Коронавирус пандемиясы 2020-жылдагы адамзат тарыхын өзгөчө нукка бурган эң чоң окуялардын бири болду. Декабрь айынын башында Англия, АКШ жана Европа анын вакцинасы табылганын жарыялап, оору аздыр-көптүр көзөмөлгө алынды деген үмүт пайда болду. Бирок Британиянын түштүгүндө вирустун мутацияланган жаңы түрү чыгып Европа, Британия кайрадан карантин чараларын күчөтүп, эл аралык каттамдар токтоп жатат.
Кыргызстанда COVID-19 вирусу менен күрөшүүгө багытталган иш-чаралардын бардыгы алгач ирет ишке ашты. Эки айга чукул карантин, жабык чек аралар дээрлик 2 миллиондон ашуун кыргызстандыктын жашоосуна өз таасирин тийгизди. Карантиндик чаралар оорунун кескин жайылышын токтоткону менен өлкөдө гуманитардык мүшкүлгө жол ачып, миңдеген адамдар кирешесиз, өнөкөт оорулуулар дарылануусуз, дарысыз калып кыйналышты. Алгач вирустун хронологиясына кайрылсак.
2019-жылдын декабрь айынын этегинде Кытайдын Ухань шаарында дем алуучу органдарды жабыркаткан, белгисиз жугуштуу оору тууралуу кабарлар таркады. «Азаттык» радиосу бул кабарлар тууралуу 7-январда алгач ирет жаңылык жазды. Көп өтпөй, 22-январда Ухань толугу менен карантинге алынып, оорунун сүрү улам жайылып отуруп, февралда Кытай толугу менен карантинге жабылды.
27-январда ошол кездеги өлкө президенти Сооронбай Жээнбеков коронавирус боюнча алгачкы жумушчу кеңешме өткөрдү.
Жаңы COVID-19 коронавирусу
COVID-19 же жаңы коронавирус (КоВ) - бул жакында эле ачылган коронавирустардын ичинен акыркысынан пайда болгон оору.
«CO» - «коронавирус» (corona), VI — «вирус» (virus), ал эми D — «оору» (disease) дегенди билдирет. Буга чейин бул дарт «2019-жылдын жаңы коронавирусу» же «2019-нКоВ» деп аталып келген.
COVID-19 вирусу оор респиратордук синдромду (ТОРС) жана КДВОнун (курч дем вирустук ооруларынын) айрым типтерин пайда кылуучу вирустар таандык болгон вирустардын түркүмү менен байланышкан жаңы вирустан турат.
Февралдагы даярдык
Февраль айында Кыргызстандын эл аралык аэропортторунда жана чек ара өткөрмө бекеттеринде чет жактан келгендердин дене табын тепловизор менен текшерүү башталды.
13-февралда Кытайда окуган кыргызстандык 40 студент алынып келип, кыргыз медицинасынын тарыхында биринчи ирет курулган медициналык байкоого алчу обсервацияга алынды. Бийлик четтен келгендерди милдеттүү карантинге алыш үчүн «Манас» эл аралык аба майданындагы «Ганси» аттуу АКШнын мурдагы аскердик базасын «Семетей» обсервациясына айлантты. Бишкектеги жугуштуу оорулардын клиникалык ооруканасында коронавирус катталып калса деп, алты кишилик үч палатаны даярдашты.
18-февралда Кыргызстан Кытайга беткап, медициналык дары-дармектен турган гуманитардык жардам жиберди.
Оору улам жайылып, Европа, АКШ жана Орусияда ооругандар катталып жатты. 11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) коронавирусту пандемия деп жарыялады. Бул сөздүн кыргыз медицинасы үчүн маанисин саламаттык сактоо министринин мурдагы орун басары Эркин Чечейбаев мындайча түшүндүрдү:
«Холера, чума деген пандемиялар мурда болуп келген. 1918-жылы «Испанка» вирусу жайылып, 100 миллионго жакын адам каза болгон. Бул оору да азыркыдай дүйнө жүзүнө тарап, жүз миллиондогон адамдарга жуккан. Коронавируска чейинки эң коркунучтуу пандемия «Испанка» болгон. Эскперттердин айтымында, азыркы COVID-19 адамзаттын тарыхында дал ошол испанка вирусундай так калтырышы мүмкүн. Болжол менен 1,5-2 жылга чейин созулуп, вакцинасы чыкканча бир топ өмүрдү жалмайт».
