Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:20

Балыкчы—Корумду: Бүтпөгөн жол, жумушчулардын нааразылыгы


 Нааразылык билдирген жумушчулар. Видеодон алынган скриншот
Нааразылык билдирген жумушчулар. Видеодон алынган скриншот

Балыкчы - Корумду автоунаа жолун куруп жаткан 80ге жакын жумушчу сегиз айдан бери кытайлык “Лонг Хай” компаниясынан айлык ала албай жатканын айтып, бийликке кайрылды. Алар ишкана эч кандай түшүндүрмө бербестен маяналарын кечиктирип жатканын билдирүүдө.

Транспорт министрлиги бул боюнча маалыматы бар экенин, маселе көзөмөлдө турганын кабарлап, ишкана жумушчулардын айлык акысын 8-октябрда төлөөнү убада кылганын билдирип жатат. "Лонг Хай" компаниясы азырынча комментарий бере элек.

"Сегиз айдан бери айлык ала элекпиз"

Ысык-Көл облусундагы Балыкчы - Корумду жолун куруп жаткан 80ге жакын жумушчу 5-октябрда өлкө жетекчилигине кайрылып, сегиз айдан бери кытайлык "Лонг Хай" компаниясынан айлык ала албай жатканын айтып чыгышты.

"Биз Кытайдын "Лонг Хай" фирмасында иштейбиз. Жети-сегиз айдан бери айлык акыбызды ала албай жатабыз. Беш ай болду, маянамды ала элекмин. Айрымдары жети-сегиз айлап ала албай жүрөбүз. Мектепке, бала бакчага, балдарыбызга акча төлөй албайбыз. Насыяларыбыз бар, аны төлөш керек. Кытай компаниясынын кеңсесине барсак, кууп чыгышты. Тамак да бербей, ачка кармап атышат", - деди жумушчулардын бири.

Айлык ала албай жаткан жумушчулар
Айлык ала албай жаткан жумушчулар


Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул жагдай боюнча "Азаттыкка" маалымат берип, “Лонг Хай” компаниясы жумушчуларына айлык төлөй албай жатканын ырастады.

Министрликтин басма сөз катчысы Гүлназ Мидинова ишкана Кытайда мамлекеттик майрамдардан улам банктар иштебей, акча которулбай жатканын, жумушчуларга маяна 8-октябрда берилерин кабарлаганын айтты:

"Учурда "Лонг Хай" ишканасы чындыгында эле финансылык кыйынчылыктарга дуушар болуп, өз кызматкерлерине, анын ичинен Кыргызстандын жарандарына маяна төлөп берүү боюнча кыйынчылыктарга туш болуп жатканын билдирүүдө. Биздин министрлик ишкананын жетекчилиги менен бир нече жолугушууларды өткөрүп, алардын акыркы убадалары боюнча 2024-жылы 8-октябрда Кытайдан акча которуларын, ошол күнү кызматкерлердин маяналарын толугу менен төлөп берерин билдиришкен".

Балыкчы - Корумду жолунун курулушу
Балыкчы - Корумду жолунун курулушу

Гүлназ Мидинованын маалыматына караганда, учурда кытайлык компания жол курууга которулуп берилген акча каражаты боюнча да аткарылган жумуштарынын отчетун бере албай калган.

"Ошол эле мезгилде аталган ишкана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине да которуп берилген акча каражаттары боюнча аткарылган жумуштардын отчетторун тапшыра албай, учурда карыз болуп турат", - деди Мидинова.

Өкмөт башчы менен министрди кызматтан алган жол чыры

Юстиция министрлигинин сайтындагы маалыматка караганда, жол жана көпүрө куруу менен алектенген "Циндаос" корпорациясынын "Лонг Хай" компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү 2015-жылы 3-ноябрда каттоодон өткөн. Ошол эле жылы декабрда Балыкчы-Корумду жолун куруу боюнча тендерге катышып, утуп алган. Кийинчерээк бул компаниянын тиешелүү лицензиясы жана жол куруу тажрыйбасы жок деген дооматтан улам, 2016-жылы ошол кездеги өкмөт башчы Темир Сариев менен транспорт жана жол министри Аргынбек Малабаев кызматтан кеткен.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана транспорт министри Аргынбек Малабаев. (архив, 2016-жыл)
Мурдагы премьер-министр Темир Сариев жана транспорт министри Аргынбек Малабаев. (архив, 2016-жыл)

