Ишкер Каныбек Осмонов Cтамбул шаарында эл аралык соода компаниясын жетектейт. Анын фирмасы Борбор Азия өлкөлөрү менен Түркиянын ортосунда оор автоунаа менен жүк да ташыйт. Осмонов түрк бийлиги бажы төлөмдөрүн жойгону тууралуу маалымат чыккан соң кыргыз ишкерлеринен кызыктуу сунуштар түшүп жатканын айтты:
- Түркия менен такай иш жүргүзгөн айрым ишкерлер мага телефон чалышты. Алар: «Кыргызстандан Түркияга картөшкө, пияз, сарымсак алып келип сатсак болчудайбы?» деп сурашты. Негизи эле Түркияга салыштырмалуу Кыргызстанда жер-жемиш арзан эмеспи, андыктан бул өз ара пайдалуу иш болмок деп ойлойм. Бул жерде эң маанилүүсү - товарды жеткирүүнүн жолу. Менимче жер-жемишти экспорттоодо 1-2 машине менен эле чектелбестен, мамлекет аралык айыл чарба келишимдерин түзүп, кыргыз дыйкандарына кирешелүү жолду тапса болот.
Түркиянын Статистика комитетинин маалыматы боюнча 2017-жылы бул өлкөгө кирген импорттун жалпы суммасы 234 миллиард долларга бааланган. Анын беш миллиард доллардан ашуунун азык-түлүк түзгөн.
Стамбул шаарындагы «Күлтүр» университетинин професору Синан Алчын дүйнөдөгү азык-түлүк инфляциясынын таасири тийген үч өлкөнүн ичинде Түркия да бар экенин баса белгиледи:
- Түркияда өзгөчө 2018-жылы импорттолгон азык-түлүк өндүрүмү боюнча көп маселе чыкты. Түркияда өндүрүлгөн тамак-аш өндүрүмү анын өзүн камсыз кыла албагандыктан, тыштан ташууга аргасыз. Мунун бирден-бир себеби өлкөнүн айдоо жерлеринин азайышы болду. Жергиликтүү дыйкандар өндүргөн түшүм өлкөнүн муктаждыгын толук камсыз кыла албай жатат. Андыктан барган сайын импорттолгон азык-түлүк жергиликтүү кардарлардын муктаждыгына жараша көбөйүп баратат. Ошого жараша түрк өкмөтү бажы төлөмдөрүн жоюу менен экономикада тең салмактуулукту кармоону көздөгөнүн көрсөк болот.
Кыргызстан 1996-жылдан бери Түркия менен соода кылат. Кыргызстанга кийим-кечек, кездеме, курулуш материалдары жана түстүү металл сатылса, Түркияга негизинен алтын, жаңгак жана төө буурчак импорттолот.
Түркиянын Статистика комитетинин маалыматы боюнча соңку 23 жылда Кыргызстандан Түркияга 46 миллион долларлык товар ташылган.
«ТАТ баклият» фирмасынын сатып алуу бөлүмүнүн жетекчиси Сулейман Эрол жаңы жылдан тартып айрым дан азыктарына бажы төлөмдөрүнүн жоюлганы Кыргызстандан импорттолгон төө буурчактын баасына таасир этпей турганын айтты:
- Кыргызстандан келген төө буурчактын 80% Түркиянын жергиликтүү дүкөндөрүндө сатабыз. Калган 20% экспорттолот. Бажы төлөмдөрүнүн азайтылышы Кыргызстандан ташылган төө буурчактын баасын өзгөртпөйт. Бул Түркиянын жергиликтүү базарларында төө буурчактын баасын арзандатууну көздөйт.
Ал эми «Мугла Сыткы Кочман» университетинин эл аралык мамилелер факультетинин доценти Сердар Йылмаз түрк өкмөтүнүн импорттолгон дан азыктарынан бажы төлөмдөрүн алып салган чечимин жергиликтүү дыйканды «өлүмгө түрткөн кадам» деп чечмеледи:
- Быйыл Kыргызстандан импорттоло турган азык-түлүккө суроо-талап күчөйт деп ойлойм. 2017-жылга салыштырмалуу былтыр Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода 26% арбыган. «Жакын арада Кыргызстандан Түркияга эт ташыла баштайт» деп уккам. Бул чечим, албетте, кыргызстандык эт өндүрүүчүлөргө пайдасы тийет. Бирок жергиликтүү түрк фермерлердин ишин орду-түбү менен жок кылат. Анткени бажы төлөмү жок сырттан ташылган этке салыштырмалуу Түркияда союлган малдын эти кымбат болуп жатат. Азыркы экономикалык абалга байланыштуу кардар албетте, арзанын алат.
2018-жылы Түркия жалпысынан Кытайдан, Германиядан, Орусиядан жана АКШдан азык-түлүктү көп сатып алган. Негизинен күн карама, буудай, арпа жана күрүч импорттолгон. Түркия жыл сайын Мексикадан, Индиядан, Аргентинадан жана Канададан жарым миллион тоннага жакын төө буурчак алып, ал эми буудай менен арпаны Орусиядан ташыйт.
Кыргызстанга келсек, Таластын төө буурчагын Түркия, Албания, Македония, Болгария, Орусия ж.б. 23 өлкөгө экспорттолуп жатат. Быйыл Талас облусу боюнча 57 миң гектар жерге төө буурчак айдалган. Былтыр төө буурчактан жалпы жонунан 95 миң тонна түшүм алынды. Болжол менен анын 50 пайызы Түркияга экспорттолот.