Парламенттин акыркы күндөрдөгү жыйындарында бул маселе бир нече жолу көтөрүлдү. Маселен, депутат Максат Сабиров бул боюнча өкмөттүн дарегине бир катар суроолор жаралып жатканын белгиледи:
- Сентябрда «өкмөттүн түзүмүн алып келебиз» деп убада берген элеңиздер. Качан алып келесиздер? Бул жакта күтүп жатабыз.
Ал эми өкмөт өкүлдөрү мурдагыдай эле түзүм даярдалып жатканын жана жакында парламентке сунушталарын айтуу менен чектелүүдө. Бул жолу да биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов ушундай эле жооп берди:
- Өкмөттүн түзүмү боюнча иштеп жатабыз. Жасап жатабыз. Сентябрда деп кийин жылдырган элек. Алып келебиз.
Өкмөт жаңы түзүмдө эмнелер өзгөрөрүн ачык айта элек. Бирок өкмөттүн басма сөз кызматы бюджеттик каражатты үнөмдөө максатында бир топ штат кыскартыларын, ал иштин натыйжалуулугун арттырууга багытталганын кабарлады.
Негизи былтыр апрель айында ишке кирген Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөтү министрлер кабинетинин түзүмүн өзгөртүү боюнча күзүндө сунуш менен келерин билдирген. Анын ичинен Коргоо министрлиги жана Энергетика министрлиги кайра түзүлүшү мүмкүн экенин айткан. Кийин бул боюнча атайын жумушчу топ иштеп жатканын жана жаңы жылга чейин парламентке сунуштар түшөрүн кабарлаган.
Өкмөттүн убадага турбай, ишти улам жылдырып жатканын депутаттар бир нече себеп менен түшүндүрүүдө. КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев бул боюнча өкмөттүн өзүндө так позиция жок болушу мүмкүн деп божомолдойт:
- Өкмөттүн түзүмү боюнча түшүнүксүз кырдаал түзүлдү. Премьер-министр эки-үч жолу «даярдап бүтүп калдык» деп айткан эле. Андан бери созулуп жатат. Өздөрүнүн бул боюнча пикири жокпу же эмнени макулдаша албай жатышат - биз үчүн да түшүнүксүз.
Ошол эле учурда депутаттар кийинки кезде парламентте өкмөттүн ишине карата маанай да өзгөргөнүн ачык айтышууда. Буга инвестициялык долбоорлор ишке ашпай, жаңы кодекстерге байланыштуу түшүнүксүз кырдаал түзүлгөнү себеп болууда. Өкмөт кызматтан кетиши ыктымал экенин айрым маалыматтык сайттар, гезиттер да жаза башташты.
Парламентте деле өкмөттүн ишине канааттанбаган нааразылык ачык айтыла баштаганын депутат Мирлан Жээнчороев да билдирди:
- Эми жалпы ишине баа бергенде экономикада түз инвестициялар азайганын, бир катар маселелер боюнча өкмөттүн жалтак позициясын эске алуу зарыл. «Өкмөт такыр эле иштеген жок» деп айта албайбыз, бирок анын иши толук болбой жатат. Жогорку Кеңештеги маанай коомчулуктукундай эле. Башкача айтканда коомчулукта маанай кандай экени жаңы мыйзамдар күчүнө киргенде билинбедиби. Мисалы, түкүрүк деген шылтоо эле болду, эл башка маселелер боюнча деле нааразы экенин көрсөттү.
Жээнчороев өкмөт жазында бир жылдык ишинин отчету менен парламентке келгенде начар баа алып калышы мүмкүн экенин четке каккан жок.
Кыргыз саясатында коомчулукта кайсы бир маселелер боюнча нааразылык күчөгөн учурда бийлик өкмөттү кызматтан кетирүү аркылуу элдин көксөөсүн кандырганы адатка айланганы айтылып жүрөт.
Мында негизги максат катары өкмөттүн ишин илгерилетүүдөн, кемчиликтерди оңдоодон да кызмат бөлүштүрүү, өз кадрларын кызматка сүрөө сыяктуу кыска кызыкчылыктар алдыга чыгып кеткенин бир катар саясий күчтөр кеп кылып, сынга алып келатышат.
Баш мыйзамда президент аткаруу бийлигинин ишине кирише албай тургандыгы айтылганына карабастан, айрым адистер өкмөттү кызматтан кетирүү көп жагынан мамлекет башчысынын позициясына көз каранды экенин белгилешет. Активист Адил Турдукулов да учурдагы бийлик өкмөттү кызматтан кетирүүгө жол берерине ишенбейт. Ал өз пикирин төмөнкүчө негиздеди:
- Акыркы жети-сегиз жылда премьер-министр өз алдынча саясий күчкө ээ боло баштаганда президент аны кайсы бир шылтоолор менен парламент аркылуу иштен кетирип турган. Менин пикиримде, азыр абал бир аз башкача. Мухаммедкалый Абылгазиев олуттуу саясий фигура боло элек. Ошондуктан аны кетирип салат деп ойлобойм. Абылгазиев ката артынан ката эле кетирип, толугу менен ишенимден чыгып калса гана башкача чечим кабыл алынышы мүмкүн.
Мухаммедкалый Абылгазиев жетектеген өкмөт былтыр апрель айында куралган. Андан бери өкмөттүн курамында бир нече өзгөрүү болуп, бир катар министрлер алмашты. Мыйзам боюнча өкмөт Жогорку Кеңешке жылына бир жолу, адатта апрель айында отчет бериши керек.