Алдын ала чыгарылган жыйынтык боюнча персоналдын, жабдуулардын катуу суукка даяр эместиги жана жаңы блокту ишке киргизүүгө химиялык туздан арылган суунун жетишпестиги өндүрүштүк кырсыкка себепкер болгон.
Анда "Электр станциялары" менен "Улуттук энергохолдингдин" жетекчилери борборго кырдаал боюнча өз убагында эскертүү жөнөткөнү көрсөтүлгөн.
Анткен менен бул ишти иликтеген депутаттык комиссиянын айрым мүчөлөрү маселе персоналда же борбордун жетекчилигинде эмес, борборду жаңылоону долбоорлоодо ага сарпталган акчаны максатсыз колдонууда болгонун белгилешти.
Жагдайды эскерткен жетекчилер, укпаган персонал
Өкмөттүн мекеме аралык иликтөө комиссиясы 26-январдагы Бишкек Жылуулук электр борборундагы кырсыктын себебин аныктап, алдын ала жыйынтык чыгарды.
Анда борбордун ишин алып барууда кызмат адамдары милдеттерин так аткара албай, эрежелердин сакталбай калганы жылуулук берүүнү үзгүлтүккө учуратканы көрсөтүлгөн.
Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Эсенгулов жогору жактын эскертүүсүнө карабай Жылуулук электр борбору суукка даяр болбогону иликтөөдө аныкталганын белгиледи:
- Иликтөөнүн баштапкы жыйынтыктарында аныкталгандай, Бишкек ЖЭБинин кызматкерлери жана жабдуулар температуранын -30 градуска чейин төмөндөшүнө даяр эмес болгон. Бирок «Электр станциялары» ААК жетекчилиги Бишкек ЖЭБине 2018-жылдын 23-январында температуранын төмөндөшүнө байланыштуу авариялык өчүрүүнүн алдын алуу боюнча тийиштүү ыкчам чара көрүү жөнүндө телефонограмма жөнөткөн. Ушундай эле эскертүү «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» тарабынан жөнөтүлгөн.
Суунун жетишпестиги, курулбаган химблок
Ошондой эле мекеме аралык комиссия иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгында химиялык туздан арылтылган суунун жетишпестиги жаңыдан курулган үчүнчү блокту ишке киргизүүгө тоскоол болгону көрсөтүлгөн.
Чыңгыз Эсенгулов комиссия корутундусунда персоналдын бул жагдайды өз учурунда аныктап, жөнгө сала албаганы көрсөтүлгөнүн айтты:
- Ыкчам персонал химиялык туздан арылтылган сууну берүү боюнча жабдуунун ишинде штаттан тышкаркы режим келип чыкканын өз учурунда аныктай алган эмес. Ар бир цехтин кызматкерлери өз алдынча иш алып барып, кырсыкты жоюу боюнча инструкциянын талаптарына ылайык, ыкчам персоналдын аракетин жалпы координациялоо болгон эмес. Бишкек шаардык ЖЭБиндеги абалдын андан ары татаалданышына тышкы импульстук түтүктөрдүн, көзөмөлдөөчү-өлчөгүч аспаптардын жана ар бир өчүрүлгөн казан агрегатындагы автоматиканын тоңуп калганы себеп болгон. Казандардын тоңушунун алдын алуу үчүн алардан суу төгүлгөн, ал эми импульстук түтүктөрдө жана казандар менен байланыштыруучу түтүктөрдө калган суулар тоңуп калган. 2018-жылдын 26-январында Бишкек шаардык ЖЭБиндеги жылуулук-энергетикалык жабдуу бузулганда буу казандары сууга толтурулган. 3-блоктун ишке киргизилбегенине химиялык туздан тазалаган суунун жетишсиз көлөмү себеп болгон. Ал эми кийинки күндөрү суунун көлөмү казанды толтурууга жетишсиз болгон, ал үчүн 240 тонна керектелген.