Алгачкы оору жуккандар
16-марттан тартып Кыргызстанда мектептер, окуу жайлары, түнкү клубдар, коомдук тамактануучу жайлар, соода көңүл ачуучу борборлор, кинотеатрлар жабылды. 17-марта Кыргызстан толугу менен чек арасын жаап, чет элдиктердин киришин тыйды. Муфтият жума намаздарын жамаат менен окуганды токтотту. Мындай чектөөлөрдүн эртеси эле Кыргызстанда алгачкы вирус жугузган үч адам аныкталды. Алар Сузак районунун Сауд Арабиясына умра зыяратына барган тургундары болуп чыкты. 18-мартта Сооронбай Жээнбеков теле кайрылуу жасап, элди үйдөн чыкпоого чакырды:
«Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө да бул илдетти жугузган адамдар аныкталды. Мындай кырдаалда мамлекеттин эң башкы милдети — жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо. Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат. Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылаш керек экенин билишет. Учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана элдин чогуу аракети талап кылынат. Мен баарыңыздарды тартипти катуу сактоого чакырам. Бүгүн жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне жооптуу. Ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарышы абзел. Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу азайтуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда, алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу дарыгерге кайрылыш керек. Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү. Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат. Ар кандай жыйындарды, оюн-зоок иштерин, тойлорду, мааракелерди токтотуп туруу зарыл. Мектептерде окутуу убактылуу токтотулду. Жогорку окуу жайлары аралыктан окутууга өткөрүлдү. Чек аралар, өткөрүү пункттары, аэропорттор катуу кайтарылган тартип менен иштеп жатат. Коомдук тартипти сактоо, өлкөнүн аймагына кирип-чыгуу иштери күчөтүлгөн тартипке которулду. Азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын запасы жетиштүү».
Апрель айынан тартып карантинге карабай, вирустун географиясы жана аны жугузгандар улам көбөйө берди. Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штабда иштеген окумуштуулар тобу вирустун туу чокусу 24-апрелден кийин болуп, андан соң инфекция азаярын жарыялады. Ири шаарлар, район борборлору жапырт дезинфекцияланып, ал тургай Ат-Башы сыяктуу тоолуу райондун борборунда дрон менен дезинфекциялык каражат чачылды.
Орусия, Кытай, АКШ, Жапония, Түштүк Корея, Түркия, Өзбекстан баштаган бир нече өлкөлөр жеке коргоочу каражаттары тартыш кыргыз медицинасына 13 миллион доллардан ашык суммага мээлей, беткап, костюмдарды беришти.
Вирустун алгачкы курмандыгы 2-апрелде катталып, ал Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну болду. Өкмөт вирус менен күрөшүүдө чабал даярдык көрсөттү деген негиз менен вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова жана саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев иштен кетип, ордуна Сабиржан Абдукаримов министр болуп дайындалды.
Күчөгөн оору, кандуу июль
Анткен менен 1-майдан тартып өлкөдөгү карантиндик чаралар жеңилдеп, блокпосттор алынып, ири шаарлар мурдагы жашоосуна акырындап кайта баштады. Май айынын этегинен тартып вирусту эл жапырт жугузуп, июнда ооруканаларда орун калбай, быйылкы июль кыргызстандык жарандардын тарыхында «кара июль» катары катталып, 30-июль улуттук аза күтүү күнү болду.
Июлдун ортосунда вирустан бир күндө каза болгондор рекорддук чекке жетип 100 адамдан ашты. Ооруканалар бейтаптарга батпай, мектептерде, кафе-ресторандарда күндүзгү дарылоочу жайлар ачылып, өлкө кызыл зонага айланды. Жүздөгөн ыктыярчылар жардамга келишти.
