Университетте бир курсташым психология сабагын аябай жакшы көрчү. Өзүнүн айтып бергендеринен байкаганымча, мунун төмөндөгүчө жөнү бар экен. Келечектеги колуктусун тандоодо ката кетиргиси келбегендигин, сүйлөшкөн балдардын, мүмкүн болушунда, ички дүйнөсүн, кишилигин билип алайын деген экен...
Негизи жубай күткөн кишинин мындай кылганы орундуу. Ким болбосун жашоосун тең бөлүшө турган адамын кылдат тандагысы келет эмеспи? Ал тургай, жашоосун тең бөлүшпөсө да, «Бизге кандай күйөө бала же келин туш болор экен?» деп уйкусу качып, кан басымы ойногон ата-энелердин деле сарсанаасы орундуу.
Бирок, туура түгөйдү тандап алууда көп кыздар/жигиттер менен сүйлөшүп, жакшысын тандап алуу деген усул керт башына ишке жарай бербейт экенин эстен чыгарбоо керек. Түгөй издеген киши өзү турмуш курууга даяр болбосо, туура кишини аңдап, барктап, тандап ала турган аң-сезимге, деңгээлге ээ болбосо, анда кээде жакшы натыйжага жетпейт.
Ашыкча социалдашкан киши (oversocıalızed person)
Андыктан болочок жубайды туура тандоо өзүн-өзү, ал эми туура келин же күйөө баланы тандап алуу өз перзентине туура тарбия берүүдөн башталат. Мындай тыянакка барып жаткандыгыбыздын себеби бар.
Психологиялык изилдөөлөргө таянсак дисфункционалдык үй-бүлөдө тарбия көргөн балдар ашыкча социалдашкан киши (oversocıalızed person) болуп калыптанат.
Психологиялык жактан алып караганда, ашыкча социалдашкан кишилер – жашоосундагы негизги принцип жана баалуулуктарды аңдап-сезе албаган, сырткарыдан таңууланган сезимдерди, түшүнүктөрдү, мамиле тариздерин аналитикалык электен өткөрбөстөн эле кабыл алып, кишилигине сиңирип алган киши болуп саналат.
Эң эле жөнөкөй мисал катары ата-энесинин сөзүнөн чыга албаган балдарды/кыздарды айтса болот. Бүлө курган соң деле жубайлардын ортосундагы майда-барат маселеге чейин ата-энесине жеткирип, алардын кийлигишүүсүн камсыздап турган жаш жубайлар ар бирибиздин тегерегибизде бар болсо керек.
Көрүнүп тургандай, ашыкча социалдашкан киши өзүнүн жашоо философиясын тандап алууда, баалулуктарын белгилөөдө жетиштүү аң-сезимге ээ эмес. Өзүн калыптандырган баалуулук жана принциптерди сырттан алган, таңуулоолордон өзүн коргой албаган киши өзүн да толук тааныбайт деген мааниге келет. Өзүн жетиштүү тааныбаган киши өзү үчүн туура түгөйдү тандап алуусу да мүмкүн эмес. Кызыгы, мындай адамдар туруксуз да болушат. Анткени, жеке баалуулугун, жашоодогу максатын жеке тандай албай, башка бирөөлөрдүн таңуулоосуна тагдырын байлагандыктан, бүгүн башка нерсени туура деп эсептесе, эртең эч кандай себепсиз эле башка нерсени туура катары көрүп, оюн чукул алмаштырып кете бериши мүмкүн.
Айланабызда «Бир жакшына эле бала/кыз болчу, турмуш курган соң, аябай өзгөрүп кетти. Эч түшүнө албай койдум...» деген сөздөр, ушинттирген окуяларга кабылган кишилер бар. Демек, маселенин түпкүрү жетилген кишини тандай албай калгандыктан десек болот. Киши оңой менен, жөнү жок жерге, тез эле өзгөрүп кетпейт.
