Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө интернет соодасы аркылуу коронавируска каршы вакцина катары жалган дарыларды сатуу аракеттери күчөдү. Адатта, мыйзамсыз түрдө тезирээк эмделгенге шашкандар шылуундардын кылтагына оңой жана ыктыярдуу илинишет.
Өткөн айдын соңунда Европа Биримдигинде жалган вакцина сунуштаган шылуун интернет соодагерлери чыккандыгы тууралуу санааркаткан кабарлар айтылса, 12-январда Орусияда да ушундай алдамчылар пайда болгону эскертилди.
Интернет тармактарында коронавируска каршы вакцина сатабыз деген шылуундардын жоруктары «Коопсуз интернет» лигасы тарабынан ашкереленгенин бул лиганын директору, Орусиянын коомдук палатасынын мүчөсү Екатерина Мизулина «ТАСС» жана башка кабар агенттигине 12-январда билдирди.
«Биз коронавирус жана вакцина тууралуу жалган маалымат таркаткандарга байкоо жүргүзүүнү улантып келебиз. Жыл башынан бери эле вакцина сунуштаган 1112 жалган кабар катталды. Ошондой эле вакцина сатууга, анын ичинде чет элдик вакцина менен камсыз кылууга, жана да коронавирус жок деген жалган маалымдама берүүгө байланыштуу шылуундук учурлар да катталды», – деди Мизулина айым.
Азыркы тапта мындай жалган кабар таркаткандарга интернет платформалары да мүмкүн болушунча бөгөт коюшууда. Майрам күндөрү кишилерге «коронавирус жок» деген жалган маалымдама жасап берүүнү сунуштаган 560тай рекламалык жарыя, ошондой эле мыкты делген чет элдик вакциналарды таап беребиз деп кардарларды алдаган жарыялар ашкереленген, деди Мизулина айым.
Мындай интернеттеги шылуундар Европада да, АКШда да жайнап кетишти. Алар жалган дарыны сунуштоо аркылуу аңкоо кардардын акчасын же жеке купуя маалыматын уурдап алууга далаалат кылышат.
«Рейтер» агенттиги ар кыл интернет барактарына жана уюкфон тиркемелериинде жүргүзгөн изилдөөгө караганда, болжолдуу кардарды COVID-19 илдетине каршы вакцинаны тез арада табууга азгырган 7 сунуш байкалган.
Ошол шылуундук усулдардын арасында – «жашыруун артыкчылыктуу тизме» делген жалган тизмеге акча төлөп каттатуу сунушун электрондук почтоо аркылуу жөнөтүү ыкмасы бар. Шылуундар кээде «мамлекеттик мекеменин атынан Сизге жазып жатабыз» деп алдашы ыктымал.
Буга чейин эле тастыкталбаган дарыларды интернет аркылуу сунуштап, акчанын кыныгын алган шылуундар эми ошол ыкманы жана мол тажрыйбаны жалган вакцинаны сатуу үчүн ийкемдүү колдонушууда. Адатта, мындай сунуштарды алар өздөрүнүн троллдору (жалган кардарлар) аркылуу мактап-жактатышат.
Интерпол жана АКШнын Федералдык Тергөө Бюросу пандемия кырдаалында шылуундук амал-айланын чынжырлары пайда болгонун эскеришти. Алар жалган интернет барактарында дарылар менен вакциналарды рекламалап жатышат. Ишенчээктерди өз тузагына тарткандар калайык үчүн киберкооптуулукту жана саламаттык үчүн олуттуу коркунучту туудуруп жатат, деп коопсуздукту камсыз кылчу уюмдар менен мекемелер белгилешти.
Пандемияга байланыштуу шылуундардын интернеттеги иш-аракетин көзөмөлдөгөн «Рекордид Фьютче» («Recorded Future») компаниясы 2020-жылы октябрь–ноябрь айларынын ичинде эле «вакцина», «COVID-19» же «коронавирус» сөздөрү камтылган домендер эки эсе көбөйүп, 2500гө жеткенин кабардаган болчу.
Мисалы, мыйзамсыз интернет барактарынын биринде кокаин, апийим, курал-жарак менен катар эле коронавируска каршы вакцина да сунушталган. Бир вакцинанын баасы 500 доллардан 1000 долларга чейин чыккан.
«Telegram» уюкфон тиркемеси аркылуу чыккан бир нече сатуучу тарап «Moderna» вакцинасын 180 АКШ долларына, «BioNTech/Pfizer» вакцинасын – 150 долларга, «Оксфорд/AstraZeneca» вакцинасын – 110 долларга сунуштаган.
«Pfizer» компаниясынын өкүлү эч качан өз вакцинасын «интернетте сатып алууга далаалат кылбагыла», деп эскертти. Кишилер вакцина менен жалаң гана расмий уруксаты бар борборлордо эмделет, бул эмдөө затын интернетте онлайн сатпайбыз, деди «Pfizer» компаниясынын өкүлү.
Ал эми жалган вакцина менен эмделген киши кандай балакетке учурашы мүмкүн?
Сан-Диегодогу Калифорния университетинин Анестезиология жана дүйнөлүк саламаттык сактоо кафедрасынын доценти, доктор Тим Макки мындай деп эскертет:
«Сиздер бузулган өнүмдү же булганыч ийнени сатып алышыңыздар мүмкүн жана анын айынан башка оору сиздерге жугум калышы ажеп эмес».
Азыркы тапта өнүккөн өлкөлөрдө дагы алгачкы баскычта эмделчүлөргө кирбей тургандар өз кезегин жаз-жай айларына чейин күтүшү ыктымал болуп жатканда, «айланма жолду» издеген айрым чыдамсыздар жогоруда айтылган интернет шылуундарынын кылтагына оңой эле түшүп калышы күтүлөт.
Айрым өлкөлөрдүн саламаттык сактоо жана дары-дармекке көзөмөл мекемелери коомчулуктан ошондой жалган вакцина жана дары-дармек сунуштагандар тууралуу ачык маалымат берүүнү өтүнүүдө.
Кошумча кабар:
Германиянын бийликтери «даркнет» ("кара онлайн базар") аталган мыйзамсыз интернет соода тармагына каршы эл аралык иш-аракеттин алкагында дүйнөдөгү мыйзамсыз болгон эң ири онлайн базар жайы саналган интернет барагын жаап салды.
Бул «DarkMarket” деп аталган интернет барагы интернет байланышынан ажыратылды жана Украина менен Молдовада жайгашкан 20дан ашуун сервер полиция тарабынан колго түшүрүлдү. Бул тууралуу “Европол” 12-январда маалым кылды.
Колго түшүрүлгөн маалымат кампалары тергөөчүлөргө мыйзамсыз дары-дармек ж.б. саткан тараптарды жана алардын кардарларын аныктоого өбөлгө болот, деп Европа полиция агенттиги маалымдады.
«DarkMarket” деп аталган интернет тармагынын оператору катары шектелген австралиялык жаран Германия менен Даниянын чек арасына жакын жерде өткөн дем алыш күндөрү камакка алынды.
Бери дегенде жарым миллион кардар жана 2 миңдей сатуучу бул мыйзамсыз интернет барагын колдонуп, баңги зат, жасалма акча, уурдалган же жасалма кредит карталарынын жана вирустуу компүтердик программалардын мыйзамсыз соода амалдары менен алектенишкен.