Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Ошурахунова: Талапкер акчасы менен бааланбаш керек


Динара Ошурахунова
Динара Ошурахунова

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерден алынуучу күрөөнү 100 миңден 2 миллион сомго жогорулатуу жана парламентке аттанган партиялардын "пайыздык босогодон" ашуу көрсөткүчүн 2% көтөрүү сунушталып жатат. Бул багытта "Азаттык" радиосу укук коргоочу Динара Ошурахунованы кепке тартты.

“Азаттык”: Президенттикке талапкерлигин коем деген жарандардан алынуучу күрөөнү азыркы 100 миңден 2 миллион сомго жогорулатуу сунушу айтылып жатат. Буга кандай карайсыздар?

Ошурахунова: Бул сунушту «Республика Ата Журттан» депутат Мирлан Жээнчороев берип жатат. Мен айтат элем, бизде андай талапкерлер абдан аз. Бул демилгеге жарандык коом каршы. Анткени көп жарандарга бут тосуу болот. Акылдуу, таза, ачык иштеп жүргөн, бирок каражаты жетишсиз жаран өз талапкерлигин кое албай калат. Бул көбүнчөсү байларга жол ачып берүү.

Парламентке жалаң акча менен келген депутаттардын абалын, деңгээлин көрүп жатабыз. Эмне үчүн биз адам өлкөнү жакшы башкара алабы дегенди акча менен өлчөшүбүз керек?

Ошол эле учурда арабызда көптөгөн лидер аялдар бар экенин эске алуу зарыл. Жаш лидерлер бар. Эмне себептен татыктуу адамдар акчасы жок болсо өз талапкерлигин көрсөтө албайт?

“Азаттык”: Демилгечилер муну мамлекет башчы болууга аттангандардын арасынан татыктууларды иргеп алуу механизми деп сунуштап жатат.

Ошурахунова: Бул байлар арасындагы татыктууларга гана тиешелүү болуп калат.

“Азаттык”: А кандай сунуштар бар сиздерде?

Ошурахунова: Азыркы мыйзам боюнча талапкер 100 миң сом күрөө коюшу керек. Биз “макул, 500 миңге көтөрсүн, балким 1 миллионго чейин” деп айтып жатабыз. Бирок 2 миллион деген абдан чоң күрөө.

Экинчиден, эгер талапкер 0,5% албаса, Боршайком акчаны кайтарып бербейт. Ал БШКда калат. Мамлекеттик бюджетке да түшпөйт. Борбордук шайлоо комиссиясынын чөнтөгүнө түшөт, ал акча эмне болуп иштетилери тууралуу көбүнчөсү маалымат жок.

Биз мындай күрөө мамлекеттик бюджетке түшүшү керек деп эсептейбиз.

“Азаттык”: Бул маселени талкууга алган парламенттик угууга сиздер да катыштыңыздар. Үнүңүздөр угулдубу? Сиздерди колдогондор барбы?

Ошурахунова: Биз 2 миллион сомго каршыбыз деген сунушубузду айттык. Маселе кайра каралып чыгышы керек дедик. Бизден тышкары башка шаарлардан келген жаш активисттер да бул өтө чоң сумма деген пикирин айтышты.

Экинчиден, эгер талапкер 0,5% албаса, Боршайком акчаны кайтарып бербейт. Ал БШКда калат. Мамлекеттик бюджетке да түшпөйт. Борбордук шайлоо комиссиясынын чөнтөгүнө түшөт, ал акча эмне кылып иштетилери тууралуу көбүнчөсү маалымат жок.

“Азаттык”: Ал эми шайлоочулардын добушу боюнча азыркы 7% босогонун чегин 9% кылуу керек деген демилгени кандай кабыл алып жатасыздар?

Ошурахунова: Бул парламенттик шайлоого тиешелүү. Азыркы мыйзамдар боюнча парламентке келем деген партиялар 7% добуш босогосунан өтүшү керек. “Республика Ата Журт” бул пайыздык босогону 9% кылалы деп сунуштап жатат. Партиялар көбөйүп, майдаланып кетти деген жүйө келтирилүүдө.

Бирок, биздин пикирибизде, учурда Кыргызстанда партиялар жок. Алар курулуп жаткан гана учур. Жок партиянын эмнесин ирилештирмек элек?

Азыркы партиялар бир адамдын тобу. Көбүнчөсү бизнес-топтор.

Парламенттик шайлоо алдында акчанын жардамы менен жаңы партиялар чыга калып жатканын көрүүдөбүз. Демек, 7% же 9%, эч нерсе бербейт. Партиянын сапатын, деңгээлин жогорулатпайт.

Партиялар курула электигин эске алып, алардын баарына бирдей мүмкүнчүлүк бериш керек. Эл өзү тандайт.

“Азаттык”: Демек партиялар үчүн тоскоолдук жаралып калат деген ойдосуздар?

Ошурахунова: Абдан чоң тоскоолдук. Мисалы, таза жаш жарандардан түзүлүп жаткан партиялар үчүн тоскоолдук болот.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG