Милицияга каршы көрсөтмө берген Адылжан аттуу жаран мурда уурулук, каракчылык, талап-тоноо беренелери боюнча төрт жолу соттолуптур. Өзүнүн айтымында, аны акыркы жаза мөөнөтү бүтөрүнө аз калганда, милиция кызматкерлери уруп-согуп, терс иштерди бүтүрүү үчүн пайдаланган. Адылжандын "милдети" маңзатты бейкүнөө адамдардын чөнтөгүнө байкатпай салып, аны милицияга карматуу болгон:
- Мен ушундай жол менен алты адамды милицияга карматкам. Алардын төртөө акча берип кутулуп кеткен. Экөө убактылуу кармоочу жайга камалган. Маңзатты кимге таштоону өздөрү айтышчу. Кээде мен сунуш кылчумун.
Айрым күбөлөр тергөө маалында кыйноонун күчү менен берген көрсөтмөлөрүн соттук териштирүү учурунда өзгөртүшөт. Адылжан ушундай кадамга баргандан кийин милициялар аялын барымтага алып, көрсөтмөсүн өзгөртүүсүн талап кылганын айтууда:
- Милиция кызматкерлерине каршы көрсөтмө бергенден кийин мага, жакындарыма коркутуу болду. Алар аялымды уурдап кетип, "аны көргүң келсе, көрсөтмөңдү өзгөрт" деген талап коюшту. Мен алардын аты-жөнүн билбесем да, укук коргоо органдарынан экендигин сездим. Себеби, алар милициялар берген номерге чалышты. Аларга жолукканда, "макул, көрсөтмөмдү өзгөртөм" деп аялымды алып кеттим. Бирок сотто баарын ачык айтып, көрсөтмө бердим.
Адылжандын жардамы менен милиция кызматкерлери камакка алган жарандардын бири алты айдан кийин Свердлов райондук сотунун чечими менен эркиндикке чыккан. Анын соттук ишинде Адылжандын күбө катары берген көрсөтмөсү чечүүчү ролду ойногон.
Бирок ушундан кийин бир нече сот ишине башкы күбө катары катышкан Адылжанга кол салуулар болгон. Буга байланыштуу ал азыр тааныштарынын үйүндө баш калкалаганга мажбур.
Акыйкатчы Бакыт Аманбаев жогорудагы күбө кат аркылуу андан жардам сураганын "Азаттыкка" тастыктады. Ушундан кийин ал Адылжандын арызы боюнча Баш прокуратурага кайрылган экен:
- Адылжан өз арызында Сверлов райондук ИИБнин эки кызматкери аны коркутуп-үркүтүп жатканын, үй-бүлөсүнүн коопсуздугу коркунучта экенин айткан. Бул иши менин кароомдо алты айдан бери турат. Күбө көрсөтмө берип жаткандан кийин анын коопсуздугу да эске алынышы керек эле. Күбөлөрдү коргоо боюнча мыйзам болгону менен, иш үстүндө ал аткарылбай жатат. Мен жогорудагы күбөнүн иши боюнча, шаардык прокуратурага да кайрылдым.
Алар аялымды уурдап кетип, "аны көргүң келсе, көрсөтмөңдү өзгөрт" деген талап коюшту.
Бирок Свердлов райондук ИИБ кызматкерлери күбөнүн келинчегин барымтага алуу фактысын четке кагууда. Шаардык милициянын маалымат катчысы Олжобай Казабаев Адылжан көрсөтмөсүндө белгилеген укук коргоо кызматкерлери иш ордуларын бошотпогонун, бул боюнча шаардык прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди:
- Свердлов райондук ИИБнин кызматкерлери тарабынан Адылжан жанан анын келинчегине эч кандай коркутуу-үркүтүү болбогонун, барымтага эч ким алынбаганын мен расмий түрдө айта алам. Ал эми аты аталган милиция кызматкерлери боюнча ушул тапта шаардык прокуратура тергөө амалдарын жүргүзүүдө.
Кыргызстанда 2006-жылдан тартып, күбөлөрдүн жана жабырлануучулардын укуктарын коргоо мыйзамы күчүнө кирген. Бирок адам укугун коргоочулардын айтымында, бул мыйзам иш жүзүндө аткарылбай келет.
Мындан бир ай мурда, ишке кирген ИИМдин алдында күбөлөрдү коргоо башкармалыгы тергөө убагында жабырлануучулардын, күбөлөрдүн ден соолугуна жана өмүрүнө коркунуч жаралса, алардын коопсуздугун сактоо аракеттери көрүлөрүн айткан эле. Аталган башкармалыкка Адылжан да кайрылган, бирок каражаттын жоктугунан ага тиешелүү көмөк көрсөтүлгөн эмес.