Алар маал-маалы менен дарыланып, кээ бирлери айлап ооруканага жатууга аргасыз. Алардын бири - Максат Молдобаевге кекиртек менен төш тарабына бир эмес эки ок тийген.
- БТР келгенде катуу аткылашты. Ошондо көбү өлүп кетти. Ошол жерден мага да кекиртек жакка эки ок тийди. Чынын айтканда эмне болуп кеткенин билбейм, катуу темир менен чапкандай эле кулап түштүм. Тура калсам, төш жагымдан кан агып жатыптыр. Ошондо эсимди жоготуптурмун...
Окторду алыш үчүн Максат Молдобаевге оор операциялар жасалган экен. Ошол күндөн бери алты ай сайын ооруканага жатып турат. Дарылануу бекер болгону менен, кымбат дары-дармектерди алууга акчасы жетпейт:
- Азыркыга чейин алты ай сайын жатып турам. Жатпаса болбойт, кесилген, ок тийген жерлер ооруйт, октун залакасыбы, кээде түн ичинде башым дагы ооруйт. Ал эми ооруканада күнүмдүк эле дарылар, кымбат дарыларды өзүң сатып келүүгө туура келет. Жеке эле мен эмес, мендей кыйналып жүргөндөргө өкмөт көңүл буруп койсо демекчимин.
Оор жаракат алган Максат 3-топтогу майыптыкка чыккан. Ал ошол күнү Ак үй алдында элге ок атыла баштаганын угуп, нааразылыкка чыккандарды колдоо үчүн барган. Максаттын пикиринде, ошол кездеги өлкөдө өзгөрүүнү каалаган элдин үмүтү актала элек. Бирок Кыргызстанда мындай окуялардын кайра кайталанышын каалабайт.
- Чынын айтканда, биз көздөп чыккан максаттар орундалбай калды окшойт. Жашообуз ошол бойдон эле калды. Бирок биз каалагандай болбой калды деп кайра өлкөдө экинчи ушундай окуялар кайталанышын каалабайт элем. Мындай окуялар болгону өлкөнү артка гана тартат экен.
Дагы бир апрел окуясынын катышуучу Эсен Шаршенаалы уулу анда жарадар болгондор четинен каза болуп жатканына кейийт. Ал өзү дагы колуна ок жеген. Апрел окуясында жаракат алып, кийин каза болгондорду бийлик адамдары ошол алган жарааттарына байланышы тастыкталган жок деп билдирип койгонуна нааразы:
- Башында аларды жерге берип жатканда өкмөт мүчөлөрүнөн келип жатышты. Андан кийин көңүл дагы бурушкан жок, басып келип жакындарынын ал жайын сурап, эмнеден каза тапты деп териштирген жок. Дагы бир апрел окуясынын катышуучусу өз боюн бийик кабаттан таштап каза болду. Ал адамга ооруп жүргөндө жолуккам. Ошондо “Эмне өзгөрдү, ок жедик, өтүкчү элем, өтүкчү бойдон калдым, жараатым жан сыздатып ооруйт” деген эле. Жарадар болгондордун улам чекесинен кетип баратканын көргөндө, кээде ойлоносуң, ошондо аянтта эле каза болуп калбай деп. Аларды айыгып кетет го деп тилек кылып жүрчү элек...
Ал эми Нурсултан Бектенов 2010-жылы 19 жаштагы студент эле. Ал күнү кечке жарадар болгондорду ооруканага жеткирүүгө жардамдашып жүргөн. Анан саат алтылар чамасында дагы бир жарадарга жардамдашып жаткан учурда колуна ок жаңылат. Ошондо гана ата-энем, жакындарым эске түштү деп, ал күндү мындайча эскерди:
- Ар кандай аткылап жатышты. Кээ бирөөнүн белине атышты, алар тура албай калып жатты. Иши кылып жерде жаткандарды сүйрөп эле унаага, тез жардамга же өтүп бараткан машинени токтотуп эле салып жаттык. Анан мага саат алтылар чамасында ок тийди. Бирөө жатып калган экен, жардамдашып жатсам колуман кан шорголой түштү. Таңып алып бир аз жүрдүм, шишип чыкканда гана ооруканага өзүм жөнөдүм. Мен ошондо жаш балдарды атпайт ко дегем, бир маалда мен курдуу баланы жүрөккө аткан окшойт. Көз алдымда жан берди...
Жогорудагы каармандардын баары Кыргызстанда жашоо өзгөрүп кетти дегенден алыс. Ошол кезде алар жарандык милдетибизди аткардык, ок жегенибизди айтып эч кимге колко кылгыбыз келбейт деген пикирде. Минтип жаракат алгандардын көбү ден соолугу кыйла начарлаганын айтышууда. Алардын жалгыз үмүтү - ондогон адамдын өмүрүн алган бул кандуу окуялардан кийин элдин мүдөөсү орундалса...
Канчалаган наристелерди атасыз, ата-энелерди баласыз калтырган апрель окуясынан бери беш жыл аралыгында оор жараат алгандардын ичинен 25 киши каза тапты. Бүгүнкү күндө алардын ичинде дагы оор операцияга муктаж болгондор бар.
2010-жылы 7-апрелде өкмөт үйүнүн алдында демонстранттарга каршы ок атылып, 87 адам каза тапкан. 300дөн ашык адам ар кандай деңгээлде жараат алган эле.