Эң башынан романтикалуу күндөрдө өз түгөйүн туура тааный албай калуусу – маселенин өзөгүн түзөт. Так ошол себептүү ашыкча социалдашкан киши бүгүн өзүн тааныгандай сезип: «Сенсиз жашай албайм, сөз берем, мени четке каксаң, өлөм», – деп жубайына араң жетип алып, бирок (жубайы жетилген киши болсо деле) убакыттын өтүшү менен аң-сезимсиз түрдө андан көңүлү кала башташы мүмкүн.
Жетилген киши (mature person)
Демек, кезекте кемелине келип, ар тараптуу өсүп-жетилген киши, анын өзгөчөлүктөрү тууралуу кеп кылуу эң туурасы болот деп ойлойм. Илимдин тилинде мындай киши – жетилген киши (mature person) деп аталат экен.
Жетилген киши – кишилик чегин жакшы белгилей алган жана аны так билген, өзүн барктай билген, жашоосунун түрдүү бөлүктөрүнүн арасында тең-салмакты сактай алган киши болуп саналат.
Жетилген кишинин эң башкы ушул 3 өзгөчөлүгүн бир аз чечмелей кетели:
1. Жетилген киши өзүн башкалардан обочолондуруп турган өзгөчөлүктөрүн так билет жана өздүк чектерин коргоодо аң-сезимдүүлүк менен кадам таштайт. Мындай кишилер үй-бүлөсү менен жакшы мамиледе болот жана өзүн мажбур сезбеген учурда да тынбай жардамдашып турат. Бирок, башкалардын аны колдонуп коюусуна, анын ордуна чечим чыгарып, ага таңуулоосуна жол бербейт. Бир сөз менен айтканда, жетилген киши өзүнүн жеке механизми аркылуу жашоосун багыттап жашайт.
2. Жетилген кишинин дагы бир өзгөчөлүгү – бул өзүн барктай билүүсү. Мындай кишилер өзүн-өзү сыйлай алат жана өзүн болгонун болгондой кылып кабыл ала алышат. Өзүнө сый-урмат көрсөтө билүүнүн жана өзүн барктай билүүнүн уруктары анын бала кезинде, үй-бүлөдө, коомдук тажрыйбаны арттырууда эгилет... Баласын болгонун болгондой кылып кабыл алган, аны колдоп-кубаттап чоңойткон үй-бүлө, анын өзүнө болгон ишениминин уруктарын топуракка көмгөн болуп эсептелет.
Мисалга, баласын дайыма коңшунун баласына салыштырган, ийгиликсиз жагын көп айткан, аны өзгөртүүгө аракеттенген ата-энелерди тааныйбыз да. Өзгөчө элет жеринде эртең менен: «Тур, күн түш болду, баланчанын балдары таң заардан талаага жөнөп кеткен, силер болсо уктап жатасыңар...», «Төлөнчөнүн кызы эртең менен эрте туруп, уй саап, нан жаап коюп, талаага кетет, кетменди көтөрүп. Түшкө чейин талаада иштеп, түштөн кийин сабагына барат. Дагы, кечинде сенден эрте келип тамак да жасаганга үлгүрөт. Сен болсо иш кылган мындай турсун, сабактарыңды да кыйратып окуй албайсың» деген кейиштүү айтылган ата-эненин сөзүн биз эле уксак керек деп ойлочумун. Эми логика боюнча мен эң начар бала болсом, калганы жакшы болушу керек эле да... Университетке келгенде башка облустардан, райондон келгендер менен сүйлөшсөм, бардыгыбыз эле «эң начары» экенбиз... Ар бир айылда Баланчанын жакшы уулу менен Түкүнчөнүн мыкты кызы бар экен...
Айтайын дегеним,бул абал «баланы болгонун болгондой кылып кабыл алуу» деген принципке каршы келет. Ар бир баланын таланты, жөндөмдүүлүгү ар кыл болгондуктан, анын артыкчылыктары менен катар кемчиликтерин да кабыл ала билүү зарыл.
