Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:33

Шайлоо марасына ашыккан жүрүштөр


Кыргызстанда президенттик шайлоо мөөнөтү так аныктала элек. Бирок президенттикке талапкерлигин коюуга ниеттенген саясатчылардын айрымдары аймактарды кыдырып, жер-жерлерде эл менен жолугушууларды байма-бай өткөрүүгө киришти.

Бул багытта "Ак-шумкар" саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын жол башчысы Бакыт Төрөбаев жана "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов саясий ишмердигин жандантып, электораттын тамырын тартуу аракеттерин башташты.

Саясатчылардын таскагы

Соңку жумаларда саясатчылардын айрымдары партиялык лидер катары аймактарды кыдырып, шайлоочулар менен жолугушууда.

Темир Сариев
Темир Сариев

Буга чейин президенттик шайлоого катышарын жарыялаган саясатчылардын бири Темир Сариев Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Таласты кыдырып жүрөт. "Ак шумкар" саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев учурда команданы чыңдап, жолугушууларда коомчулук менен өз ара пикир алмашып жатканын билдирди:

- Жер-жерлерде, райондук борборлордо, шаарларда штабдар ачылып, иштер башталды. Саясий платформамды түзүп, өлкөнүн өнүгүү багыттары кандай болот, эмнени улантып, кайсыны жаңылоо керек деген негизде чоң бир эксперттик топ иштеп жатат. Өзүм жер-жерлерди кыдырып баштадым. "Жашыл Кыргызстан" деген демилге көтөрүп, жаштар менен чогуу "Бирге" деген кыймыл түзүлүп, "Өнүгүүгө бирге баралы", "Мамлекеттин туруктуулугуна бирге баралы" деген ураандар менен жер кыдырып, коомчулук менен баарлашып жатабыз. Кудай буюрса, элдин кабыл алуусу жакшы.

Убадалар угула баштады

Саясий ишмердигин жанданткан экинчи бир саясатчы Бакыт Төрөбаев "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын атынан аймактарда айыл чарба техникасынын көргөзмөсүн уюштуруп, Ош, Жалал-Абад жана Баткендеги коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды байма-бай өткөрө баштады.

Бакыт Төрөбаев
Бакыт Төрөбаев

Оштогу жолугушуулардын биринде Бакыт Төрөбаев президенттик шайлоого катышуу максатын да түшүндүрдү. Ал шайланып калса, эң алгач президенттик артыкчылыктардан баш тарта турганын айтып, эч убакта жакын жек-жаатын бийликке жолотпоого убада берди:

- Биз бийликке келсек, президенттин резиденциясын жабабыз. Ал президенттин резиденциясы болбойт. Мен президент болуп калсам, сиздер жашаган үйдө жашайм, сиздер баскан көчө менен басам, сиздер ичкен сууну ичем, сиздер жеген тамакты жейм. Анткени биздин Кыргызстан азыр баткакта. Биз мына ошондой жол менен өлкөнү баткактан чыгарышыбыз керек. Мен эч качан элдин акчасын уурдаган жокмун. Бирөөнүн мүлкүн басып албадым. Мен бир туугандарымды, жек-жаатымды, куда-сөөгүмдү эч качан бийликке алып келбейм. Биз экономиканы көтөрүп, чек араны бекемдеп, армияны күчөтөбүз.

Татыктууну тандоо кеңеши

Президенттикке талапкерлигин коюшу мүмкүн деген саясатчылардын дагы бири Өмүрбек Бабанов бул жолку саясий жүрүшүн Ысык-Көл кылаасынан баштады.

Өмүрбек Бабанов
Өмүрбек Бабанов

Каракол шаарында "Республика-Ата Журт" фракциясынын көчмө жыйынын өткөргөн Өмүрбек Бабанов жолдордун абалы жана туризмди өнүктүрүү маселесин көтөрдү. Ошондой эле ал Чолпон-Атадагы №54 мамлекеттик асыл тукум жылкы заводунун 90 жылдык мааракесине катышты. Өмүрбек Бабанов өзүнүн Ilander One деген аталыштагы таза кандуу аргымагын ага белекке берди.

Мындан сырткары Өмүрбек Бабанов Каракол шаарында коомчулук өкүлдөрү менен жолугуп, аларды шайлоодо туура тандоо жасоого үндөдү:

- Быйыл 19-ноябрда президенттик шайлоо келатат. Ошондо ким өлкөнү өзгөртө алат? Эгерде сиздер татыктуу адамды президенттикке шайласаңыздар мына ошондо гана жашоо өзгөрөт. Биз дайыма шайлоо бүткөндөн кийин эсибизге келип, бийликтегилерге "жашоо оңолбой жатат, жолдор талкаланган" деген сыяктуу дооматтарды койгонду адатка айлантып алганбыз. Мына ошентпеш үчүн биз шайлоо убактысында мына ушуну эсибизге бекем тутсак. Эл аралык компания биздин өлкөдө негизги көйгөй боюнча изилдөө жүргүзгөндө анда "эң башкы маселе бул жумушсуздук жана коррупция" деген жыйынтык чыгыптыр. Бул экөө дайыма эриш-аркак жүрөт. Биз ошону жок кылышыбыз зарыл.

Президенттик дымагы саясатчылардын аймактарды кыдырып, элден кабар алып, саясий ишмердигин жанданта баштаганын талдоочулар алардын электораттын тамырын тартып, элдин маанайын байкоо аракети катары карашууда.

Үгүт жүргүзүүгө үлгүргөн маал

Шайлоо укугу боюнча эксперт Идирис Кубатбеков учурдагы саясий ишмердикке жана үгүт ишине мыйзам тыюу салбай турганын белгиледи:

Мисалы, жакында Бабанов Ысык-Көлгө президенттикке талапкер катары эмес, фракция башчысы катары барып, асыл тукум аргымагын белекке берди. Шайлоо дайындалган күндөн тарта мыйзам мындай көрүнүштөргө жол бербейт.
Идирис Кубатбеков

- Качан гана шайлоону дайындоо боюнча Жогорку Кеңештин токтому чыккан күндөн тарта талапкер катары чыга турган саясатчыларга мына ушуга окшогон жолугушууларга, кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Ага чейин боло берет. Мыйзам буга тыюу салбайт. Мисалы, жакында Бабанов Ысык-Көлгө президенттикке талапкер катары эмес, фракция башчысы катары барып, асыл тукум аргымагын белекке берди. Шайлоо дайындалган күндөн тарта мыйзам мындай көрүнүштөргө жол бербейт. Азырынча алардын талапкер деген макамы жок. Алар талапкерлигин койо турганы дагы так эмес. Талапкер катары каттоо үчүн алар жашы боюнча, мамлекеттик тилди билүүсү жана жарандыгына байланыштуу чектөөлөрдөн өтүшү керек.

Ошол эле кезде президенттик дымагы бар саясатчылар маданият, илим, спорт жана бизнес тармагынын өкүлдөрүн өз тарабына тартуу менен алектенип, күчтөрдү топтоштурууга аракеттенген учурлары байкалган. Саясат талдоочулар президенттикке үмүткөрлөрдүн аймактарды кыдыруусун саясий колдоо издөөгө байланышкан саясий жүрүштүн бир ыкмасы катары мүнөздөшүүдө.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG