Текебаев менен Чотоновдун бөгөт чарасына байланыштуу көзөмөл иретинде даттануу арызы Жогорку Сотто карала баштады. Мында Чотонов боюнча арыз берилип, бирок Текебаев боюнча арыз жазыла электигине карабастан Бишкек шаардык сотунда шаар прокурорунун сунушу менен аларды камакта калтырган чечим талаш жаратты. Текебаевдин адвокаттары анын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз эми жазылганын айтып, ошон үчүн сотту жылдырып, убакыт берүүнү өтүнүштү. Сот алардын өтүнүчүн канааттандырып, бирок бөгөт чарасын кароо мөөнөтүн бир күнгө гана жылдырды.
Бөгөт чарасын кароо тартибинин бузулушу
Жогорку Соттун жазык иштери боюнча коллегиясы адвокаттардын тактоосуна жооп кылып, мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдуку менен кошо "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин бөгөт чарасына байланыштуу маселени бирге кароо чечимине келди. Бирок соттолуучулардын адвокаттары Чотоновдун гана бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз берилгенин, бирок Бишкек шаардык соту шаар прокурорунун сунушуна таянып, Текебаевдин баш коргоо чарасын кошо карап, экөөнү тең камакта калтыруу чечимин чыгарып салганын белгилешти. Текебаевдин адвокаты Канат Хасанов даттануу иретинде көзөмөл арыз жазылганга чейин сотту жылдырып турууну өтүндү:
- Бизге убакытты создуктуруунун кажети жок. Болгону биз мыйзам талап кылган процессуалдык мөөнөттүн жана арызды кароо тартиби туура сакталышын гана сурап жатабыз. Анан эми прокуратура биз сотко даттануу жөнөтпөсөк эле, бизден мурун озунуп чыгып, кайсы негизде сунуш киргизди. Бул жерде мыйзам бузулуп жатат. Ошол алардын айыптоо корутундусунун негизинде чыккан сот чечимин кайра эле күчүндө калтырып бергиле деп сотко кайрылганы логикага дагы, мыйзамга дагы сыйбайт.
Ошол эле кезде Жогорку Соттун жазык иштери боюнча коллегиясы Бишкек шаардык сотунун аталган эки саясатчыны камакта калтырууну караган аныктамасына карата Чотоновдун адвокатынын көзөмөл арызы менен кошо прокуратуранын Текебаевдин бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтыруу сунушу бир учурда келип түшкөн жагдайды жүйө келтирди. Жогорку Соттун жазык иштери боюнча соттук коллегиясынын судья- баяндамачысы бул тууралуу төмөндөгү маалымдаманы окуп берди:
- Текебаев менен Чотоновго карата бөгөт коюу чарасы катары камакта калтыруу тууралуу токтом мыйзамдуу жана негиздүү деп, күчүндө калтырылган. Ошол эле кезде соттолуучу Чотоновдун кызыкчылыгын жактаган Жумашев биринчи жана экинчи соттук инстанцияда кабыл алынган соттук актылар менен макул болбостон, көзөмөл иретинде даттануу менен кайрылган.
Прокуратура аша чаптыбы?
Анткен менен соттолуучу тараптын жактоочулары бул жерде бөгөт чарасына даттануу иретинде жазылган арызды кароонун тартиби сакталбаганын белгилешти. Дүйшөнкул Чотоновдун адвокаты Марат Эшперов бул маселеде прокурорлор адвокаттардан озунуп, камактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтыруу тууралуу сунуш киргизгенин жазык-процессуалдык кодексинин талабына каршы келет деп мүнөздөдү:
- Прокуратура органдары соттун чечиминин мыйзамдуулугун текшерип берүү өтүнүчү боюнча сотко кайрылган жагдай мыйзамда көрсөтүлгөн эмес. Мына ошол сунушту киргизип жатканда прокурорлор өздөрүнүн укугунан аша чапкан.
Ошол эле учурда бул маселени кароо учурунда мамлекеттик айыптоо тарабы прокуратура органдары баш коргоо чарасынын мыйзамдуулугун аныктап берүү жана аны өзгөртүүсуз калтыруу сунушун киргизүүгө акысы бар деп эсептейт. Бул маселени көзөмөл иретинде карап жаткан Жогорку Соттун жазык иштери боюнча коллегиясында мамлекеттик айыптоочу мына ошондой сунуш киргизүү жагы прокуратуранын ыйгарым укугуна кире турганын айтуу менен гана чектелди:
- Бул маселе боюнча мен азыр эч кандай комментарий бере албайм. Мына ошол жактарын карап көрүп, анын баарын сот өзү чечет. Прокурорлордун мындай ыйгарым укугу жазык-процессуалдык кодексинде каралган.
Бирок соттолуучулардын дагы бир адвокаты Чынара Жакупбекова Өмүрбек Текебаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча көзөмөл арыз эми жазылганын билдирип, анын көчүрмөсүн сотко тапшырды. Ал мына ошондуктан бул ишти Жогорку Сотто кароону токтотуп турууну соттон өтүндү.
Жазык иштери боюнча соттук коллегия өз ара кеңешип, адвокаттын өтүнүчүн канааттандырып, бирок мыйзамда каралган беш күнгө чейин убакыт эмес, бир күн убакыт берүү чечимине келди.
Мындан сырткары 15-июнь күнү "Ата Мекен" фракциясынан депутат Алманбет Шыкмаматовдун кылмыш иши Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда карала баштады. Шыкмаматовду коррупцияга айыптаган бул иште аны менен бирге жоопко тартылып жаткан Германиянын жаранынын котормочу сураган өтүнүчү каралды. Ага котормочу камсыздоо маселесине байланыштуу бул сот иши 20-июнга жылып кетти.
"Ата Мекен" фракциясынын башка бир депутаты, мурдагы баш прокурор Аида Салянованын сот иши 16-июнь күнү баштала турганы жарыяланды.
Ошону менен бир учурда "Ата Мекен" партиясынын төрт саясатчысынын сот иши жүрүп жатат.