10-февралда Жогорку соттун коллегиясы «Вефа» соода борборунун мурдагы ээси, «Өзгүн Иншаат» акционердик коомунун кассациялык арызын карай баштады. Бул ишкана Бишкектеги «Вефа» соода борборунун азыркы ээси, кыргызстандык «Аруу Жылдыз» ишканасы менен түзүлгөн келишимди жокко чыгарууну жана соода борборунун ээси катары «Өзгүн Иншаатты» таанууну өтүнгөн.
Жогорку соттун коллегиясы 10-февралдагы отурумунда тараптардын жүйөлөрүн укту. Ишти кароо эми 20-февралда уланат.
Түркиялык «Өзгүн Иншаат» ишканасы менен «Аруу Жылдыз» ишканасынын ортосундагы 2016-жылы түзүлгөн келишимге ылайык, «Вефа» соода борбору «Аруу Жылдыз» ишканасынын карамагына өткөн. Түркиялык ишкана бул келишимди жокко чыгарып, соода борборун кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул иш 2018-жылдан бери сотто каралып келе жатат.
18-февралда «Аруу Жылдыз» ишканасынын директору Умсун Назарбекова бир канча адам менен кошо басма сөз жыйынын өткөрдү. Ал Түркиянын Кыргызстандагы элчисин «бизнесимди тартып алууга аракет кылып жатат» деп айыптады:
«Түрк элчиси мыйзамга карабай, Жогорку Кеңештин айрым абройлуу өкүлдөрүнө ишенип, менин бизнесимди, «Вефа» соода борборун рейдерлик жол менен басып алгысы келип жатат. Анын кандай укугу бар? Бул ишке байланыштуу төрт жолу сот болду. Бардык отурумдардан утуп чыктык. Эми Жогорку сотто бизди болбогон нерсе менен каралап салабы деп коркуп жатам. Чындык биз тарапта. Мен 26 жылдык иш тажрыйбамда эч кимди алдаган эмесмин».
Ал эми өзүн «Өзгүн Иншаат» ишканасынын жактоочусу катары тааныштырган Алия Турумбекова Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат сот жараянына катышып жатканын ырастады. Муну ал мыйзам чечемдүү көрүнүш деп эсептейт.
«Назарбекова Умсун жана анын тарапташтары коомчулуктун оюн чаташтырууга аракет кылышууда, - деди ал. - Элчи мырза сот процесстерине катышкан жок, болгону байкоочу катары барып жатат. «Өзгүн Иншаат» ишканасы Түркияга карайт. Ал эми элчи мырза Түркиянын Кыргызстандагы өкүлү болуп саналат. Мындан сырткары элчинин сот процесстерине катышуусуна мыйзам тыюу салган эмес. Биз Назарбекованын акыркы сот процессине 40тан ашык таанышы менен туугандарынан алып келгенин айыптаган жокпуз да. Ал киши сотко басым жасоого аракет кылып жатат».
Турумбекованын айтымында, «Вефа» соода борборун түркиялык «Өзгүн Иншаат» ишканасы 2006-жылы салган.
Түркияда 2014-жылдан тартып «Кайнак Холдинг» акционердик коомуна жана «Өзгүн Иншаат» ишканасына кылмыш иши козголуп, тергелип келген. 2015-жылы 17-ноябрда «Кайнак Холдинг» компаниясы жана анын филиалдары камакка алынган. Ал эми 2016-жылдын 11-апрелинде «Өзгүн Иншаат» да камакка коюлган. Андан көп өтпөй Түркия өкмөтү бул ишканаларды мамлекеттештирген. Мына ушул окуядан кийин расмий Анкара «Өзгүн Иншаат» акционердик коомунун мүлкү жана анын филиалдары Түркиянын менчиги экенин билдирген.
Былтыр мартта Кыргызстандагы «Кайнак» ишканасы Жогорку соттун чечими менен Түркияга өткөрүлүп берилген. Ал чечимден кийин Түркиянын Кыргызстандагы элчилиги «бул соттук жараян үч жыл уланганын айтып, ФЕТО уюму сот алдында чет өлкөдө биринчи жолу утулду» деп жазып чыккан. Ал эми Түркиядагы медиа каражаттарында Бишкектеги сот жараяны боюнча кеңири маалымат берилип, серепчилер Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда саясий мамилелер жакшы нукта баратканын баса белгилеген маанайда кабар таратышкан.
Деген менен түрк бийлигин сындап келген жергиликтүү активист Гүлжигит Исаков «расмий Анкарага жакпаган түрк ишкерлерине жана алардын чет өлкөдөгү компанияларына каршы чабуул күчөгөнүн» айтты:
«Биз мыйзамды сыйлаган өлкөбүзбү же жапайы мыйзамдар менен жашаган мамлекетпизби? Ошондуктан биз соттордон калыс чечимдерди күтөбүз. Биз Түркияга байма-бай каттаган, алардын саясатын «лобби» кылган Жогорку Кеңештин айрым депутаттарын жакшы билебиз. Алар ошол иштерин токтотушу керек. Биз качан өз ишкерлерибизди колдогондо гана өнүгөбүз».
Түркияда 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш аракети болуп, аны расмий бийлик «АКШда бозгунда жүргөн Фетхуллах Гүлендин тарапкерлери уюштурду» деп билдирген. Бул төңкөрүш аракетинде 250дөй адам каза тапкан. Гүлен өзү жана анын тарапкерлери бул дооматтарды четке каккан.
Мындан кийин түрк бийлиги Кыргызстанда диний аалым Фетхуллах Гүленге таандык деп эсептелген «Себат» билим берүү мекемелерин да жабууну кыргыз бийлигинен талап кылган. Расмий Бишкек бул талапты четке кагып, түрк лицейлери өлкөгө эч кандай коркунуч келтирбей турганын билдирген. Кыргыз бийлигинин чечими менен ал 2017-жылы «Сапат» болуп өзгөргөн жана анын башкаруу формасына бир катар алымча-кошумчалар киргизилген.
Мурдагы «Себат», азыркы «Сапат» билим берүү мекемелери 1992-жылдан бери иштеп келе жатат.
Эскертүү!
«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.