Орусиянын Жарандык авиация агенттигинин (Росавиация) жетекчиси Azerbaijani Airlines компаниясынын учагы конууга аракеттенген маалда украиналык дрондор Грозныйга чабуул коюп жатканын жума күнү билдирди.
Бул тууралуу AFP кабарлады. Дмитрий Ядров ошол маалда калааны коюу туман каптаганын, “аэропортто аба ырайынын шарты абдан татаал болгонун” Телеграм-каналга жазды. Анын айтымында, кырсыкка учураган учак эки жолу конууга аракеттенген.
“Пилотко башка аэропорттор сунуш кылынган. Бирок ал Казакстандын Актау шаарына багыт алууну чечкен", - деп кошумчалады Ядров.
Баку-Грозный каттамындагы Embraer 190 жүргүнчү учагы 25-декабрда Казакстандын Актау шаарынын жанында кулаган.
Борттогу 67 кишинин 38и каза болду, калгандары, арасында кыргызстандык үч жаран жараат алган. Бирөөнүн абалы оор деп бааланууда.
Айрым эксперттер учактын куйрук тарабындагы тешиктерден улам алар Орусиянын абадан коргоо системасы украиналык дрон чабуулунун мизин кайтарганда пайда болушу мүмкүн деп болжолдошот.
Рейтер агенттиги иликтөөдөн кабары бар азербайжандык булактарга таянып, Embraer 190 орусиялык “Панцирь” системасынан атылган дүрмөттөн жабыркаганын жазды. Маалыматтарга караганда, авариялык конуу өтүнүчүнө карабай, учакка орусиялык аэропортторго конууга уруксат берилбей, Каспий аркылуу Актауга баруу көрсөтмөсү берилген.
Бийликтер тыянак жасоо үчүн иликтөөнү күтүү керектигин белгилешет. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков иликтөөчүлөр бир бүтүмгө келгиче спекуляция кылуу “туура эмес” деп айтты.
Шерине