Өткөндө бул маселе парламентте каралганда депутат Кожобек Рыспаев "Бишкек ЖЭБи толугу менен жаңыланды" деп жарыяланганы менен анда сууну туздан арылтуучу химиялык блок курулбай калганын айткан болчу. Депутат Кожобек Рыспаев суунун жетишсиздиги эмнеден келип чыкканын мындайча түшүндүргөн эле:
- Калп айтпагыла. Химиялык блок курулган эмес. Ал жок. Ошон үчүн беш күн аралыгында эски цехтен улап келдиңер. Айлаңар кетти. Мына ошону мурда эле куруп койгондо, суу жетишпей калып, түтүктөр тоңуп, абал мынчалык татаалдашпайт болчу. Бул ЖЭБ жаңыланбасын деп эч ким айткан жери жок. Бирок биз так иштешибиз керек.
"Маселе акчада..."
Парламенттин убактылуу депутаттык комиссиясынын мүчөсү Исхак Масалиев кырсыктын себептерин персоналга жана жабдууга оодарып койгонго макул эмес.
Депутат Исхак Масалиев жаңылоого бөлүнгөн 386 миллион доллар акчаны чыгымдоодо маселе бар деп эсептейт:
- Ал жерде булар айтып, көрсөтүп жаткандай, слесарь менен инженер күнөөлүү эмес. Анда курулуш иштери башынан аягына чейин туура эмес жүргүзүлгөн. Анткени максаттары туура эмес коюлган. Себеби ал долбоорду ишке ашыруу боюнча 386 миллион доллар башында элге жарыялангандай максатта иштетилген эмес. Долбоор иштелип жатканда эмне курулушу керек экени алдын ала аныкталышы керек болчу. Бирок булар карап туруп эле, эмне керектигин эске албай ура беришкен окшойт. Болбосо эң эле зарыл болгон бөлүктөрү курулушу керек эле да. Негизи кура турган компанияны тандоодо эле маселе бар шекилди.
Буга чейин премьер-министр Сапар Исаков парламентте Бишкек Жылуулук электр борбору болгону 30 пайызга гана жаңыланганын, аны толук оңдош үчүн 600 миллион доллардан ашуун каражат керек болорун билдирген. Бирок анын ачылышында борбор "толугу менен кайра курулганы" жарыяланган болчу.
Кытай тараптын "кайрымдуулугу"
Жылуулук электр борборунун жаңылоо башкармалыгынын аткаруучу директору Нургазы Бримкулов сууну тазалап бере турган химиялык блок башында эмнеге курулбай калганын айтып, Кытай тарап аны эми өз эсебинен курууга макул болгонун белгиледи:
- Долбоор боюнча эксперттик корутунду бар. Анда азыр иштеп жаткан сууну химиялык тазалоо цехинин кубаттуулугу жаңыдан курула турган блоктордогу буу казандарды да камсыздай ала турганы көрсөтүлгөн. Бирок "Электр станциялары" ишканасы менен "Улуттук энергохолдингдин" жетекчилиги Кытай менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ошол 386 миллион доллардын эсебинен эле өзүнчө химиялык блок куруп берүүнү сурашкан. Алар буга макул болуп, быйыл январь айынан баштап тиешелүү жабдуу алынып келе баштады. Буга болжол менен 6 миллион доллар каражат сарпталат.
Бирок өкмөттүк комиссиянын ал корутундусунда "жаңыдан курула турган блоктор үчүн кошумча кубаттуулуктагы химиялык цехти куруунун кереги жок" деп тыянак чыгарган эксперттердин жана ага кол койгон жетекчилердин жоопкерчилиги каралган эмес. Ошондой эле жалпысынан бул иш үчүн кайсы кызмат адамдарын жоопко тартуу керектиги да айтылбай калган.
Бишкек ЖЭБиндеги кырсыкты андан башка депутаттык комиссия да иликтеп жатат. Анын жыйынтыгы качан чыгары азырынча белгисиз.