Облус борбору Баткен шаарынан өлкөнүн эң четки району - Лейлектин борбору - Исфана шаарына чейинки 125 чакырым жолдун көп алыс эместигине карабай учурда 4 сааттан ашык жүрүүгө туура келет. Анткени жол такыр эле жарактан чыгып калган десе да болот.
Кытайдын Экспорттук-импорттук банкы тарабынан бөлүнгөн 91,4 млн долларга бааланган бул долбоор Тажикстандын Чорку айылын айланып өткөндүктөн чек арадан өтүү маселесине да кыйла жеӊилдик болот дейт чек арадагы Көк-Таш айыл тургуну Разия Өсөрова:
- Эми бул жолдун пайдасы чоӊ. Анткени бул каттам аркылуу канчалаган элге оокат келип жатат. Экинчиден, азыркыдай Тажикстандын айылдарын аралап өтпөй калабыз. Бир топ көйгөйлөр чечилет. Элге эле пайда болот. Чек арадагы жаӊжалдар да кыскарат.
Бул жол Ош - Исфана жолунун бир бөлүгү. Бул жолду куруу убадасын буга чейинки өлкө президенттери аймакка келген сайын кабаттап бере бергендиктен жергиликтүү тургундар анын курулушуна ишенбей да калган.
Лейлек районунун тургуну Нимат Жээнебеков мына ушул нерсени эске салды:
- Аймак калкынын канча жылдардан бери күткөнү ишке ашып жатат. Буга чейин келген президенттер баары Баткен облусунун аймагынан чыгып кеткенче ушул жолду "ана баштайбыз, мына баштайбыз" деп кетчү. Мына эми чындап башталды. Азыркы жолдун абалы өтө эле оор. Автоунаалардын дөӊгөлөгү жарактан чыкканын айтпасак да, мында жүргөн эшектин да буту сынат.
Учурда Ош-Исфана жолунун дагы бир бөлүгү болгон Кадамжайдын Көк-Талаа айылынан Пүлгөнгө чейинки Өзбекстанды айланып өткөн кошумча 33 чакырым аралыктагы курулуш иштери да уланууда. Ушул эле долбоордун алкагында курулуш иштери аяктаган соӊ, Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп-түзөп туруу үчүн жол-курулуш техникаларын, керектүү жабдыктарды жеткирүү каралган.
Облус жетекчиси Жеңиш Разаков кошуна өлкө чек арасын айланып өтүп, эл каттамы үчүн мындай ыӊгайлуу шарттын жаралышы экономикага, товар жүгүртүүгө да пайдасы чоӊ экенин белгилейт:
- Бул жолдун башталышы эгемендик алгандан берки аймак калкы үчүн жасалган эң чоң жакшылык иш десек болот. Экономикага, бааларга канчалык пайда болуп жатат. Өткөн жылы мына Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолун ишке бердик эле, дароо эл турмушуна таасирин берди. Экономика өсүп жатат. Саясий жагынан айта турган болсок, бул жол бүтсө Лейлек районунун төмөнкү аймагынын калкы Тажикстанга кирбей каттап калышат.
Баткен-Исфана жолун куруу эки жылга созулаары болжолдонууда.
Буга чейин Баткен облусунда Айгүл-Таш-Самат жогорку чыӊалуудагы электр линиясынын курулушу бүткөрүлүп, Лейлек району менен Сүлүктү шаары электр энергиясынан көз карандысыздыкка жетишкен. Мындан сырткары Өзбекстан жана Тажикстан аймагынан транзиттик каттамдарды кыскартуу үчүн 2 ири жол курулушу ишке ашкан.