Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:41

Өзгөн: 31 орунга 431 талапкер


Өзгөн шаардык кеңешиндеги 31 депутаттык орунга сегиз партиядан 431 талапкер ат салышууда. Шаарда үгүт иштери кызып турганына карабастан жарандардын арасында шайлоого жана шайлануучуларга болгон ишеним аз экени байкалат.

Өзгөн шаардык кеңешине сегиз партия ат салышып жатканы менен көчөдөгү көрнөк-жарнактардан улам негизги тиреш төрт партиянын ортосунда жүрүп жаткандай сезилет. Алар: КСДП, “Республика”, “Өнүгүү”, “Ар-намыс” партиялары. “Замандаш” жана “Ата Мекен” партияларынын үгүт жарнамалары аларга салыштырмалуу азыраак. Ал эми “Ата-Журт” менен “Ак шумкар” үгүттү оозеки жүргүзүп жаткандай.

“Өнүгүү” партиясынын чакырык кагаздары жайнайт. Электр мамычаларында болобу, эстеликтердеби, адамдардын дарбазасындабы, айтор үгүтчүлөр ыңгайы келген жерге жарнамаларды жабыштырып кете бериптир.

Жарандар арасында болсо шайлоо алдындагы чакырыктарга ишеним кеткени байкалды. Жашоочу Мейликан Алимбаеванын айтымында, Жогорку Кеңештеги партиялык бөлүнүүлөр эми аймактарда сезилүүдө:

- Ак үйдө бөлүнгөнү аз келгенсип, эми жергиликтүү кеңештердеги депутаттар да бөлүнө баштады. Ушинтип партияга бөлүнүп эмне кереги бар? Жогорку Кеңешке партиялык тизме менен шайлап, аймактарда жөн эле мурдагыдай кылып шайлоо өткөрө берсе болбойбу? Ушунун айынан партиялардын колдоочуларынын ортосунда да бөлүнүп-жарылуулар башталат да.

Шаар тургуну Сайёра Ахмаджонова партиялардын өкүлдөрүнүн элди топтоп алып, же машинада үн күчөткүчтөр аркылуу жүргүзгөн үгүттөрүн терс сыпаттады:

- Ким шайланса да заманыбыз тынч болсо болду. Бизге ошол гана керек. Көчөнүн башына элди топтоп, убада берүүнү токтотушса жакшы болмок. Андай убадалардын канчасын уктук, ишке ашпай жатпайбы. Негизи бул же тигил партияны шайлап койгула деп үгүттөө туура эмес. Жасай турган жумушун убада бербей эле жасай берсин. Аткарган ишин мактанбай эле койсун. Эл өзү таразалап, тандап алат. Булардын үгүт өнөктүгүн көрүп, булар бийлик үчүн гана шайлоого аттангандай сезилип жатат. Үгүттөөнү мен партия ээлеринин элге күйгөнү деп эмес, алардын жеке кызыкчылыгы деп түшүнөм.

Ошол эле учурда үгүт иштерин кадыресе көрүнүш катары кабылдагандар да аз эмес. Алардын бири Абдымалик Нарбаев Өзгөндө шайлоодон улам тараптарга бөлүнгөн жагдайлар жок экенин айтты:

- Өзгөндө андай бөлүнүүлөр жок. Бардык партиядан талапкерлер программа боюнча келип, үгүт иштерин жасап жатышат. Элди чогултуп, пландарын айтып кетишүүдө.

Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Калыбек Акыбаев үгүт иштеринде мыйзам бузуулар катталбагандыгын, шайлоого аттанган партияларга нааразы көз караштагы билдирүүлөр түшө электигин билдирди:

- Үгүт иштери график боюнча жүрүп жатат. Партияларга эл менен кеңири масштабда жолугушканга эки күндөн убакыт берип, бардыгына өзүбүз катыштык. Азырынча үгүт өнөктүгүнө байланыштуу терс көрүнүштөр жок. Мыйзамсыз аракеттер болуп жаткандыгы тууралуу жазма түрдө да, оозеки да эч ким кайрыла элек.

Өзгөндүк шайлоочулар Коомдук канал аркылуу Бишкек шаардык кеңешине ат салышып жаткан партиялардын дебатына гана орун берип жаткандарына доомат артып жатышат. Өзгөн сыяктуу башка шаар-айылдардан шайлоого аттангандар үчүн деле теледебат уюштурулса жакшы болмок деген сунуштар болду.
XS
SM
MD
LG