Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:21

Алгачкы арыздар түшө баштады


25-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо 25 шаарда жана 416 айылдык аймакта өтөт.
25-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо 25 шаарда жана 416 айылдык аймакта өтөт.

"Республика” партиясы шайлоо участокторунда кабинадан сырткары добуш берүүчүлөрдүн тизмеси боюнча мыйзам бузууларды каттады.

Бул боюнча аталган партия БШКга жана Башкы прокуратурага арыз менен кайрылды. Аталган органдар шайлоо жараянына байланышкан бардык арыз-даттануулар мыйзамдын чегинде каралып, текшериле турганын билдиришти.

Адатта саламаттыгына же жаш өзгөчөлүгүнө байланыштуу шайлоо участогуна барып добуш бере албаган жарандарга көчмө урналар аркылуу кыдыртып добуш берүү уюштурулат.

Мыйзамга ылайык, мына ошондой тартипте кабинадан сырткары добуш берүүгө муктаж жарандардын тизмеси шайлоого үч күн калганга чейин такталып, байкоочулардын катышуусунда түзүлүүгө тийиш. Бишкектеги айрым шайлоо участкаларында имараттан тышкары добуш берүүчү шайлоочулардын тизмелери жашырылганы боюнча даттануулар башталды.

“Республика” партиясынын аткаруу комитетинин төрагасы Досалы Эсеналиев аталган мыйзам бузуулар каттоого алынганын мындайча белгиледи:

- Көпчүлүк шайлоо участоктордогу биздин байкоочуларды жана башка партиялардын өкүлдөрүн да мына ошол тизме менен тааныштырбай коюшкан. Анан бул күмөндүү жагдай болгонунан улам айрым бир участоктордогу тизмелерди талап кылып текшерттик. Мисалы, шаардын Кара-Жыгач конушундагы участокто 87 киши мына ошол мүмкүнчүлүгү чектелгендердин тизмесине кирип алган. Анан тизмедеги мына ошол шайлоочулардын 63ү шайлоо участогуна келүүгө жарамдуу эле болуп чыкты. Буга окшогон окуя 1150-участкада да болуп, ал жерде 200 киши мына ошол тизмеге киргизилген экен. Биз бул боюнча тиешелүү актыларды түзүп, БШКга жана Башкы прокуратурага жөнөттүк.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын жетекчиси Сейитжан Апышев аталган мазмундагы арыз-даттануу түшүп-түшө электигин тактап бере албастыгын билдирди. Ошондой эле ал шайлоо күнүнүн алдында буга окшогон арыздар түшсө, аны кароонун тартиби боюнча да маалымат берген жок.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалымат борборунун өкүлү Токтоболот Жумалиев “Республика” партиясынан арыз түшкөнүн тастыктап, ал мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте карала турганын билдирди:

- “Республика” партиясынан бүгүн бизге эки арыз-даттануу түштү. Аны БШКнын атайын жумушчу тобу мыйзамда көрсөтүлгөн шартта карап, тиешелүү жообун берет. Мыйзам боюнча шайлоо күнү же шайлоо күнүнүн алдында түшкөн арыздар шайлоо комиссиялары же сот органдары тарабынан токтоосуз каралат. Биз бул арызды өз убагында карап, текшерип чыгып, жооп берүүгө аракеттенип жатабыз.

Бишкектин бийлиги үчүн!

Бул жолку жергиликтүү шайлоолор шаарларда партиялык гана негизде болуп, ал эми айылдык кеңештерге шайлоочулардын демилгелүү топторунан көрсөтүлгөн талапкерлер да катышууда.

Шаардык кеңештерге шайлоолордо жеңүүчү партияны аныктоо үчүн жети пайыздык тосмо киргизилген. Бишкек шаардык кеңешиндеги депутаттык орундар үчүн 23 партия ат салышууда. Мыйзам боюнча жергиликтүү кеңештин депутаттары жергиликтүү администрация башчысын шайлоо укугуна ээ.

Бишкек шаары өлкөнүн ички дүң продуктусунун отуз пайыздан ашуунун түзгөндүктөн мындагы шаардык кеңешке шайлоо саясий күчтөрдүн негизги күрөшүнө айланды. “Прогресс” коомдук корунун жетекчиси Адил Турдукулов буларга токтолду:

- Бишкек шаардык кеңешине шайлоонун башкалардан өзгөчөлүгү эки жагдай менен белгиленет. Биринчиси - шаардык кеңештин көпчүлүк депутаттык орундарын алган партиялар шаардын мэрин шайлайт. Экинчиси - шаардын бюджетин түзүүгө катышат. Бул эки маселе бардык саясий күчтөр үчүн келечектеги парламенттик жана президенттик шайлоолор үчүн дагы маанилүү. Мына ошондуктан шаардык кеңеш үчүн күрөш мурдагыга караганда жандуу болуп жатат.

Бул жолку жергиликтүү кеңештерге шайлоодо партиялар өздөрүнүн социалдык-экономикалык программалары менен тааныштырууда. Шайлоочулардын ишенимин алыш үчүн айрым партиялар бала бакча, тез жардам бекети жана мектеп сыяктуу курулуштарды куруп беребиз деп убада кылышууда.

Экономист Азамат Акелеев көпчүлүк партиялар ишке аша турган платформага караганда, курулай убадаларды берүүгө маш болуп жатышканына токтолду:

- Көпчүлүк партиялар кандайдыр бир реалдуу ишке аша турган жана олуттуу программаларды сунуштагандын ордуна популисттик ураандар менен шайлоочулардын көңүлүн бурууга аракет кылышууда. Анан калса, шайлоочулар тарабынан дагы кайсы партиянын программасы жана аны ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү кандай экен деген суроо-талап аз болуп жатат окшойт.

Бул жолку жергиликтүү шайлоодо шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жаңылык киргизилди. Эми бир адамдын эки же андан ашык добуш берүүсүнө жол бербөө үчүн шайлоочунун кайсы участокко таандык экенин аныктоочу пин-коддор колдонулат.

Кыргызстанда 25-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоо 25 шаарда жана 416 айылдык аймакта өтөт.

Көчмө добушкана иштөөдө
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:02 0:00

XS
SM
MD
LG