсин” урааны көтөрүлө элек. Маселен, оппозиция лидерлери өкмөттү кетирүүгө даяр турушат. Бирок президент өз милдетин Конституциянын чегинде аткара берүүгө тийиш дешүүдө.