Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:48

Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды


Бусурманкул Табалдиев.
Бусурманкул Табалдиев.

Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы азыр кайда экени белгисиз.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова кабарлады.

- ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул ишке байланыштуу Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени аныкталбагандыктан издөө жарыяланды, - деди Аманкулова.

Кримтөбөл Азиз Батукаевди мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушуна байланыштуу иште аты аталган Бусурманкул Табалдиевди укук коргоо органдары таппай жатышканын, ал Түркияга чыгып кетиши ыктымал экенин 8-июлда 24.kg агенттиги өз булактарына таянып жазып чыккан.

«Азаттыктын» Бусурманкул Табалдиевдин өзү жана анын жакындары менен байланышуу аракетинен майнап чыккан эмес. Буга чейин «Азаттык» бул тууралуу расмий органдарга кайрылганда алар муну төгүндөшкөн да, ырасташкан да эмес.

Табалдиев кримтөбөл Азиз Батукаев мөөнөтүнөн мурда абактан бошогон 2013-жылы Коргоо кеңешинин (азыркы Коопсуздук кеңеши) катчысы болуп иштеген. Бирок анын бул иш боюнча суракка чакырылып-чакырылбаганы айтылган эмес.

Бусурманкул Табалдиев эмгек жолун Талас облусунун Киров районундагы автобазанын механиги болуп баштаган. 1971-1978-жылдары СССРдин КГБсында иштеген соң Кыргыз ССРинин мамлекеттик башкаруу органдарында иштеген. 1989-1991-жылдары Кыргызстандын юстиция министри болгон жана башка жетекчи кызматтарды аркалаган. Кыргызстандын коопсуздук органдарын эки жолу – 2006-жылы жана 2013-жылдан 2015-жылга чейин жетектеген. Биографиясында аты ачык айтылбаган бир катар акционерлик коомдордун директорлор кеңешин башкарган. Акыркы кызматы – мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин аппаратында кеңешчи болгон.

Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыкты» деген негизде мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулуп, атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилген соң Орусияга чыгып кеткен. Буга байланыштуу кылмыш иши быйыл кайра жанданган.

Бул Кыргызстандагы жогорку даражалуу аткаминерлер өлкөдөн чыгып кеткенин журналисттер кабарлап, кийин гана расмий органдар моюнга алган биринчи учур эмес. Буга чейин мурдагы вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин өлкөдөн чыгып кеткенин да адегенде журналисттер жазып чыгып, андан соң бир нече күн өткөн соң күч түзүмдөрү бул маалыматты тастыктап, издөө жарыялашкан. Кийин ал мүлкүнүн бир топ бөлүгүн сатып жибергенге үлгүргөнүн да билдиришкен.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG