Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:52

Прокуратура Саляновага сегиз жыл сурады


Аида Салянова
Аида Салянова

Башкы прокуратура Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованы сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сурап жатат.

Муну айыптоочу тарап Саляновага коюлган доо далилденди деп негиздеди. Аида Салянова прокуратуранын негизин укугун басмырлоо катары баалап, бийлик аны шайлоого чейин шашылыш соттоо аракети катары баалоодо.

Прокурорлордун суроосу жоопсуз калды

Ленин райондук сотунун 20-сентябрдагы отурумунда айыпталуучу суроо-жооп формасында суралды. Салянова бул отурумда прокурорлор Нурлан Тагаев менен Марат Бусурманкуловдун суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, муну алардын иш боюнча толук маалыматы жок деп негиздеди.

Жарыш сөз учурунда мамлекеттик айыптоочу Марат Бусурманкулов Аида Салянованын күнөөсү толук далилденди деп билдирди. Анын айтымында, юстиция министринин милдетин аткарып турганда, Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин эл аралык издөөдө жүргөнүн билип туруп адвокаттык лицензиясын узарткан:

- Алексей Елисеевдин лицензиясын узартуу ишин бул жакта Иванов аттуу өкүлү аркылуу жүргөн. Ал 2010-жылдын 7-июнунда арыз таштап, 28-июнда Салянованын уруксаты менен канааттандырарлык жооп алып жатат. Байкасаңар, бул маалда 2010-жылдагы июнь окуясы болуп жаткан учурда лицензия узартылып жатпайбы.

Салянова: прокурор бийликтин жазганын окуду

Ушундай негиз келтирген мамлекеттик айыптоочу Аида Салянованы кызмат абалынан кыянаттык кылган деп сегиз жылга эркинен ажыратууну соттон сурады. Экс-прокурор Салянова муну бийликтин тапшырмасы катары баалады:

- Прокурорлор жарыш сөз учурунда 90 пайыз айыптама бүтүмдү окуп койду. Бул бүтүм сот башталганга чейин эле бар болчу. Демек үч айдан ашык сот процессинде прокурорлор эч нерсе кылбай эле отурушуптур. Биз сот учурунда канчалаган күбөлөрдү чакырып, бул иш жасалма деп 200 пайыз далилдеп бердик. Прокуратура көрсө муну укпай эле жүрүптүр. Себеби иштин бир да жерине камтылбаптыр. Эми биздин да айтаар сөзүбүз алдыда.

УКМК Cаляновага айыбын угузду

УКМК Cаляновага айыбын угузду

"Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, айыбы угузулду. Анын негизинде Салянова мамлекеттен сырткары эч жакка чыкпоого милдеттендирилди. Бирок депутат өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча тергөөдө мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

Салянованын жактоочусу Чынара Жакупбекова сот процесси башынан эле басым астында өтүп келатканын белгилеп, бул аралыкта сот айыпталуучунун дээрлик бардык өтүнүчтөрүн четке кагып келгенин айтат. Ал Аида Салянованын күбөлөрдү чакыруу, баласы ооруп жатканына байланыштуу сотту жылдыруу, ишке кошумча документтерди тиркөө өңдүү өтүнүчтөрдүн бардыгы соттон колдоо таппаганын жүйө келтирди.

Ошентип үч айдан бери каралып келаткан Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Аида Салянованын сотунда өкүм чыкчу убакыт чукулдап келатат. Депутат акыркы сөзүн 22-сентябрдагы отурумунда айтат. Мындай чечимди сот адвокаттардын акыркы сөз сүйлөөгө айыпталуучуга бир жума убакыт берүү өтүнүчүнүн негизинде кабыл алды. Адвокаттар болсо даярданууга эки күн аздык кылат деп, соттун өтүнүчтү толук аткарбаганына нааразылык билдирип жатышат.

Аида Саляновага 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда "мурдагы президенттин уулу Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти жетиштүү иликтеген эмес" деген айып тагылган. Салянова өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, саясий куугунтук деп атап келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG