Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:25

Кенемтеге жетпей кыйналган дарыгерлер


13-июль, 2020-жыл. Бишкектеги стационарлардын бири.
13-июль, 2020-жыл. Бишкектеги стационарлардын бири.

Коронавирус күчөп турган 2020-жылдын июнь, июль айларында «кызыл зонада» иштеп, вирус жугузуп алган айрым дарыгерлер өкмөт убада берген 200 миң сомдук кенемтени ала албай жатышат.

Алардын документтери алынбай кайра кайтарылгандыктан сотко арызданууга даярданышууда. Ал арада өкмөт январь айынан тартып оору жуккандарга бир ирет төлөнчү кенемтенин суммасын 75 миң сом деп белгиледи.

Эркайым Качкынбек кызы 2020-жылдын июнь айынын соңунда Бишкектеги №2 төрөт үйүндө кызыл зонага кирип, коронавирус жугузуп алган. Ал августтун аягында кенемте алыш үчүн документтерин тапшырып, аны менен чогуу тапшырган кесиптештери алганы менен декабрдын аягында убада берилген кенемте Эркайымга жеткен эмес. Азыр ал Саламаттык сактоо министрлигинен документтерин кайра кайтара алса, сотко кайрылууга даярданууда.

«Кенемте берилбей калса анда бизге кайсы негизде документтерибиз жарабай калганы тууралуу атайын конверт менен кат келиши керек экен, - деп түшүндүрдү ал. - Мага андай негиздемеси бар кат да жиберишкен жок. Менин күйгөнүм - ошол оору күчөп жаткан учурда төрөт бөлүмүндө медайым болуп 21 аял менен иштедим. Бизге ал кезде өзүбүздү коргоочу респиратор, атайын костюмдарыбыз да жок болчу. Берилген эмес, анан ооруну жугузуп алып, өз алдынча дарыландым. Дары-дармекке акчаны өзүм төлөдүм. Анан эле «кызыл зонага» кирбеген кесиптештериме акча берилип, мага берилбей калса күйөт экенмин да».

Жоопсуз суроолор, айрым түкшүмүлдөр

Кенемтенин акыркы төлөмү 28-29-декабрда дарыгерлерге берилди. Жай айларында документ тапшыргандардын айрымдары дал ушул маалда кенемте албай калганын билишти. Алар мунун себебин сурап Саламаттык сактоо министрлигине барышкан.

Атын атагысы келбеген дарыгерлердин бири документтер талапка ылайык толтурулса да министрлик так жооп бере албай жатканын айтты:

«Бул маселеде дагы бир суроо жараткан жагдай - эмнеге терилип отуруп, биздин документтерди карабай коюшат? Биздей болуп Тогуз-Тородогу медиктер да оору жугузганы менен, «кызыл зонада» иштесе да аларга кенемте төлөнбөй калыптыр. Алар «ким башкы дарыгер менен жакшы мамиледе болсо, ошого берилди» деп, аларда да «тогуз адам албай калды» деп жатышат. Эми мунун чыныгы себебин билели деп министрликке барсак да жооп таба албадык».

Убада берилген акчаны ала албай калган дарыгерлердин маселесин Саламаттык сактоо министрлигиндеги коррупциянын алдын алуу боюнча бөлүмдүн жетекчиси Индира Жумабаева баштаган атайын топ карашы керек. Анын айтымында, төлөмдү ала албай калган дарыгерлердин дооматын учурда өкмөттүн атайын комиссиясы текшерип жатат. Бирок бул комиссия ишин аягына чыгаргыча эле дарыгерлер чыдабай арызданып, министрликтин имаратына чейин келип жатышканын билдирди:

«Төлөм берилбейт деп кайра кайтарылган документтердин ээлери күнүгө бизге келип жатышат. Биз аларга «министрликке келбегиле» деп айтып эле жатабыз. Эмнеге кенемте албай калышканына байланыштуу негиздемелерди биз медиктер иштеген ооруканаларга жиберебиз. Ошол жактан себебин окуп тааныша алышат. Биз комиссия катары башка иштер менен алек болушубуз керек эле. Бирок эртеден кечке чейин эле ушул кенемте албай калган дарыгерлерди кабыл алууга аргасызбыз».

Кенемте төлөө боюнча атайын комиссияны министрдин орун басары Мадамин Каратаев жетектейт. Каратаев дарыгерлердин дооматын четке кагып, тийиштүү документтер туура тапшырылбай калгандыктан ала албай жатышы мүмкүн деген жүйө келтирди:

«Тийиштүү документтерди туура тапшырса эмнеге ала алышпайт? Ушинтип эле нааразы боло беришет, мындайга эч негиз жок да. Мен эми эмне дешти билбейм. Жакында комиссия карап, чечим чыгарат. Андан кийин маалымат береличи».

Иш учурунда коронавирус жугузуп алган медкызматкерлерге 200 миң сомдон, каза болуп калгандарынын жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берүүнү өкмөт коронавирус күчөгөн жаз айларында чечкен. Ал эми пневмония менен ооругандарга төлөм каралган эмес.

Нурхан Жумабаева.
Нурхан Жумабаева.

Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин мурдагы төрайымы Нурхан Жумабаева казынада каражат жок болуп жатканда ири өлчөмдөгү кенемте төлөп берүү ишке ашпаган маселе деп эсептейт.

«Бул жөн эле жалган иш болуп калды, - деди ал. - Балким ушул буйрукту чыгарган убакта өкмөт «эптеп бир жолун таап акчаны төлөп беребиз» деп ойлогон. Бирок иш жүзүнө келгенде каржылык кыйынчылыкты көрүштү, төлөй албай турганын билишти. Эми анан ар түрдүү шылтоолорду айтып, документтердин бюрократиясын чыгарып коюшту. Коронавирус күчөп турган кездеги өкмөттүн катасы деп ойлойм. Азыр эми аларда акча жок да, кантип төлөп беришет, билбейм».

Кыргыз өкмөтү коронавирус жуккан медицина кызматкерлеринин арасынан 1137 кишиге 200 миң сомдон, илдеттен өлгөн 32 медицина кызматкеринин жакындарына миллион сомдон кенемте төлөп берди. Бул кенемте төлөө эрежеси өзгөргөнгө чейин берилген акча.

Ал эми 11-январдан баштап оору жугузуп алган медиктерге 75 миң сомдон, каза тапкан медкызматкерлердин жакындарына 2 миллион 800 миң сомдон төлөнөт. Кенемте жобосу өзгөргөнгө чейин документ тапшыргандарга кандай ыкмада берилери азырынча чечиле элек.

Коронавирус пандемиясынан бери Кыргызстанда расмий эсеп боюнча 93 медицина кызматкери вирустун курмандыгы болду.

Көз жумгандардын арасында дарыгерлерден тартып орто жана кенже кызматкерлерге чейин бар. 19-январдагы расмий эсеп боюнча, өлкөдө 4158 медкызматкер жумуш учурунда COVID-19 вирусун жугузуп алган. Алардын ичинен 4061и айыгып чыккан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG