Өрт башталган убакта Филармониянын кызматкери Ахматкул Досматов иш ордунда болгон. Анын айтымында, өрт 30-августта саат 12лер чамасында, имараттын бешинчи кабатындагы "Камбаркан" фольклордук оркестринин классында чыккан:
- Ылдый көздөй чуркап барып эле, өрт болуп жатканын айттым. Эч ким билбептир, эч ким укпаптыр. Биздин жаныбыздагы кабинеттен түтүн келгенинен мен байкап калдым. Оркестр залы да ошол жерде. Кийимдеримди алып чыгайын деп, кайра кире албай койдум. Капкара түтүн каптап калды.
Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өрт өчүрүүгө беш бөлүм тартылып, саат 14:00дө чектөөгө алынды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаардык башкармалыгынын жетекчиси Адилбек Чаргынов "Азаттыкка" билдиргендей, болжол менен 200 чарчы метр аянт өрттөнгөн:
- Өрт жөнүндө маалымат 12ден 26 мүнөт өткөндө түшкөн. Баш-аягы 11 техника келди. Андан сырткары "Тез жардам" кызматы, Ички иштер министрлигинин кызматкерлери келди.
Филармониядагы өрт өчүрүү иштерин вице-премьер-министр Жеңиш Разаков менен өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов көзөмөлдөп жүргөнү айтылды. Азыр өчүрүү иштери уланууда. Андан жабыр тарткандар тууралуу маалымат жок. Тилсиз жоонун себеби жана зыяны аныктала элек.
Филармониянын директору Кыргызбай Осмонов жамааттын жарымы менен ушул апта Чолпон-Ата шаарында Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүп жүргөн.
- Кызматкерлердин жарымы бул жакта болчу, жарымы эртең келмек, - дейт ал. - Өрт "Камбаркан" фольклордук оркестринин классында чыгыптыр. Кудай жалгап музыкалык аспаптарды сыртка алып чыкканга үлгүрүп калышкан экен. Эртең Көчмөндөр оюндарына чыга турган аспаптар ошол жерде эле. Жанында костюмдар бөлмөсү бар болчу. Бактыга жараша ал бөлмөгө жалын тийбептир.
Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясы 1980-жылы курулган. Ал мамлекет эң чоң концерттик мекеме.
Кыргызстанда буга чейин да маданий жайларды тилсиз жоо каптаган учурлар катталган. 2012-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрын, 2016-жылы 22-июлда реконструкция болуп жаткан Тарых музейин өрт чалган. 7-8 сааттан кийин гана өчүрүлгөн өрттүн зыяны тууралуу эки ача пикир айтылган. Ушундан улам "уурдалып-тонолуп кеткен айрым бир баалуу тарыхый табылгалардын изин жашыруу үчүн кимдир-бирөөлөр атайын өрттөшү ыктымал" деген да жоромол чыккан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, быйыл жети айда Кыргызстанда 2215 өрт чыгып, андан 36 адам каза болду. Бул сан былтыркыга караганда 7,8 пайызга көптүк кылат. Өрттөн 25 адам жабыркаса, өрт өчүргүчтөр 43 адамдын өмүрүн сактап калган.
Тилсиз жоонун негизги себептери катары электр жабдыктарын туура эмес колдонуу, отко олдоксон мамиле кылуу көрсөтүлгөн. Өрттүн көбү үйлөрдөн чыккан. Аймактар боюнча алып келгенде Чүй облусу жана Бишкек шаарында эң көп өрт катталган.
Буга байланыштуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды өрт кырсыктарынын алдын алыш үчүн коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырууда.