Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:24

Ош: майрам түйшүгү окуучуларга жүктөлдү


Майрамга даярданып жаткан балдар, 27-сентябрь, 2017-жыл.
Майрамга даярданып жаткан балдар, 27-сентябрь, 2017-жыл.

Ошто мектеп окуучулары сабактан калып аянтта бийлеп жүргөнүн Билим берүү башкармалыгы билбейт.

Ошто шаар күнүн белгилөөнүн даярдык иштерине мектеп окуучулары тартылып жатат. Бирок Билим берүү башкармалыгы балдардын сабактан калып, борбордук аянтта жүргөнүнөн кабарсыз.

Мэрия болсо окуучуларды майрамдык иш-чараларда колдонуу эстетикалык тарбияга оң таасир берет деген жүйөнү карманууда.

Ош мэриясынын маңдайындагы борбордук аянтта шаар күнүн белгилөө боюнча театралдык иш-чараларга даярдык 25-сентябрда башталды. Мектептердин чоң класстарынан чогулган эки жүздөй окуучуга майрам күнү тизилип бийлөө милдети коюлган. Биз алардын айрымдарын кепке тарттык:

“Биз шаар күнүнө даярданып жатабыз. Сабактан бошотушту. Директор өзү жөнөттү. Завучубуз бизге “нб” коюлбайт деген. Эжекелер эмне десе, ошону аткарабыз да”,- деп айтышты балдар.

Окуучуларды ар бир мектептен бирден мугалим коштоп келген. Аты-жөнүн айтууну каалабаган, бирок №18 мектепте эмгектенерин билдирген эжеке балдардын сабагы үзгүлтүккө учурабайт деп бизди ишендирүүгө аракет кылды:

- Биз балдарды сабактан бош учурда гана алып келебиз. Бул бийлеп жаткандардын баары экинчи сменде окушат. Бүгүн менин деле сабагым жок болгондуктан, аянтка келип балдарды карап жатам.

Кызык жери, шаардык Билим берүү башкармалыгы мындан кабарсыз экен. Мекеме жетекчиси Авазбек Асанов окуучулар сабактан чыгарылып, аянтта майрамга даярданып жүргөнүн бизден угуп таң калды:

- Муну сиздерден угуп жатам. Тактайынчы. Сабактан калтыруу туура эмес. Бирок шаардын, мектептин коомдук иштерине окуучулар катышса зыян деле болбойт. Сабак дагы окутулушу керек. Сиздин маалыматыңыз үчүн рахмат.

Майрамга даярданып жаткан балдар, 26-сентябрь, 2017-жыл.
Майрамга даярданып жаткан балдар, 26-сентябрь, 2017-жыл.

​Ош шаарынын күнү 5-октябрда белгиленет. Мэриянын Социалдык өнүгүү бөлүмүнүн адиси Курманбай Ташыбаев мунун терс таасири жоктугун айтып, балдар эстетикалык тарбия алып жатканын белгиледи:

- Биз Бишкектен балдарды жалдап алып келишибиз керекпи? Программада “Бактылуу балалык” деген композиция бар. Эгемен заманда балдар ырдап, бийлеп жатышат дегендей. Көбүнө жагып жатат. Бирок зордоп алып келген жокпуз. Андай кылуу колубуздан келбейт.

Салтанаттарда жапырт бий үчүн студенттер жана окуучуларды колдонуу Кыргызстандын бардык аймактарында көнүмүшкө айланган. Бирок “калтырылган сабактардын орду кантип толукталат?” деген суроо жоопсуз калып келет. Уюштуруучуларда эскиден калган ыкманы жоюу аракеттери азырынча байкалбайт.

Кыргызстандын Баш мыйзамынын адам укуктарына арналган экинчи бөлүмүндөгү беренелерге ылайык, балдарды өз ыктыярына каршы кай бир жумушка же чогулуштарга катыштырууга болбойт.

Ош шаарында 71 мектеп бар. Анын 54ү мамлекеттик. Окуучулардын жалпы саны 65 миңге чукул.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG