Коопсуздук маселесинен улам Европа биримдигинин "кара тизмесине" кирген кыргыз авиациясы андан чыгууга 12 жылдан бери аракет кылып келүүдө.
Асмандагы дүрбөлөң
1-мартта "Тез жет" авиакомпаниясынын Бишкек-Баткен каттамында бараткан учагынын бир кыймылдаткычы күйүп кеткен. Жарым жолдон артка кайтып, "Манас" эл аралык аэропортуна конгон учакта 96 жүргүнчү жана экипаждын төрт мүчөсү болгон. Учкучтун аты-жөнү Дмитрий Палашкин.
"Эйр Кыргызстандын" тагдыры талашта
"Эйр Кыргызстандын" тагдыры талашта
"Эйр Кыргызстан" улуттук авиакомпаниясын сатып алууга чет элдик инвесторлор кызыкдар болууда.
Окуя тууралуу интернетке чыккан видеодон учак ичиндеги ошол учурду, жүргүнчүлөрдүн дүрбөлөңгө түшүп, айрымдары ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Чукул конуудан соң кишилердин көбү башка учак менен Ошко жөнөтүлүп, андан ары Баткенге "Тез жет" уюштурган кичиавтобустарга жетишкен. 30 адам учуудан баш тартып, Бишкекте калган. Компания жүргүнчүлөрдүн баарына психологиялык жардам көрсөткөн.
Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси ("Транспорт каражаттарын сапатсыз оңдоо жана алардын техникалык бузуктары менен пайдаланууга чыгаруу") боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтеп жатат. Жарандык авиация агенттиги да иликтөө комиссиясын түзгөн.
Аталган компаниянын өкүлдөрү учак көзөмөлдөн өтүп, анан абага көтөрүлгөнүн белгилейт. Жарандык авиация агенттигинин башчысы Курманбек Акышев окуя кокустан чыккан техникалык мүчүлүштүк экенин айтты:
- Техникалык себептен улам ушундай окуялар дүйнө жүзүндө болуп турат. Учуунун алдында техникалык кароодон өтүп, кемчилик жок деп табылган. Документте баары жайында деп көрсөтүлгөн.
Аба каттамдарына күнү-түнү байкоо салган Flightradar-24 глобалдык кызматынын сайтындагы маалыматка караганда, Бишкек-Баткен каттамында кыймылдаткычы күйүп кеткен учак 552 чакырым ылдамдыкта, 6505 метр бийиктикте бараткан. Ошол күнү 32 мүнөт учкан.
Кыймылдаткычы күйгөн "Avrojet RJ–85" учагы Британия өндүрүшүнөн 21 жыл мурда чыккан жана ага 99 жүргүнчү батат. Төрт кыймылдаткычы бар.
"Кара тизме көйгөйү"
Кыргызстандык авиакомпаниялар "Эл аралык нормаларга дал келбейт" деген жүйө менен 2006-жылы Евробиримдиктин "кара тизмесине" кирген. Андан чыгуу аракети жөнүндө көп сөз болгону менен, маселе оң жагына чечиле элек.
Марттын башында Аба транспорту боюнча эл аралык ассоциация (IATA) аудитинин жыйынтыгында "Эйр Манас" компаниясы текшерүүдөн жакшы өтүп, сертификат алганын Жарандык авиация кызматы маалымдады. Ушул айдын аягында дагы бир сертификат алынса, "кара тизмеден" чыгууга шарт түзүлөт.
Учурда аталган "кара тизмеде" КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстандын гана авиакомпаниялары бар экени айтылат. Тармак боюнча эксперт Таалайбек Окенов жагдайды Жарандык авиациядагы иштин чабалдыгынан көрөт:
- Демек бизде учуу коопсуздугу дагы эле жетиштүү деңгээлде эмес дегенди билдирет. Тармакты көзөмөлдөгөн органдар иштеп жатканын айтып келатышат. Мен аларды эч нерсе жасабай отурат дегенден алысмын. Менин оюмча, мамлекет Жарандык авиацияга жетиштүү каражат берип, алардын ишин жакшы көзөмөлгө ала албай жатат.
Сырттагы техкөзөмөл
Расмий маалыматка ылайык, учурда Жарандык авиация агенттигинин каттоосунда 32 учак бар. Анын 17си жарактуу, калганы убактылуу иштебейт.
Өлкөдө төрт авиакомпания - "Авиа-Трафик", "Эйр Манас", "Тез жет" жана "Эйр Кыргызстан" эл ташыйт. "Sky Bishkek" компаниясы жүк жеткирген жана башка коммерциялык учууларды аткарат. Жүргүнчү тейлеген учактардын эң жаңысы 2008-жылы өндүрүштөн чыккан, аны "Тез жет" колдонот. Эң эскиси 1991-жылы чыгарылган, анда "Авиа траффик" тейлөөнү улантууда. Эреже боюнча чыкканына 25 жылдан ашкан учак каттамдан алынышы керек.
Өкмөт авиацияны аксаткандарды жазалайт
Өкмөт авиацияны аксаткандарды жазалайт
Өкмөт авиация тармагында кемчиликтерге жол берген аткаминерлерди аныктап, чара көргөнү жатат.
Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси Курманбек Акышев Кыргызстандагы "Боинг" үлгүсүндөгү учактар АКШдан, Аэробустар Европадан, бийлик пайдаланган учактар Орусиядан техникалык кароодон өтөрүн айтты.
Жергиликтүү жана чет элдик авиация тармагына такай байкоо салып, Лондондо иштеп жүргөн Бакыт Азимканов Кыргызстанда абада жүргүнчү ташуу жаатында мурдагы жылдарга салыштырмалуу оң жылыш бар экенин белгилеп, техникалык тейлөө жагында маселе бар экенин айтты:
- Кыргызстанда техникалык жана инженердик кесипкөй адистер аз жана өлкөдөгү учактарды техтейлөө базасынын мүмкүнчүлүктөрү чектелүү. Ошондуктан учактар чет элге барып көзөмөлдөн өтөт. Негизи, ар бир авиакомпаниянын өзүнүн техкөзөмөлдөө жана техтейлөө кызматтары бар. Кыргызстандын өзүндө ошондой заманбап борборлор курулуп, мыкты адистер даярдалса жана азыркы техкөзөмөлдөө кызматтарынын мүмкүнчүлүктөрү кеңейтилсе гана кемчилик жоюлат.
Бакыт Азимканов Баткенге баратып кырсыкка кабыла жаздаган учак окуясы тууралуу Кытайда жана Европанын бир катар мамлекеттеринде журналисттер жазып чыгышканын, элди аман-эсен кондурган учкучтарга алкыш айтышканын белгиледи. Ошол эле учурда кыргыз журналистикасы бул боюнча тек гана кабар берүү менен чектелип, окуянын чоо-жайы иликтенбей калганынан суроо салды.
Кыргызстандын Аба кодекси 167 беренеден турат жана анда авиакыймыл жана учуу эрежелери жазылган. Жарандар талаштуу жагдайда "Керектөөчүнүн укуктарын коргоо жөнүндө" мыйзамга таянып чара көрүшү мүмкүн.