Кемчиликтерин баланын жүзүнө оруунун ордуна, артыкчылыктарын өнүктүрүүгө, колдоого басым жасоо зарыл. Бала, балким, коңшунун баласы сыяктуу талаада катуу иштеп, мектептен күн сайын «беш» алып келе албашы мүмкүн. А бирок, коңшунун баласы эч бир учурда үйрөнө албай турганчалык өнөрдү – комуз чертүүнү, сүрөт тартууну, техниканы айрыкча өздөштүрүп кетиши мүмкүн, малдын көзүн билиши да ажеп эмес.
3. Жетилген кишинин өзгөчөлүктөрүнөн бири – жашоосунун биологиялык, акыл-эстик жана руханий жактарын тең-салмактуу кылып байланыш кура билүү жөндөмү болуп саналат.
Функционалдык үй-бүлөдө чоңойгон бала автоматтык түрдө бул үчөөнү тең өнүктүрүүгө аракеттенет. Булардын бири же бир канчасынын өнүкпөй калуусу – жетилген кишинин өзгөчөлүктөрүнүн биринин калыптанбай калганын айгинелейт. Дене түзүлүшүн жакшылап калыптандырган, жеген-ичкенине көңүл бурган, келиштирип кийинип жүргөнү менен айдыңдык (интеллектуалдык) деңгээли өтө төмөн, өтө жөнөкөй этикалык эрежелерден бейкапар кишилерди буга мисал кылса болот.
Же болбосо, өлкөбүздө акыркы учурларда өрнөгү көп кездешип калган, диний жашоо стилине сүңгүп кирип кеткен бурадарларды да айтсак болот. Акыл-эстик, биологиялык муктаждыктарды аксатып коюп эле диний жөрөлгөлөрдүн аркасынан түшүп алуу – тең-салмактын бузулгандыгынын белгиси болуп саналат. Жөнөкөй тил менен айтканда, физика илими менен тааныштыгы болбой туруп, метафизика жөнүндө (Кудай тууралуу кеп кылуу) астрономиядан кабары болбой туруп, аалам тууралуу кеп салуу – акыл-эстик өнүгүүгө караганда руханий жашоого басымдын көбөйүп кеткендигинен кабар берет.
Бул жердеги таң-салмактуулук максаты – баланын биология, акыл-эс жана табиятка/ааламга кызыгуу ж.б. жаатындагы ар тараптуу суроолорун ал аңдай тургандай кылып түшүндүрүп берүү аркылуу анын дүйнө таанымын калыптандыруу болуп саналат.
Бала руханий жагын өнүктүрүүдө акыл-эсине каршы же биологиялык денесине каршы келген нерселерге кабылбашы керек... Мисалга, диний тарбия алып жатып, анын табияты талап кылган «музыка угуу» деген куттуу нерседен кур калбоого тийиш. Же болбосо диний жашоосу үчүн өмүр бою үйлөнбөө/турмуш курбоо сыяктуу кишинин биологиясына каршы келген озуйпага кириптер болбоого тийиш.
Дене, акыл-эс жана руханий жактар бир бүтүндүн үч башка бөлүгү, булар бири-бири менен каршы келбөөгө тийиш экендигин аңдалышы керек.
Жыйынтыктоочу кеп
Катаны моюнга алуу – ийгиликтин жарымы демекчи, бул жерде айтылганды назарга тутуп ар ким өзүн же жоопкерчилиги мойнунда болгон кишилерди көздөн өткөрүү абзел. Болсо ката-кемчиликтин үстүндө иштөө шарт.
Бала тарбиялап жаткан ата-энелер өз урпактарын жетилген кишилердин катарына кошуу үчүн жогорудагы үч өзгөчөлүктү дайыма эске алуулары керек. Ал эми турмуш курууга мезгил келип жеткендер да жогорудагы өзгөчөлүктөрдү жакшылап эске түйсө, анда болочок жарын туура тандап алууда бир кыйла пайдасы тиет деп ишенебиз.
блогчу, Түркия.
Ред.:
Автордун көз карашы “Азаттык” үналгысынын редакциялык көз карашы катары кабыл алынбоого тийиш.