Алардын арасынан Бишкектеги стационарлардын биринде каза болгон Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Адинай Мурзабекова да бар.
2020-жылдын 28-декабрына чейин коронавирус жугузуп, тест аркылуу анализи аныкталгандар 80 535 адам болду, каза болгондор 1400гө чукулдады. Оору менен натыйжалуу күрөшө албаганы үчүн өкмөттөгү кызматкерлерге 85 кылмыш иши козголуп, мурдагы саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев камакка алынды. Өкмөт бир нече ирет алмашты.
Бул оору 120дан ашуун медицина кызматкеринин өмүрүн алды. Бир үйдөн бир нече адам каза болгон учурлар да катталды.
Сентябрь айында пандемиянын курмандыктарынын жакындары «Биз чындык үчүн!» аттуу коомдук кыймыл түзүп, июнь, июлдагы дарыгерлердин катачылыгы, өкмөттүн ооруга даяр болбогонуна себеп болгондорду жоопко тартууну талап кыла башташты.
Катачылыктар демекчи, өкмөт кетирген негизги кемчиликтерди өлкөнүн башкы кардиохирургу, профессор Калдарбек Абдраманов мындайча санады:
«Өкмөт биринчиден, мындан сегиз ай мурда пандемияга эч кандай даярдыгы жок экенин көрсөттү. Экинчиден, Кыргызстандагы медицинанын жалпы деңгээли өтө төмөн экенин далилдеди. Үчүнчүдөн, тилекке каршы, башында кетирилген кемчиликтерди толугу менен эске албай, оору бизге келгенине 8-9 ай болду, өкмөт тийиштүү деңгээлдеги керектүү чараларды көргөн жок. Пандемияны, анын кыйынчылыктарын толук түшүнүп, ага маани берген өкмөт жетекчилери болгон жок. Себеби, өкмөт да кыска сегиз айдын ичинде эле үч жолу алмашып кетти да. Мүмкүн ошондуктан күрөш жакшы болгон жок. Антейин десем азыр деле коронавирус менен күрөш жаатында өкмөттүн алгылыктуу ишин көрбөй жатам. Бул оору боюнча кандайдыр бир проргаммасы жоктой сезилет, мага».
«Күчтүү кризис менежер чыкпады»
Коронавирус өлкөдө алгач катталган март айынын этегинде түзүлгөн Республикалык штабдын базасында бул ооруга чалдыккандарды дарылоо боюнча илимий кеңеш берүүчү топ түзүлгөн. Андан соң оору күчөгөн майдын аягы, июндан тартып 118 ыкчам номуру иштей баштады. Өлкөдөгү дарыгерлер жана илимпоздор ортосунда байланышты чыңдаш үчүн түзүлгөн илимий кеңеш коронавирусту дарылоонун протоколун төрт жолу өзгөрттү. Кыргызстанга июль айында оору күчөп турганда Орусиядан кыргызстандык ыктыярчы дарыгерлер жана Орусиянын өзүнүн медиктери жардамга келишти.
