Жусупбек Бакиев атындагы №3 мектепте тартылган сүрөттө кыздар үчүн жазылган эрежелердин арасында “жылаңбаш жүрбөйт”, “чачын кыркпайт”, “ата-эненин уруксаты жок күйөөгө чыкпайт” деген эскертүүлөр бар.
Шаардык билим берүү башкармалыгы тизме социалдык педагогдор колдонуп келген окуу курал экенин айтууда. Адистер менен укук коргоочулар муну гендердик укукту одоно бузуу катары баалашты.
Кызуу талкууга жем таштаган эрежелердин тизмеси социалдык тармактарга 30-ноябрда чыкты. Анда кыздар "жылаңбаш жүрбөйт", "кечкисин үйдөн чыкпайт", "эркектерге жанашпайт", "көчөгө атыр куюнуп чыкпайт", "күйөөсүнүн тилинен чыкпайт", "күйөөгө тийгенден кийин күйөөсүнүн уруксатын албай туруп ата-энесинин үйүнө барбайт", "чалкалап жатпайт", "бутун бутуна ашырып отурбайт", "эркекке башчы болбойт" өңдүү эрежелер бар.
Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Рысбек Калчаев "Кызга 40 үйдөн тыюу” аттуу эрежелер топтому социалдык педагогдун колдонмосу экенин айтууда:
- Бул баракча шаардагы №3 Жусупбек Бакиев атындагы мектеп имаратында илинген эмес. Ошол мектептеги окуу семинары учурунда кимдир бирөөлөр социалдык педагогдун документтеринин арасынан таап алып, Интернетке жарыялап жибериптир. Бир тараптуу маалымат чыгып жатат. Чындыгында ал баракчада коркунучтуу эч нерсе жазылбаптыр. Мен өзүм окуп чыктым. Тескерисинче, тарбиялык мааниси бар сөздөр экен. Социалдык педагог жана класс жетекчилер аны тарбиялык сааттарда жеке өзүнө колдонмо катары колдонушат. Айрым бейөкмөт уюмдардын муну динге байлап ызы-чуу салганы туура эмес. Светтик өлкөбүз деп эле бир тараптуу карабаш керек. Интернетте айтылып жаткан дооматтар менен макул эмесмин.
Анткен менен жарыяланган эрежелердин мектептерде колдонулушун Кыргызстандын билим берүү стандарттарына ылайыксыз деп эсептегендер арбын. Талкууга түшкөн бул маселеге жергиликтүү тургундардын ойлору да ар кыл, колдогону да, сындаганы да бар.
“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун облустагы координатору Абдуназар Маматисламов тарбиялык иштерди окуучуларды бөлбөй, бирдей жүргүзүүнү сунуштады:
- Биз укуктук, светтик мамлекетте жашап жаткан соң кыздарга же балдарга көбүрөөк мыйзамдуу негизде укуктарын жана милдеттерин үйрөтүшүбүз керек. Жогорудагы жазууларды мектептерде окуучуларга үйрөткөнү туура эмес.
Билим берүү тармагы боюнча эксперт Догдургүл Кендирбаева мындай тизмени мектеп программасына колдонуу билим берүү мыйзамына туура келбестигин айтты:
- Бул Конституциянын башкы принциптерине туура келбейт. Билим берүү мыйзамында да көрсөтүлгөн. Дин чөйрөсүндөгү адамдар бул маселени билим берүү программасына сунуштап жатканы туура эмес. "Кызга 40 тыюуну” ар ким өз алдынча калчай бербеши керек. Андан башка да кызды аёого багыталган мыкты сөздөр бар. Мамлекеттик билим берүү стандарттарында өзөктүү үч компетенттүүлүк бар. Биринчиси - окуучунун маалыматтык компетенттүүлүгүн калыптандыруу. Экинчиси - коммуникативдик компетенттүүлүк. Эки компетенттүүлүктү билип туруп, үчүнчүсү - кырдаалдан чыгуу. Жоолук салдыруу, сулуулугун көрсөтпөй коюу деген сыяктуу таңуулоолор да таптакыр туура эмес.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия шаар мектебинде орун алган окуяны териштире баштады. Анын облустагы өкүлү Нурбек Кайсарбаев "Кызга 40 үйдөн тыюу" деген баракчадагы жазуулар диний көз карашта жазылганын айтып, мектеп программаларына колдонууга болбостугун билдирди.
- Маалымат Интернетке чыгар замат биз да текшерүүгө аракет кылдык. 2013-жылы бул баракчалар шаарда мугалимдер арасында өткөн семинар учурунда таратылган экен. №3 Жусупбек Бакиев атындагы мектептин мугалими аны өз иш кагаздарынын арасына салып жүргөн. 28-ноябрда ошол мектепте өткөн иш-чара учурунда кимдир бирөөлөр аны тартып алып, Интернетке жарыялап жибериптир. Жеке көз карашымда ал жердеги жазуулар диний мааниде жазылган. Ошол себептүү окуу программаларында колдонууга болбойт. Бул багытта биз да мугалимдерден сурап көрөбүз.
Макала даярдалып жаткан убакта шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Рысбек Калчаев 1-декабрда шаардагы жалпы мектептердин директору менен жыйын өткөрүп, ушул сыяктуу баракчаларды мектептерде көрсөтмө курал катары колдонбоо тапшырмасын бергенин айтты.
Жалал-Абад шаарында 22 жалпы билим берүүчү мектеп бар.