Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:57

Жогорку сот KAYNAK ишканасын Түркиянын Мамлекеттик фондуна өткөрдү


KAYNAK жоопкерчилиги чектелген коомунун Бишкектеги дүкөнү. Сүрөт ишкананын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
KAYNAK жоопкерчилиги чектелген коомунун Бишкектеги дүкөнү. Сүрөт ишкананын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

28-февралда Кыргызстандын Жогорку cоту Түркиянын «Н-Т Китап Кыртасийе Бюро Малземелери Пазарлама ВЕ Туризм Тиджарет Аноним Ширкети» мамлекеттик фондунун түрк ишкерлери Эмин Кызылкая менен Мехмет Кылынчка карата административдик доосу боюнча ишти карап, канааттандырды. Бул тууралуу маалымат соттон алынды.

Аталган доо арызда Кыргызстандын Юстиция министрлигинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы KAYNAK ("КАЙНАК" ЖЧКсы) ишканасын мамлекеттик кайра каттоо тууралуу №2664 буйругун жараксыз деп табуу жөнүндө өтүнүч келтирилген.

KAYNAK холдингинин Түркиядагы ишмердүүлүгү «Фетхуллах Гүлен жамаатына түздөн-түз тиешеси бар» деген жүйө менен сотко берилип, ишканалардын жетекчилери камакка алынган.

Түрк элчилиги «Фейсбук» баракчасында бул соттук жараяндын үч жылдан бери жүрүп жатканын жана ФЕТО уюму сот алдында чет өлкөдө биринчи жолу Кыргызстанда утулганын жазган.

Түрк массалык маалымат каражаттарында бул соттук жараян боюнча кеңири маалымат берилип, серепчилер Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда саясий мамилелер жакшы нукта баратканын баса белгилешти.

Кошмо Штаттарда акыркы жыйырма жылга жакын убакыттан бери өз эрки менен бозгунда жашап келе жаткан Фетхуллах Гүленди расмий Анкара 2016-жылкы «аскердик төңкөрүш аракетинин артында турган» деп айыптап келет. Гүлен өзү мындай дооматтарды четке каккан. Түрк бийлиги анын кыймылын ФЕТО деп атап, президент Режеп Тайып Эрдоган уюмду террористтик деп таанууга чакырган. (ElB\ErN)

XS
SM
MD
LG