Ошентсе да абалды жөнгө салууда өлкөдө кризис-менежер болбогонун Москва шаардык дарылоо протоколунун авторлорунун бири, кыргызстандык дарыгер Амир Талипов белгилейт:
«Мындай кырдаалда АКШдагы Энтони Фаучидей күчтүү кризистик башкаруучулар чыгышы керек эле. Ал илим дүйнөсүнүн атынан чыгып, президент Дональд Трампка каяша айтып, мамлекеттик, илимий, медициналык ресурсту коронавирус менен күрөшүүгө бура албадыбы. Ал жакта да абал азыркы биздегидей эле болуп, вирустан өтө катуу кыйналып жатышпайбы. Башкача айтканда биздин илимпоздор медиктерди да, мамлекетти да башкара албады. Илимпоздорду эч ким укпады. Февраль айынан тартып эле өлкөнү вирустан чыгаруунун жолдорун так билген, эл аралык илим чөйрөсү менен байланышты кура алган, күчтүү башкаруучу калктын ден соолугун өз колуна алса болмок. Ооба, бизде эпидемиологдор, клиникалык дарыгерлер бар, алардын билими азыр вирус боюнча өнүктү. Ошентсе да бирдиктүү бир механизмдей иш алып барбай, бир топ жоготууларга учурадык. Азыр эми дарылоочу протоколдордон ката издешүүдө. Дүйнөлүк деңгээлдеги илимпоздор менен байланышып, Италия, Германиянын тажрыйбаларын алууга бүт мүмкүнчүлүк бар эле. Андай болбоду. Жок дегенде биз иштеп чыккан Москва протоколун деле авторлорунан сурап коюшса болмок. Биздин дарыгерлер вируска каршы жылаңач чыккан аскерлердей эле болду».
«Оору менен жашоону үйрөнүш керек»
Күз айларына карай оору басаңдаганы менен күн сайын кеминде үч, эң көп 5-6 адам вирустун курмандыгы болууда. Эксперттер кыргыз медицинасы коронавирусту дарылоону өздөштүрүп калды дегени менен курмандыктар, ооруну жугузгандар али түгөнө элек.
Оорунун алдын алуу боюнча санитардык нормалар коомдо толук сакталбай калды. 2021-жылы да бул вирус менен күрөшүү улана берерин адистер белгилеп жатышат. Саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиев эми эл вирус менен жашоону үйрөнүшү керек деген пикирде.
«Эпидемия бүтө элек, баары алдыда, - деди ал. - Азыр биздеги дарыгерлер аны дарылоону аздыр-көптүр үйрөнүп калышты. Өлүм-житим азайып калды, анткен менен биз ушул оору менен жашаганды үйрөнүшүбүз керек. Жакында бул оору бизден кетпейт окшойт. Вакцина да 2021-жылы эле бизге жетип келери күмөн. Келсе эң аягында эле аз өлчөмдө келиши мүмкүн. Себеби, бизде аны сатып алганга каражат жок. Байгер мамлекеттер толук эмделип бүткүчө бизге жетпейт. Андыктан эми биз коронавирус менен жашаганды үйрөнөлү, башка эмне кылабыз? Эл да санитардык талаптарды толук аткарбай жатат. Эл тургай бийлик вирусту унутуп калгандай, топтолбош керек деген талапка көз жуумп, аш-той өткөрүп, тынбаган саясий жараяндардын айынан түмөндөгөн кишилер топтолгон учурлар болууда. Бул да болсо саламаттык системасына абдан чоң көйгөй ачарын жайындагы көйгөй учурунда эле көргөндөй болдук эле. Баары унутулуп калып жатат».
Вирустан эң көп жабыр тарткан медициналык кызматкерлерге бийлик каза болгон дарыгерлердин үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон, оору жугузгандарга 200 миң сомдон кенемте төлөп берип, кошумча иштеген эмгек акылары төлөнөрүн жарыялаган. Ошондой эле алар үчүн атайын эсеп да ачылып, элден акча чогултулган. 2020-жылдын соңуна чейин кайтыш болгон 100дөн ашуун медиктин 30дайынын үй-бүлөсү, оору жугузган 4 миңден ашуун ак халатчандардын 300дөн ашууну гана убада берилген кенемтени алды.
Вирус менен күрөшүү азыр да уланууда. Ал өлкөдөгү адам ресурсуна эбегейсиз сокку уруп, түмөндөгөн адамдар постковиддик синдромдон жабыркап, дарыланышууда. Эксперттер бул пандемия кабыргасы кайышкан, 30 жылдан бери талкаланган кыргыз медицина системасынын чыныгы дараметин көрсөткөнүн белгилеп келатышат. Жаңырган 2021-жылы да бул вирус эл, өкмөт жана медиктер үчүн сыноо болчудай.