Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:30

Өкмөт авиацияны аксаткандарды жазалайт


"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

Өкмөт авиация тармагында кемчиликтерге жол берген аткаминерлерди аныктап, чара көргөнү жатат.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 22-декабрда өкмөт жыйынында биринчи вице-премьер-министрге бул боюнча сунуш даярдоону тапшырды. Жарандык авиация боюнча эл аралык уюм аныктап чыккан кемчиликтерди жоюуну буйруду.

Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен жалгыз Кыргызстандын авиа компаниялары, жалпы жарандык авиациясы соңку он жылдан бери Европа Биримдигинин "кара тизмесинен" чыга албай келет.

Каражат тартыш

Кыргызстанда ушул тушта жарандык авиацияга жооп берген башкы органдын өзүндө да абал дурус эмес. Соңку алты жылда Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация агенттигинин жетекчиси алты жолу алмашты. Жетекчиликтеги тирешүү, жаат-жаат болуп бөлүнүү, карама-каршылык ачыкка чыкты.

Жарандык авиациядагы араздашуу

Жарандык авиациядагы араздашуу

Транспорт жана жолдор министрлигине караштуу Жарандык авиация департаментинде дагы тиреш жаралды.

Дайындалганына бир айдан ашкан министр Жамшитбек Калилов бул тармактын өнүкпөй жатканын, Жарандык авиация боюнча эл аралык уюм аныктап чыккан кемчиликтер жоюлбаганын, Европа Биримдигинин "кара тизмеси" өңдүү маселелердин чечилишин каражат менен байланыштырды. Өкмөт өкүлү эгер жетиштүү акча болсо тармак бир жылга жетпей оңолот деп ишендирди.

- Жарандык авиация агенттигин жогорку квалификациялуу кадрлар менен камсыздоо, материалдык-техникалык чыңдоо, олуттуу суммадагы акча талап кылганын эсептеп чыктык. Министрлик агенттикти каржылоону көбөйтүү үчүн булактарды издеп, каржылоо механизмдерин иштеп чыкканбыз. Каржылоо маселесин чечпесек, "кара тизмеден" чыга албай, Жарандык авиациянын эл аралык уюму белгилеген кемчиликтерибиз дагы жоюлбай калып жатат.

Министр жарандык авиациядан бир жылда түшкөн бир миллиард сомдон ашуун каражатты кайра өзүнө жумшоо, "Манас" аба майданындагы 15 доллар өлчөмүндөгү аэропорттук жыйымдын 1,5 долларын кармап калуу, Жарандык авиация фондун түзүү өңдүү чараларды сунуштап жатат. Бирок бул сунушту Каржы министрлиги менен Экономика министрлиги бюджеттин тартыштыгы, мыйзамдарга туура келбейт деген шылтоо менен колдобой койгону белгилүү болду.

Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов каражат маселесин чечүү боюнча дагы башка иштер илгерилебей жатканын айтып өттү:

- Чет элдик жарандык авиация органдары, авиакомпаниялар менен биздин аэропорттор аркылуу үчүнчү мамлекетке транзиттик аба каттамдарын аткарууну сунуштап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Тилекке каршы, реалдуу түрдө кызыгып учкан авиа ташуучу болгон жок. Бирок биз бул багытта ишти улантып жатабыз, токтоткон жокпуз.

Көзгө илинбеген кемчиликтер

Жарандык авиация боюнча эл аралык уюму Кыргызстандын жарандык авиация тармагын быйыл текшерип чыккан. Аудит маалында 130га жакын кемчилик аныкталды. Өкмөт жыйынында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кемчиликтердин баары каражаттын айынан жоюлбай турат деген корутундуну сынга алды. Ириде талапты, көзөмөлдү күчөтүү керектигин айтты. Жарандык авиация тармагында кемчиликтерге жол бергендерди аныктап, жазалоо боюнча сунуш даярдоону биринчи вице-премьер-министрге тапшырды.

- Жарандык авиация боюнча эл аралык уюм аныктап чыккан 128 кемчиликтин көбү чечиле турган маселе. Ага акчанын деле кереги жок. Ал жерде тартипке салып, талап гана коюу керек. Ошол талаптын аткарылышын, жыйынтыгын сураш керек. Аныкталган 128 кемчиликке жооптуу кишилер болушу зарыл. Сураган киши жок болуп жатпайбы. "Кара тизме" боюнча да буга чейин сураган киши болгон эмес. Министр ай сайын коллегия болгондо сурап, текшерип турушу керек. Көз караш өзгөрүшү абзел. Туура атаандаштык болушу керек. Ал жерде кайсы бир компаниянын эмес, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы болушу керек. Ошондо гана чечилет.

Биринчи вице-премьер-министр Мухаммедкалый Абулгазиев өкмөттүн жарандык авиация тармагында мамлекеттик саясатты чабал жүргүзүп жатканын моюнуна алды:

- Биз Ашхабадга барганда Жарандык авиация боюнча эл аралык уюмдун баш катчысы менен жолуктук. Сүйлөшүп отурганда мен “биздин "кара тизмеден" чыга албай, текшерген сайын кемчиликтерибиздин көбөйүп жатышынын себеби эмнеде?” деп сурадым. Ал "кээ бир мамлекеттер жалаң авиация аркылуу байып экономикасын ушул тармак менен көтөрөт. Силердин өкмөтүңөр, ушул тармакты тейлеген органдардын өзүнүн көз карашы жок, тар кызыкчылыкты көздөйт, атаандаштык жок. Персоналдан баштап башкарган жетекчилериңерге чейин түшүнбөйбүз, бирөө келип бир нерсени айтат, эмкиде дагы башка бирөө келип башкача сүйлөйт, кыскасы түшүнбөйбүз, терс көрүнүштөрдүн баары өзүңөрдө" деди.

Жарандык авиация агенттигинин мурдагы жетекчисинин орун басары Мураталы Токтобеков оболу кадр маселеси чечилиши керек, ишбилги адистер зарыл деген пикирин билдирди:

- Негизи бул тармакты кесипкөй адистер жетектеши керек. Ар кимди эле дайындай берген маселе бар. Экинчиден, каржылоо маселеси көп жылдан бери эле көтөрүлүп жатат. Аны чечмейин иш жылбайт. Мисалы бизде азырынча уча элек, колдонула элек учактарды тейлеген инспекторлорду окутуп, даярдоо керек. Мындай бир адисти даярдоого кеминде 35 миң евро сарпталат. Мындай бир канча инспектор керек. Сөзсүз адистер келип, иштеши керек. Бул тармакта түшүнүгү жок адамдар келип алып эле башкарабыз деп баарын чакчалекей салып жатышпайбы.

Кыргызстанда быйыл жаңы Аба кодекси күчүнө кирген. Ага ылайык өкмөттүн учуу коопсуздугу программасы бекий элек. Андан сырткары 2016-2010-жылдарга белгиленген Жарандык авиацияны өнүктүрүү боюнча программа кабыл алган. Быйыл ошол программадагы аткарылышы керек деген иш-чаралар дээрлик баары жүзөгө ашкан эмес. “Ачык асман” саясатын киргизүү керектиги айтылганы менен ал кагазда гана калган.

Кыргызстан аба каттамдар боюнча 30дай өлкө менен макулдашкан. Азыр жергиликтүү авиа компаниялар тогуз өлкөнүн, 25 шаарына гана учат. Жумасына 230дай каттам аткарылат, анын теңинен көбүн чет өлкөлүк авиакомпаниялар жүргүзөт. 2011-2015-жылдары жүргүнчүлөрдүн саны эки эсеге өскөн, тактап айтканда, үч миллиондон ашкан.

Кыргызстанда жалпысынан 22 авиакомпания катталган. Анын тогузунун гана учууга уруксаты бар. Бул компаниялардын бешөө жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташыйт.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG