Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

Шайлоодогу операторлордун айлыгы кечикти


Сүрөт президенттик шайлоодо тартылган. Сүрөттөгү кишилердин макалага тиешеси жок.
Сүрөт президенттик шайлоодо тартылган. Сүрөттөгү кишилердин макалага тиешеси жок.

Кыргызстанда президенттик шайлоодо добушканаларда оператор болуп иштеген айрым жарандар банк карточкасы жоктугунан улам эмгек акысын ала албай жатышат.

Расмий органдар электрондук эсеп ачылары менен маяна берилерин билдирсе, шайлоодо иштегендер башында бул маселе түшүндүрүлбөй калганына нааразы. Өкмөттүн келишими боюнча айлыкты накталай акча менен төлөөгө болбойт.

Жалал-Абад облусундагы Ноокен айыл өкмөтүндө жооптуу катчы болуп иштеген Анархан Тажибаева бул маселе боюнча "Азаттык" радиосуна 27-ноябрда кайрылган:

- Президенттик шайлоодо 20 оператор менен келишим түзгөнбүз. Алар маянасын ала албай, менден талап кыла башташты. Айла кеткенде "Азаттык" радиосуна кайрылганга туура келди.

Мурдараак ошол аймактагы Бүргөндү айыл өкмөтүнөн да даттануу келген.

Президенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт. Ош, 15-октябрь, 2017-жыл.
Президенттик шайлоо учурунда тартылган сүрөт. Ош, 15-октябрь, 2017-жыл.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов операторлордун акы маселесин Мамлекеттик каттоо кызматы чечиши керектигин айтты.

Шайлоодо Кыргызстан боюнча 9000 оператор бир айдан ашуун иштеди. Алар добушканалардагы техникалык жабдууларды карап, жарандарды тейлешкен. Операторлордун тизмесин Мамлекеттик каттоо кызматы тактап, ар бирине 6000 сомдун тегерегинде маяна жазылган. Бирок айлык акы төлөө жагы Каржы министрлигине жүктөлгөнүн мекеменин өкүлү Мелис Эржигитов айтты:

- Бизге Нарындан, Ысык-Көлдөн чалып, эмгек акысын сурап жатышат. Биз аларга түшүндүрүп, акчаны акимчиликтен же айыл өкмөттүн эсепчисинен сураш керек экенин билдирдик. Башында эле операторлордун айлыгына биздин тиешебиз болбошу керек экенин айтканбыз. Кийин чечим кабыл алынып, Бишкектегилерге гана Мамлекеттик каттоо кызматы төлөп, аймактарда иштегендер Каржы министрлиги берген каражатты жергиликтүү бийлик аркылуу алмай болушкан.

Каржы министрлигинин маалыматы боюнча, операторлордун кызмат акысы үчүн 49 миллион 462 миң сом бөлүнгөн. Бирок канча кызматкерге акы берилип, канчасы калганы так эмес.

Министрликтин басма сөз катчысы Гүлмира Түгөлбаева билдиргендей, каражат бардык райондук администрациялардын эсептерине бир ай мурда которулган. Келишимге ылайык, маяна накталай эмес, РСК банктын карточкасы аркылуу гана берилет.

- Кээ бир операторлордун электрондук эсеп карточкалары жоктугунан акысын ала албай турушат. Маселени жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чечүүдө. Накталай акча түрүндө берген болбойт. Себеби, каржыны текшерген органдар же Эсеп палатасы кандайдыр текшерүү жүргүзсө маселе чыгып калышы мүмкүн. Кээ бир операторлор накталай акча алабыз деп, ушундай маселе жаралып отурат.

Бирок Гүлмира Түгөлбаева айткандай, акчаны банк карточкасы менен гана алуу тууралуу келишимди айрым операторлор башында билишкен эмес. Оштун Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүндө иштеген, атын атагысы келбеген кызматкер түшүндүрүү иштери чабал жүргөнүн айтты:

- Кимге кайрылсак болот? Аны түшүндүргөн атайын адистер барбы? Эми деле кеч эмес, акчабызды алалы.

Бул макала жазылып жаткан учурда Ноокенден Анархан Тажибаева кайра байланышып, операторлор РСК банктан электрондук эсеп карточкасын жасатып, айлыгын ала баштаганын билдирди:

- "Азаттык" радиосуна кайрылгандан кийин карточка жасоо боюнча маалыматтар такталып, айлык бериле баштады. Акырындап төлөнүүдө. Операторлордун баары толук алып бүтө элек.

Операторлордун эмгек акысы кечигип жатканына байланыштуу маселе 2016-жылы жергиликтүү кеңештерди шайлоодон жана референдумдан кийин да чыккан. Анда адистер келишимде көрсөтүлгөн сумманы албай калганы тууралуу да даттанышкан. Мамлекеттик каттоо кызматы буга түшүндүрмө берип, салыктарды эсепке алгандан кийинки төлөм келишимдегиден азыраак болорун белгилеген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG