Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:19

Зoмбулук мектептен эле башталат


Лира Майрамбек кызы
Лира Майрамбек кызы

Жаш блогчу Лира Майрамбек кызы өспүрүм кезде ыдык көргөн кыздардын, үй-бүлөлүк зомбулукка дуушар болуп жаткан аялдардын тагдыры тууралуу ойлонууга чакырат.

Аялдарга зомбулук турмушка чыкканда гана башталат десеңер анда жаңылышасыңар. Зомбулук мектептен эле башталат мен билгенден.

Өспүрүм куракта классташ балдардын көкүрөгүңдү ж.б. жерлерди кармалап мазактаганы, эмчек тарткычыңды чоюп кеткени, кыйнап өөп кеткени, шылдыңдаганы зомбулук эмей эмне? Болгондо да сексуалдык зомбулук да!

Эне-атабызга коркуп айта албайт элек. Эжейлерге даттанып барсаң: «Сен өзүң көзүңдү сүздүң да, шыйпаңдадың да, эркек бала деген ошентип ойнойт, эч нерсе болбойт, болбогон нерсени апыртпагыла, ушуга эле ушунча ызаланасыңбы!» - деп кайра өзүңдү күүнөөлөйт эле.

Эркек балдардын бул кылыгы «оюн» катары кабыл алынчу. Ишенген кожобуз Билим берүү тармагы ушундай мамиле кылчы. Далай кыздар көз алдымда ээн класстарга, караңгы бурчтарга, актовый залдарга ары бери сүйрөлдү го чиркин...

Азыр деле абал өзгөрүп кеткен жок. Кызы бар аталар, кенедей кызыңарды кайдагы эле бирөөнүн баласы кол тийгизип кордоп атканын элестетсеңер, чыдап отура аласыңарбы?

Мындай окуяларды эч ким айтып чыкчу эмес, үнүбүздү эч ким укчу эмес, азыр деле айткандан уялышат. Мага окшоп ызаланып, эжейлерден түңүлгөндө агайларга даттанып барган бечараларды кайра эркек классташтар «ашатып» сөкчү, басмырлачы, жерден алып көргө урушчу.

Карагылачы кандай «оорулуу» муун өсүп жатат? Өзүң жаңыдан жетилип, олку-солку болуп, өткөөл курактан өтүп жаткан маалда классташтарыңдын мындай зомбулугуна эр эле болсоң чыдап көр, арманыңды угаар, коргоор киши жок.

Азыр өз жанын кыйган өспүрүмдөрдү укканда «эмне деген абалга туш болуп ушуга барды экен, байкуш бала эмнелерди укту экен, арман ай» деп жанымды койорго жер таппай кетем.

Мектептен эле кыздар менен эркектерге бирдей мамиле жасалчу эмес. Жөнөкөй эле мисал келтирсем, жалпы класстык тазалоодо мугалимдер кыздарды алып калып, эркектерди үйлөрүнө таратып жиберчи. Колуна бир чүпүрөк алып чаң сүргөн баланы көргөн жокмун. Жай болобу, кыш болобу, баягы эле байкуш кыздар муздак суу менен классты жууп тазалайт элек. Эркек балдар ошондо эле кыздардан «жогору» коюлчу.

Эжейлердин кыздарды "аялдар кеңешине" («женсоветке») салып басынтканы да моралдык зомбулук экен көрсө. Ошончо кыздын көзүнчө такта жанына чыгарып, абийирибизге шек келтирип, энебиз айтпаган сөздөрдү айтышар эле, «соттошор эле», ортодо шүмүрөйүп турган кебетебизден ырахат алышар эле.

Аялды аял басмырлаганын ошондо көрдүм. Ошондой кылып тарбиялабасак «бузулуп кетмексиңер» деп кээ бирөөлөр мактанып калышат. Эмне демекчимин, өздөрү да ошондой «тарбия» көргөн да, көргөн көргөнүн кылат тура.

Университетке келгенде деле жыргап кеткен жокпуз, килейген эле профессор сөрөйлөрдүн «кыздарды окутуш бекер эле, булардан илимпоз чыкпайт, эрге тийип кетет, андан көрө эркектерди колдош керек, мыкты илимпоздор эркектерден чыгат, аялдын орду үй» деп ооз көптүргөнүн, кээ бир адабиятчылардын «аялдардан жакшы акын, жазуучу чыкпайт» деп кескин бүтүм чыгарганын көрүп нес болгом.

Сузактагы кордук көргөн аялдын окуясынан кийин Татьяна Зеленская тарткан сүрөт. 13.6.2020.
Сузактагы кордук көргөн аялдын окуясынан кийин Татьяна Зеленская тарткан сүрөт. 13.6.2020.

Бул да болсо басмырлоо эмей эмне? Интеллигенттер делген илим чөйрөсүндө деле экинчи сорт экенибизди ошондо көрдүм. "Айылдан окуйм деп атайын келсем эмнеге минтишет, агартуучулар ушинтип жатса каяка барам?" деп далай капаландым.

Ал эми «дөңгөлөк чуусу» аялдарга карата зомбулуктун бир эле тамчысы, билинбеген, көрүнбөгөн ары жагы жөн эле деңиз десем болот.

Бала болуп башыма жүн чыкканы чөйрөмдө ар түрдүү кордук көргөн, тебеленген аялдарды көрүп, билип, а түгүл болуша койом деп бала туруп өзүм да жакшы эле таяк жеп чоңойдум. Мындай мисалдар өтө көп жана айыл жергесинде нормалдуу эле көрүнүш катары калыптанып калган.

Илгеркини билбейм бирок, өзгөчө 1980-90-жылдары төрөлгөн балдар, союз кулагандан кийин «аракеч коомдун», «үй бүлөлүк зомбулуктун» бейкүнөө курмандыктары катары уруш-талаштын чордонунда чоңойдук.

Биз аракеч муундун балдарыбыз деп ачык эле айтат элем. Уруш-талашсыз өткөн бактылуу, бейпил күндөр аз эле. Айылда кайсы эркек аялын сабаарын бүт айыл билер эле.

Кошуна аял таяк жеп атса, эч ким барып арачалачу эмес, «эрди катын урушат, эртең эле табышат, кокуй унчукпа» деген кайдыгерлик, түркөйлүк өкүм сүргөн аймактарда өстүк.

Күйөөсүнүн камчысынан качкан кошуна аялдарды короолорго, саманканаларга, кампаларга, тоокканаларга бала туруп далай жашырдык. Бирөөсүн кладовкага (кийим илинген, бут кийимдер коюлган кичине күркө) киргизип, бутуна узун өтүктү кийгизип үстүнө узун пальтону иле калып «чукул кырдаалдан» куткарган тапкычтыгыбыз дале эсимде.

Далай аял үйгө киралбай сыртта түнөгөнүн көрдүк. Уруш-талаш, ый-муң болбогон күндөрү бизден өткөн бактылуу балдар жок эле. Мейли ата-энебиз бир ай сүйлөшпөй күн кечирсин, мейли жымжырттыкта дудук-дүлөйлөрчө үңкүйүп отуруп тамак ичели, иши кылып бүгүн уруш-талаш болбосо экен деп тилейт элек.

Биздин ой-кыялыбыз, тилегибиз, санаабыз, кайгыбыз менен деле эсептешкен киши жок болчу. «Бала да, эртең эле унутат, биз деле ушинтип чоңойгонбуз, эч нерсе болбойт» деп баягы эле караңгылыктын камчысын чаап жатып калышчу.

Баланын көңүлү оорубачудай, бала психикалык травма албачудай, болуп аткан окуялар баланын эсинде өмүр бою калбачудай «билимсиз, жоопкерчиликсиз, чар жайыт үй-бүлөлүк» жашоо андан ары уланар эле. Дагы жакшы, бактыбызга анда-санда башыбыздан сылап, мээрим төккөн тай эне, чоң энелерибиз бар болчу. Ошо кишилер болбогондо кантмек элек билбейм.

Ал эми токмок жеген аял эртеси эч нерсе болбогондой, көгөргөн бети-башын упалап, көр оокаттын көкөйгө көк таштай тийген каамытын мойнуна артып алып, тириликтин шалдыраган арабасын тырмалаңдап сүйрөп жөнөчү.

Сүйрөбөскө арга барбы, «кетирип ийишпесин, орун-очок алып калайын» деп «кепилдик» катары удаа-удаа төрөгөн чиедей балдары эмне болот? Баарынан да ЭЛ эмне дейт? Же төркүндөн колдоо жок, балдарды алып кетип калайын десе акчасы жок, алган билими жок, жашай турган, бара турган жери жок, же «эмне болсо ошо болсун, баарын нөлдөн баштайм, жетишет, тойдум, балдарымды өзүм эле багып алам» деген рух да жок, анан кайда барсын, байкуш аял?..

Мындай шартта дароо «күнөөлүүнү» ургаачыдан издегенге, «өзү күнөөлүү» деген этикетти жабыштырганга машпыз, албетте.

Оболу «байкуш аял кантип ушундай акыбалга келди экен, эмне деген азапты көрдү экен, балалыгында кандай тарбия көрдү экен?» деп ойлонуп көрсөк дейм.

Себеби жанагы видеодогу эң аянычтуу нерсе - аялдын эч кандай реакциясыз, каяшасыз, үн-сөзсүз туруп бериши болду. Бул- эбак эле кордукка моюн сунгандыктын, көндүм адат катары кабыл алгандыктын, айла жоктуктун белгиси эмеспи?

Айыл жериндеги жумушсуздук, билимсиздиктин айынан аялдар кордолуп атат дейин десең окуган, чокуган, акча тапкан, мен-мен деген аялдардын деле токмок жегенин, анонимдүү түрдө интернеттин коомдук баракчаларга жазып, кеңеш сураганын көрүп калам. Анан дагы бул тармакта аялдардын кордук көргөн аялдарга «сабырдуу болуш керек, тилди тыйыш керек, чыдап баарын жеңиш керек, эркектин мээсин жесең ошентип сабайт» деп кеңеш бергенин көрүп, жакамды карманам. Зомбулукту биз аялдар өзүбүз нормалдаштырып аткан жокпузбу?..

Зомбулуктун бир гана денелик, сексуалдык эмес, дагы башка бир канча түрү бар. Окутпастан кыйнап эрте турмушка берүү да зомбулук, «абирийи» менен келген жок деп, базардан «товар» алгансып кетирип ийүү да зомбулук, кыз менен убагында ойноп күлүп жүрүп, боюна бүткөндө таштап кетүү да зомбулук, улам-улам кыз төрөйсүң, эркек төрөбөйсүң деген да зомбулук, кайын журттун басмырлоосу да зомбулук, жумушта эркектерге караганга аялдарга аз маяна төлөө да зомбулук, күйөөсүнүн иштетпөөсү да зомбулук, аялдын айлыгын тартып алуу да зомбулук, алыста эптеп иштеп жүргөн кызынан акча талап кылуу да зомбулук, мурас бөлүштүргөндө кыздары менен бир ооз эсептешпей, мүлктүн баарын кичүү эркекке берүү да зомбулук, айтор, айта берсек улана берет. Ал эми таяк жебесе да, көр жеме күйөөлөрүнүн моралдык зомбулугуна, сөккөнүнө, коркутканына, кемсинткенине өмүр бою чыдап жашаган аялдар сан жеткис.

13 жаштагы секелек кызды зордуктаган кылмышкерди актап ийген мамлекетте коркпой, камырабай жашап жатабыз. Мамлекет качан кыймылдап, качан катаал жазаларды чыгарат, билбейм, чоңдордун башына келгенде гана кыйкырып чыгышаар?..

Бирок кашайып, чоңдордун балдарына эч нерсе болбойт десең! Шум «тагдыр» баягы эле ырысы жок карапайым элдин балдарын кордогону кордогон!

Ушул убакка чейин үй-бүлөлүк зомбулукка каршы мыйзам долбоору каралбаптыр, демек же аткаминерлердин өздөрү зордукчу, же жакындарыушундайбы?.. «Мыйзам чыгаруучулар» башка кандай шылтоо же факт менен бул мыйзамга каршы чыгышы мүмкүн? Кээ бир мыйзамдарды талкууланбай эле дароо колдошот, эмнеге бул мыйзамды жыландай создуктуруп отурушат? Суроо көп, жооп жок.

Мамлекеттен түңүлгөн, үмүт үзгөн жарандарга айтарым, өзүңөр көргөн «тарбияны» балдарыңарга көргөзүп, «эксперимент» жасабагыла, адегенде өзүңөрдүн психикаңарды оңдогула! Маселеңер, жумушуңар кайнап жатса дагы балаңар менен ачык отуруп баарлашкыла, эмне көйгөйүң бар, эмне керек, эч ким капа кылган жокпу деп сурап тургула, көңүл бөлгүлө. Эркек болобу, кыз болобу, жоопкерчиликти бирдей үйрөткүлө.

Турмуштан запкы көргөн, ажырашкан кыздарыңарды бооруңарга кысып коргогула, себеби ошо кызды силер жараттыңар!

«Сүйгөн адам кызганат, сүйгөн адам сабайт» деген оорулуу көз караштан арылгыла, сүйүүнүн баркын кетирбегиле! Сүйүү зомбулукка барабар эмес! Зомбулуктун айынан арабыздан азайган ар бир аялзаты – өлкөнүн тарыхында кара так экенин унутпагыла!

Лира Майрамбек кызы,

Дөң-Алыш айылы Кочкор району, Нарын облусу.

Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG