Премьер-министр Билим берүү жана илим министрлигине ката кетиргендерди жоопкерчиликке тартып, китептердин мазмуну менен сапатын жакшыртууну тапшырды.
Министрлик китеп басып чыгаруу боюнча жаңы жобо иштелип чыкканын, эми негизги жоопкерчилик басмаканаларга жүктөлөрүн жарыялады. Бирок айрымдар Кыргызстанда талапка жооп берген басмаканалар жок экенин айтышууда.
Окуу китептериндеги жана быйыл мектеп бүтүрүүчүлөрүнө берилген аттестаттардагы коомчулукка белгилүү толгон-токой грамматикалык каталарды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 28-августтагы жыйынында көтөрдү.
Ал китеп басып чыгарууда анын сапатынын үстүнөн Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз билим берүү академиясы баш болгон мекемелер иштегени менен байма-бай каталар кетип жатканын сынга алды.
Ошондой эле бул маселе боюнча өкмөт бир чечимге келиши керектигин айтып, ар бир китеп үчүн билим берүү жана илим министри жооп бериши керектигин белгиледи.
«Улуттук банк акча чыгарса, анда банктын төрагасынын колу коюлат. Башында Нанаев деген аксакалдын колу турчу. Азыр Толкунбек Сагынбековичтин колу турат. Ал эми ар бир китепте билим берүү жана илим министринин колу турушу керек. Министрдин колу болмоюнча китеп басмаканага жөнөтүлбөшү керек. Сиз (ред: Гүлмира Кудайбердиева) ошол системаны ишке киргизиңиз. Бул системаны быйыл кылбасак Билим берүү академиясын жоюп, министрликтин ишин караш керек. Мен Интернет аркылуу кечээтен бери эмне деген гана сөздөрдү угуп атам! Гүлмира Каримовна, муну тартипке салыш керек. Бул мурунтан келаткан катачылыктар. Бир китеп ката чыкты, эки китеп ката болду. Аттестат ката болду. Жетишет да, туурабы?».
Жыйында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуу китептерин иштеп чыгуу жана басып чыгаруу боюнча жаңы жобо даярдалып, бекитилгенин билдирди. Анын маалыматына караганда, эми автордук укук басмаканаларга өткөрүлүп берилет да китепти басып чыгаруу бир колдо болот.
Муну менен автордук укукка ээ болгон басмакана окуу китептерин иштеп чыгуудан баштап китепти нускалоого чейинки ишти толук моюнга алат. Ал эми Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттин атынан басмаканага тапшырык берет. Министрлик бул окуу китептеринин баасын төмөндөтүп, жасалма китептердин азайтат жана жергиликтүү басмаканалардын ирденип кетишине шарт түзөт деп боолгоп жатат. Кудайбердиева андан тышкары китептердеги каталар да жоюлат деген пикирде.
«Мурдагы жободо автордук укук министрликте болчу. Бирок министрликте адамдык ресурс да, жеке басмакана да жок. Буга биринчиден окуу китептеринин авторлору менен кесипкөй басмаканалардын кызыкчылыгы дал келбей, китептердин мазмунунун начарлашына шарт түзгөн. Андан тышкары иштин жүрүшүндө китептин мазмуну, андагы каталарга ким жоопкер экени так аныкталбай калган. Китепти иштеп чыгуу, нускалоо дегиле ар бир процесске өзүнчө тендер өткөрүлчү. Бул китеп баасынын кымбатташына шарт түзөт».
Буга чейин бир катар окуу китептеринде грамматикалык каталар чыгып, министрликтин иши катуу сынга кабылган. Быйыл орто мектепти бүтүп жаткандардын айрымдарынын аттестаттарынан ката кетип, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.
Кыргызстандагы билим берүү тармагын талдаган Булан институтунун жетекчиси Чолпон Орозобекова китеп басып чыгарууда Билим берүү жана илим министрлиги жооптуу деген пикирде.
Маселен, алгач окуу китепке кол жазмалар үчүн ачык конкурс жарыяланат. Ага басма үйлөрү катышат жана китептин кол жазмаларын сунуштайт. Ар бир китепке үчтөн кол жазма түшүшү керек. Андан соң министрлик менен эксперттик кеңеш кол жазмаларды тандайт.
Тендерден уткан кол жазмага кошумча-алымча киргизилип, 20дан ашык адамдан турган координациялык кеңеш текшерип чыгат. Андан соң министрге жөнөтүлөт. Министр координациялык кеңештен келген кол жазманы китеп кылып чыгарууга уруксат берет.
Эми жаңы жободо буга окшогон иштер басмаканаларга жүктөлгөнү турат. Чолпон Орозобекова бул жобо толук иштеп кетерине ишенбейт.
«Кыргызстанда бардык жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр басма үйү барбы? Андай басма үйү жок. Жоопкерчилик алууга даяр да эмес. Анткени алар окуу китепти иштеп, оңдоп чыгууга татыктуу редакторлорду, корректорлорду ишке алууга даяр эмес. Ал үчүн биз биринчи кезекте жакшы басма үйлөрүн даярдашыбыз керек».
Булан институтунун китеп басып чыгаруунун жол-жобосу жана Билим берүү министрлигинин ишине байланыштуу кенен баяндамасы 5-сентябрга чейин жарык көргөнү турат.
Китептердин сапатына Билим берүү академиясы да жоопкер. Аталган мекеме бала бакчадан баштап, орто мектептерде окутула турган китептерге экспертиза өткөрөт. Бирок жыйында мазмунду мындай кой грамматикалык каталар жөнгө салынбай жатканы үчүн академиянын иши сынга кабылды.
Билим берүү академиясынын жетекчиси Алмаз Токтомаметов китептердеги каталарга эмне үчүн жол берилип жатканы тууралуу буларга токтолду.
«Кызматкерлердин дараметинин төмөндүгү болуп жатат. Анткени айлык аз. Биз адистерге жыл сайын сынак жарыялайбыз. Келсе бир киши келет же такыр эле келбейт. Экинчиден, кызматкердин сыртка чыгууга мүмкүнчүлүгү жок. Өз казанында өзүлөрү эле кайнап жатат. Үчүнчүдөн, жашырганда эмне Кыргыз билим берүү академиясы өзүнчө эле бөлүнүп алып, кээде Билим берүү жана илим министрлиги менен тирешкен учурлар болгон».
Буга чейин билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын дарегине сындар айтылган. Парламент депутаты Евгения Строкова да Кудайбердиеваны кызматтан кетириш үчүн түзүлгөн петицияга кол топтоого чакырган. Ал мындай кадамын министрдин ишине ичи чыкпаганы менен түшүндүрдү.
«Жөн гана жумуштан алып салуу жетишпейт, - деди ал. - Эгерде ишин чындап текшерсе, ал жакта башаламандык бар экени ачыкка чыгат. Анан эч кандай реформа жүргөн жок. Чет өлкөдөгү гранттык орундар боюнча кайрылгандар бар. Ал эми окуу куралдарындагы каталарды айтпай эле коеюн. Акырында булар боюнча министрден башкасынын баары эле күнөөлүү болуп калат».
Социалдык тармактарда да сhange.org платформасы аркылуу министр Кудабергенованы кызматтан кетирүү талабын койгондор онлайн кол топтоп жатышат. Гүлмира Кудайбердиева билим берүү жана илим министри болуп 2016-жылдан бери иштеп келет.