Бул ызы-чууларга карабастан, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тушунда "Лонг Хай" ишканасына кыргыз өкмөтү экинчи жана үчүнчү категориядагы лицензия берген. Ошол кездеги Транспорт жана жол министри Замирбек Айдаров аталган компания Балыкчы-Корумду жолунун курулушун 2017-жылы бүткөрөт деген ишеничин "Азаттыкка" маалымдаган.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана тиешелүү кызмат адамдары Балыкчы-Корумду жолунда. 28-июль, 2016-жыл
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жана тиешелүү кызмат адамдары Балыкчы-Корумду жолунда. 28-июль, 2016-жыл

Жолдун курулушу сегиз жылдан бери аягына чыга элек. Бул аралыкта курулуш иштерин бир нече жолу үзгүлтүккө учурап, Кытайдын "Лонг Хай" компаниясынын ишине нааразылыктар арбын эле болду.

2018-жылы да жумушчулар айлык акы ала албаганына нааразылык билдирип, иш таштаган. Башкы прокуратура "Балыкчы - Корумду жолун курууда мамлекетке ири суммада зыян келтирилген" деп, Кылмыш-жаза кодексинин 166, 304 жана 306-беренелеринин ("Алдамчылык", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Өлкөнүн кызыкчылыктарына каршы келген сатып алуу") негизинде иш козгогон.

Бул иштердин кандай аяктаганы белгисиз, бирок ишкана азыр деле жол салууну улантып келе жатат.

"Лицензиясы тургай, техникасы жок болчу"

Балыкчы - Корумду жолунун курулушуна бюджеттен 6 миллиард 800 миллион сом каралган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Рыскелди Момбеков - "Лонг Хай" компаниясы катышкан тендерде коррупцияга жол берилди деген маселени ошол учурда парламентте көтөргөн депутаттардын бири:

Рыскелди Момбеков
Рыскелди Момбеков

"Ошол кездеги премьер-министр менен министр кызматтан алынып, депутаттык комиссия түзүлгөн, мамлекеттик бюджеттен эбегейсиз чоң акча бөлүнгөн Балыкчы - Корумду жолунун эмгиче бүтпөй жатышы - коррупциянын кесепети. Мен муну ошондо эле айткам. Жол сала турган компаниянын лицензиясы тургай, техникасы да жок болчу. Анын баарын бул жактан ижарага алып, ишти бүтүрмөк болушкан. Мунун баарын көрүп туруп, көрмөксөн болушкан ошол кездеги чиновниктер. Демек, бул Транспорт министрлигиндеги коррупциялык схеманын дагы деле иштеп жатканынан кабар берет. 6 млрд сомдон ашык, насыяга эмес, бюджеттин акчасын чет элдик компания өзүнө котортуп алып, ортодон кыргызстандык эле ишкананы жалдаганын кийин билдик да. Ортодон миллиондогон акчалар өөнөлүп кетти. Кытай тарап жумушчулардын айлык акысын гана эмес, иштеткен техникасынын ижара акысын да бербей, кыйнаганы маалым. Бул элдин эсебинен курулуп жаткан жол болгон соң, бийлик, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бул ишти кайрадан козгоп, күнөөлүүлөрдү жазалашы керек", - деди Момбеков.

Юстиция министрлигинин сайтындагы "Лонг Хай" жоопкерчилиги чектелген ишканасы тууралуу маалымат быйыл 6-октябрда жаңыланган.

Маалыматта ишкананын Кыргызстандын салык кызматынын алдында да 842 миң сомдон ашуун карызы бар экени жазылган.

104 чакырымды түзгөн Балыкчы - Корумду жолунун курулушуна бюджеттен 6 миллиард 800 миллион сом каралган.

Ал 2015-жылы башталган жана 2017-жылы декабрь айында пайдаланууга берилмек, бирок бүгүнкү күнгө чейин бүтпөй келет.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG