Коронавирус пандемиясына байланыштуу сырттан келген жардам тегиз бөлүштүрүлдүбү? Эл арасында айтылган жардамды таркатуудагы коррупциялык иштерге байланыштуу сөздөр канчалык чындыкка жакын? Мурдагы өкмөт мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги канчалык? Ушул жана башка өңүттөгү суроолорго саламаттык сактоо боюнча эксперт Айбар Султангазиев жооп берди.
- Буга чейин мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жана анын тушунда иштеген саламаттык сактоо тармагына тиешеси бар адамдар суракка чакырылды эле. Анын ичинде экс-министр Космосбек Чолпонбаев камакта отурат. Эми болсо дагы бир мурдагы өкмөт башчы Кубатбек Боронов сурак берди. Мурдагы өкмөттөрдүн курамы июнь, июль айларындагы трагедияга канчалык жооптуу? Алар кандай каталарды кетирди?
- Кубатбек Боронов биринчи пандемия башталып, оору жаңы катталган маалда вице-премьер-министр болчу. Ал өкмөттө жаңы адам эмес да. Экинчиден, биз ар дайым эле муну тынбай айтып келе жатабыз - апрель айына чейин өкмөт эпидемия менен күрөшкөнгө акча бөлө элек эле. Сырттан эң көп каражат май айынан августка чейин келип, аларды бөлүштүрүү да ушул учурга туш келди.
Ошол маалда убагында дарылар алынбай, мамлекеттик запастар жасалбай, айрыкча Боронов менен чогуу иштеген вице-премьер-министр Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигине басым жасап, бир фирмалардан жеке коргоочу каражаттарды, кымбат дары-дармектерди алдырганы тууралуу абдан көп учурларды угуп жатабыз.
Мындай сөздөрдүн баары дал ушул кишилер кызматта турган учурда болду. Мурдагы өкмөттүн пандемиялык оор кырдаалга түздөн-түз жоопкерчилиги бар, себеби вирус күчөп турган маалда Боронов, финансы министри Бактыгүл Жээнбаева, вице-премьер Аида Исмаилова Саламаттык сактоо министрлигине керектүү каражатты бөлүп бербей койгон. Ушулардын бардыгы жооп бериши керек деп ойлойм.
- Анда суракка чакыруу дагы уланышы мүмкүнбү?
- Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев «коронавирус маалында иштеген өкмөттүн жоопкерчилиги каралат» деп айтып кетти, менимче ал жакта бир киши эле болгон эмес, бир нече адамдын жоопкерчилиги бар. Жооптуу кызматтарда турган 15-20 жетекчинин иши каралышы керек.
- Пандемия маалында сырттан келген жардам өлкө боюнча адилет бөлүндүбү?
- Биринчиден, гуманитардык жардамдан тышкары чет элдик донорлордон, Дүйнөлүк банктан жана Эл аралык Валюта Фондунан келчү каржылык жардам өтө кеч алынды. Июндун аягында, июлда, августта келди, айрым бөлүгү азыркыга чейин өлкөгө келе элек. Ошонун баары кайда кеткени белгисиз.
Июлда деле элдин баары көрдү, кычкылтек концентраторлору каякта, эмнеге жетишсиз болуп калганы түшүнүксүз. Сырттан жардам катары келген концентраторлор азыр каякта? Эч ким муну сүрүштүргөн жок.
Аида Исмаилова кызматта турганда 500дөй концентратор келген, аны менен бүт өлкөнү камсыз кылса болот эле да! Азыр ал жабдуулар каякта? Билбейбиз. «Тез жардам» машинелери канча келип жатты? Келип эле эки-үчөө кырсыктап талкаланып калды. Кайра эле «Тез жардам» автоунаасы кемип, азайып отурат.
Ушунун баарын текшериш керек да. Маселен, Ош аймактык ооруканасына апрелге чейин 120 миллион сом пандемияга карата сатып алуу үчүн бөлүнгөнүн биз текшерип чыкканбыз да. Бул оорукана коронавируска карата дарыгерлер үчүн жеке коргонуучу каражатты болгону 9 миллион сомго алган. Ошол эле маалда Бишкектеги Республикалык жугуштуу оорулардын клиникасына 9 миллион эле сом бөлүнүп жатат. Тигил жакка 120 миллион, ал эми бул жактагы борборго 9 миллион сом, каякта адилеттик? Жугуштуу оорулар клиникасы өлкөдөгү эң көп ооруларды кабыл алган жай да. Анан элестетсеңиз, апрелден январга чейин коронавирус менен күрөшүүгө болгону 9 миллион сом берилип жатат.
- Өкмөттүк эмес уюмдар, эл аралык көз каранды эмес уюмдар сырттан келген жардамды иликтеп, изилдеп жатабы? Кабарыңыз барбы?
- Биз Башкы прокуратурага, Финансы полициясына эки-үч жолу кайрылганбыз. Июнда, июлда да сырттан келген жардамды, каражаттарды кароо маселесин көтөргөнбүз. Азыр эми Финполдун жетекчиси Жапыкеев айтып жаткан айрым фактылар дал ошол биздин кайрылууларыбыздан алынды деп ойлоп жатам. Тилекке каршы, мамлекетке келген каражатты көз каранды эмес органдар текшере албайт. Алар бизге окшоп тийиштүү көзөмөл органдарына кайрылууга, каттарды жазып, көзөмөл органдарынын аракетин күтүүгө мажбур.
- «Жардамды бөлүштүрүүдө коррупциялык схемаларга жол ачылды» деген сөздөр вирус күчөп турганда да байма-бай айтылып келет. Бул сөздөргө эмне негиз болуп жатат?
- Албетте, мунун негиздери бар. Эстеп көрсөңөр июнь, июлда ар кайсы ооруканаларда сырттан келген жеке коргонуучу каражаттар (СИЗ) таратылбай, кампаларда жатканын, айрым дарыгерлер «бизге берилбей жатат, бирок келген» деп ачык эле айтып да жүрүштү. Видео материалдар, каттар чыкты. Негизи коррупция бар экени талашсыз, бирок анын масштабы канчалык, кимдер аралашты дегенди изилдөө, бетин ачуу эми укук коргоо органдарынын мойнунда.
- Вирустан каза болгондордун жакындары өкмөттү, бийлик өкүлдөрүн жоопко тартууну талап кылып келе жатышат. Алардын талаптары канчалык негиздүү? Анткени пандемия менен күрөшүү Кыргызстанда гана эмес, башка өнүккөн өлкөлөрдө деле оор болду да?
- Эми азыр жаңы бийлик, президент, Финансы полициясынын жетекчиси Сыймык Жапыкеев «бул иликтөөлөрдү аягына чейин чыгарабыз» деп жатышат. Мурунку бийликтин учурунда иш башталып эле анан куйругу табылбай калчу. Күнөөлүүлөр эптеп кутулуп, пара берип эле бошонуп кетчү. Чынын айтканда, мындан ары биз бул маселени жакшылап байкап, көзөмөл салып турушубуз керек. Жаңы келгендер эми элдин ишенимин акташабы, акташпайбы, же мурункудай эле күнөөлүүлөрдү орто жолдон коё берип коюшабы - аны убакыт көрсөтөт.