Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:01

Өкмөт башчы, министр кызматына эмгек тажрыйба боюнча талапты өзгөртүү сунушталды


"Ынтымак Ордо" президенттик администрациясы.
"Ынтымак Ордо" президенттик администрациясы.

Министрлер кабинетинин төрагасы жана министрлик кызматтар үчүн иш тажрыйбасы боюнча талапты жокко чыгаруу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору 18-мартта Жогорку Кеңештеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелер боюнча комитетинде каралып, биринчи окууда колдоо тапты.

Мыйзам демилгечилеринин бири, депутат Марлен Маматалиев мындай мүмкүнчүлүк зарыл учурда пайдаланыларын билдирди.

“Мисалы, кээде сырттан окуп келген же иштеп келгендер болот. Сырттагы жакшы компаниялардын тажрыйбасы бизде эсептелбей калат. Өзүбүз белгилеп жүргөндөй, сыртта көптөгөн күчтүү жарандарыбыз бар. Алардын тажрыйбасын колдонуу максатында ушундай нерселерди киргизип койсок, жаман эмес”, - деди Маматалиев.

Депутат Нурбек Сыдыгалиев бул долбоорду парламенттеги фракциялардын төрагалары биригип жазып жатканына таң калып: “Министрлер кабинетинин төрагалыгына биздин депутаттардан эч ким барбайбы? Мыйзамды кимге жазып жатасыз?”-деп суроо салды.

“Тажрыйбасы жок болсо, бул кызматта бир жолу да иштебесе, анан кантип жетекчи болуп келет? Сиз болгондо да Министрлер кабинетинин төрагасына жана министрликтерге деп жатасыз. Ошол тармакта иштебей, кантип министр болот? Бул эмес, депутаттыкка барыш үчүн мамлекеттик кызматта беш жыл иштесин деген сунушту берип жүрөм”, - деди Сыдыгалиев.

Маматалиев бул долбоор кайсы бир депутат же жаранга ылайыктап жазылбаганын, чет өлкөдө жүргөн күчтүү кадрларга мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөй турганын тактады. Кээде кадрдын эмгек тажрыйбасы жетиштүү болгону менен адискөйлүгү жагынан суроо жараткан учурлар да болорун, мындан улам талаптарды өзгөртүү зарыл экенин кошумчалады.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу агенттигинин башчысы Кудайберген Базарбаев мыйзам долбоору мамлекеттик кызматка билимдүү, адискөй жарандарды тартууга мүмкүнчүлүк берерин айтты. Мындай кадамга муктаждык бар экенин жана өкмөт бул сунушту колдой турганын белгиледи.

Азыркы мыйзамга ылайык, Министрлер кабинетинин төрагасы жана мүчөлөрү, министрлик, аткаруу бийлигине кирген мекемелердин жетекчиси жогорку билимге ээ, мамлекеттик, муниципалдык кызматта жалпысынан 10 жылдан кем эмес иштеген болушу керек.

Анын ичинде жетекчи кызмат орундарында беш жыл, ошондой эле тийиштүү иш чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес жетекчилик тажрыйбасы болушу шарт. (TAb)

(

Шерине

XS
SM
MD
LG