Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:00

Грециядагы өрт сексендей адамдын өмүрүн алды


Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.
Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Греция токоюнда акыркы жылдарда болбогондой өрт чыгып, 80ге жакын адамдын өмүрүн алып кетти.

200дөй киши жараланганы кабарланууда. Афины өкмөтү башка мамлекеттерден жардам сурады. Өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Күйүп кеткен машинелер менен үйлөрдүн сөлөкөттөрү, асманга чейин көтөрүлгөн албууттанган жалын, кара жанын сактай качкан адамдар...

Грециянын түштүгүндөгү Аттика чөлкөмү, жергиликтүү жашоочулардын бири салыштыргандай, Везувий атылганда күлдүн астында калган Помпеини эске салат.

Тилсиз жоо менен жүздөгөн өрт өчүрүүчүлөр күрөшүп, куткаруучулар оттун туткунунда калган элди кайык, тик учактар менен эвакуациялап жатышат.

Шамалдын ылдамдыгы саатына 100 чакырымга жетип, жалын тез жайылууда.

Баш калаа Афинынын жака-белинде жашаган айрым тургундар коопсуз жерлерге көчмөк болушту.

Өлгөндөрдүн көбү Афиныга 40 чакырым чукул жердеги Мати кыштагынан чыгып кете албай үйлөрүндө, машинелердин ичинде түтүнгө тумчуккан. Алоологон от айылды тышкы дүйнөдөн бөлүп салды.

Кээ бир жашоочулар жанталашып жээкке карай чуркашканын айтып беришти.

"Бардыгы өрттөн качууга аракеттеништи, бирок жалын алардын жолун тороп салды. Кайда барарын билбей жан алекетке түшүштү. Анан кара түтүн менен дем алууга аргасыз болушту" - деди Яннис деген жергиликтүү тургун.

Рафина районундагы бул айыл саякатчылар арасында өзгөчө популярдуу. Жайкысын бул жерге киши көп келет.

"Кызыл чырым" уюмунун маалыматына караганда, Матидеги бир виллада 26 кишинин сөөгү табылды.

Күйүп кеткен машинелер.
Күйүп кеткен машинелер.

​Жалпысынан тилсиз жоодон 80ге жакын адамдын каза болгону, 200дөй кишинин жараланганы кабарланууда. Жабыркагандардын арасында кеминде 16 бала бар.

Грециянын премьер-министри Алексис Ципрас өлкөнүн чукул кырдаал кызматтары өрт өчүрүү, куткаруу иштерине тартылганын билдирди.

"Мындай учурда эмне сезип жатканыбызды сүрөттөөгө сөз да жок. Өлкө болуп көрбөгөндөй трагедияны башынан кечирип жатат. Ондогон кишинин өмүрү кыйылды. Бардыгыбыз, өзгөчө маркумдардын жакындары үчүн бул чоң жоготуу" - деди грек өкмөт башчы.

Мурунку күнү өкмөт башчы Босния жана Герцеговинадагы сапарын токтотуп, кайтып келген. Аттика чөлкөмүндө өзгөчө кырдаал киргизилип, өлкөдө үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Жалындаган өрт.
Жалындаган өрт.

Өкмөт европалык башка мамлекеттерден жардам сурап кайрылды. Италия, Польша жана Франция өрт өчүрүүгө авиация, машине жана адистерди жөнөтүштү. Афины ошондой эле АКШдан дрондорду сурады.

Акыркы жолу Грецияда мындай чоң өрт 2007-жылы болгон. Анда кырсык ондогон кишинин өмүрүн алган.

Өрттүн чыгышына күндүн аптабы себеп болгону айтылганы менен, бийликтин айрым өкүлдөрү "атайылап өрт коюлган" деген версияны да жокко чыгарышпайт. Атайын кызматтар иликтөө иштерин башташты.

Алдыңкы күндөрдө абанын температурасы кайрадан көтөрүлөөрү күтүлүп жатат. Жалын эми баш калаага жакындашы мүмкүн деген чочулоо күчөп баратат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG